YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 23

23
Жашыянын элге айткан акыркы насааттары
1Жараткан Эге ысрайыл элин айланасындагы душмандарынан арылтып, элге тынччылык бергенден бери көп жылдар өттү. Жашыянын да жашы өтүп, абдан карыды. 2Жашыя бүт ысрайылдарды – аксакалдарды, журт башчыларын, казыларды, төрөлөрдү чакырып, аларга:
– Мен картайдым, жашым да өйдөлөп калды, – деди. 3– Жараткан Эге, Кудайыңар бөтөн элдердин башына эмнелерди салганын өз көзүңөр менен көрдүңөр. Жараткан Эге, Кудайыңар силер үчүн Өзү согушту. 4Мен Иордандан тартып батыштагы Жер Ортолук деңизге чейинки жок кылынган элдердин жерлерин да, багына элек элдердин жерлерин да өкчөмө таш таштап бардык урууларыңарга энчиге бөлүп бердим. 5Жараткан Эге, Кудайыңар Өзү калган элдерди жолуңардан сүрүп чыгарат. Ал Өзү убада кылгандай, алардын да жерлерин ээлеп аласыңар. 6Ошондуктан кайраттуу болуп, Мусанын Тоорат китебинде жазылган мыйзамдардын баарын бекем сактап, так аткаргыла, алардан оңго да, солго да четтебегиле. 7Араңарда калып калган бөтөн элдер менен аралашпагыла. Алардын кудайларынын ысымдарын оозго да албагыла, аттарын оозанып ант бербегиле. Аларга кызмат кылбагыла да, табынбагыла. 8Ушул күнгө чейин Жараткан Эгеге, Кудайыңарга ишенимдүү болгонуңардай, мындан кийин да Ага ишенимдүү болгула. 9Себеби, Жараткан Эге чоң жана күчтүү элдерди көз алдыңарда кубалап салды. Ушул күнгө чейин эч бир эл каршы тура алган жок. 10Бирөөңөр эле миңди кубалайсыңар, анткени Жараткан Эге, Кудайыңар убада бергендей, Өзү силер үчүн согушат. 11Ошондуктан Жараткан Эгени, Кудайыңарды дайыма сүйгүлө. 12Эгерде силер Жараткан Эгеден жүз буруп, ушул бөтөн элдердин калдыктары менен аралашып, кыз алышып, кыз беришип, алар менен өз ара катышсаңар, 13анда билип койгула, Жараткан Эге, Кудайыңар ал элдерди араңардан кубалап чыгарбайт. Алар силерге жайылган тор, коюлган тузак болот. Алар жонуңарга камчы, көзүңөргө тикен болот. Жараткан Эге, Кудайыңар силерге берген ушул берекелүү жерде кырылып каласыңар.
14Мына, мен адам баласынын баары кетчү акыркы сапарга узаганы жатам. Жараткан Эге, Кудайыбыз силерге жакшы убадаларды берген болчу. Ошол убадалардын бири да аткарылбай калбаганын силер жүрөгүңөр, жан дүйнөңөр менен сезип, жакшы билесиңер. Алардын баары ишке ашты, бири да аткарылбай калган жок. 15Жараткан Эге, Кудайыңар силерге кылам деген жакшылыктарын кандай аткарса, Өзү берген берекелүү ушул жерде силерди жок кылмайынча, силерге эскертип айткан бардык жамандыктарды да ошондой башыңарга саларын билгиле. 16Эгерде Жараткан Эге, Кудайыңар менен түзүлгөн келишимди бузсаңар, башка кудайларды ээрчип, аларга кызмат кылып, табынып кетсеңер, анда силерге Жараткан Эгенин каары келет. Ошондо Ал силерге берген ушул берекелүү жерде тез эле кырылып каласыңар.

Currently Selected:

Жашыя 23: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in