YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 22

22
Иордандын чыгышындагы уруулардын өз жерине кайтышы
1Ошол күндөрдөн кийин Жашыя рубен, гад урууларын жана Иордандын чыгыш тарабынан жер алган менаше жарым уруусун чогултту. Аларга:
2– Силер Жараткан Эгенин кулу Мусанын бардык буйруктарын так аткардыңар, мен эмнени буйрусам, ага моюн сундуңар, – деди. 3– Көп убакыт өттү, бирок ушул күнгө чейин боордошторуңарды таштаган жоксуңар. Жараткан Эге, Кудайыңар силерге берген буйруктарды толук аткардыңар. 4Мына, Жараткан Эге, Кудайыңар Өзү убада кылгандай, боордошторуңарга тынччылык берди. Эми болсо Жараткан Эгенин кулу Муса Иордандын аркы өйүзүнөн силерге энчиге берген жериңерге, өз конушуңарга кайтып барсаңар болот. 5Бирок Жараткан Эгенин кулу Муса силерге берген буйрук менен мыйзамды так аткаргыла. Жараткан Эгени, Кудайыңарды сүйгүлө, Анын жолу менен жүргүлө, буйруктарын, Ага бекем жабышып, бүт жүрөгүңөр, жан-тениңер менен кызмат кылгыла. 6Анан Жашыя аларга батасын берип, коё берди. Алар өз конуштарына кайтып кетишти.
7Менаше жарым уруусуна жер үлүшүн Муса Иордандын чыгыш тарабындагы Башандан берген. Экинчи жарымына болсо Жашыя Иордандын батыш тарабынан, ысрайылдын уруулары менен бирге жер бөлүп берди. Жашыя аларга да батасын берип, өз конуштарына коё берип жатып, 8аларга:
– Силер конуштарыңарга толгон байлык: абдан көп мал, күмүш, алтын, жез, темир, аябай көп кийим-кече менен кайтып бара жатасыңар. Душмандан тартып алган олжоңорду боордошторуңар менен бөлүшкүлө, – деп дайындады. 9Ошентип, рубен, гад уруулары жана менаше жарым уруусу ысрайыл элинин калган уурууларын Канаан жериндеги Шилодо калтырышты да, Жараткан Эгенин Муса аркылуу берген буйругу боюнча ээлеп алган өз жери Гилатка кайтып кетишти.
Үч уруунун курмандык жай курушу
10Рубен, гад уруулары жана менаше жарым уруусуну Канаан жериндеги Иордандын батыш жээгине келгенде, абдан чоң курмандык жай курушту. 11Ошондо «Рубен, гад уруулары жана менаше жарым уруусу Канаан жериндеги Иордандын Ысрайылга таандык батыш жээгине өзүнчө курмандык жай куруп алышыптыр» деген кабар ысрайыл жамаатына жетти. 12Муну укканда, алар менен согушуу үчүн бүт ысрайыл эли Шило шаарына чогулду. 13Бирок, алгач ысрайыл жамааты Гилат жерине – рубен, гад уруулары жана менаше жарым уруусуна дин кызматчы Элазардын уулу Пинхасты жиберди. 14Аны менен Ысрайылдын он уруу башчысы жөнөдү. Алардын ар бири өз урууларынан тандалган өкүл эле. 15Алар Гилат жерине барып, рубен, гад уруулары жана менаше жарым уруусунун элине мындай дешти:
16– Жараткан Эгенин бүт жамааты мындай деп жатат: «Эмне үчүн Ысрайыл элинин Кудайына опаасыздык кылып жатасыңар? Эмне үчүн силер өзүңөргө дагы бир курмандык жай куруп, Жараткан Эгенин тилин албай, Ага каршы баш көтөрүп жатасыңар? 17– Эмне, Пеордо кылган күнөөбүз аздык кылып жатабы? Ошол күнөөнүн кесепетинен Жараткан Эгенин бүт жамаатынын башына апат түшпөдү беле?! Ошол күнөөбүздөн биз дагы эле толук тазалана элекпиз! 18Силер болсо бүгүн кайрадан Жараткан Эгеден баш тартып жатасыңар. Силер бүгүн Жараткан Эгеге каршы баш көтөрсөңөр, эртең эле Ал бүт ысрайыл журтуна каарын төгөт! 19Эгерде энчиңерге тийген жерлерди адал эмес деп эсептесеңер, анда баарыңар Жараткан Эгенин чатыры турган Канаанга көчүп келгиле, биз арабыздан силерге жер бөлүп беребиз. Бирок Жараткан Эгенин, Кудайыбыздын курмандык жайынан башка курмандык жай куруп, Жараткан Эгеге да, бизге да каршы баш көтөрбөгүлө. 20Зерактын урпагы Ахан Кудайга багышталган нерселер тууралуу буйрукту бузганда, ошонун кесепетинен бүт ысрайыл элинин башына Кудайдын каары түшпөдү беле?! Кылган күнөөсү үчүн ал жалгыз өзү өлдү беле?»
21Ошондо рубен, гад урууларынын жана менаше жарым уруусунун эли ысрайылдардын уруу башчыларына мындай деп жооп берди:
22– Жараткан Эге – кудайлардын Кудайы! Жараткан Эге – кудайлардын Кудайы! Эмне үчүн мындай кылганыбызды Ал билет, Ысрайыл да билип алсын! Эгерде опаасыздык кылып, Жараткан Эгеге каршы баш көтөрүп жаткан болсок, анда бүгүн Ал бизге ырайым кылбасын! 23Бул курмандык жайды Жараткан Эгеден баш тартып, анын үстүнө бүт өрттөлчү курмандыгын чалалы, дан тартуусун берели, тынчтык курмандыгын өрттөйлү деп, өзүбүз үчүн курган жокпуз. Эгерде ушундай ниетте курмандык жай курган болсок, анда Жараткан Эге Өзү бизди жазаласын! 24Жок! Биз аны тынчыбыз кеткенден улам, кийин силердин балдарыңар биздин балдарыбызга: «Силер Жараткан Эгеге – Ысрайылдын Кудайына таандык эмессиңер, 25рубен, гад уруулары менен биздин ортобузга Жараткан Эге Иорданды чек ара кылып белгилеген. Ошондуктан, Жараткан Эгеге силердин эч кандай тиешеңер жок» деп айтып, силердин урпактарыңар, биздин урпактарыбыздын Жараткан Эгеге ийбадат кылуусуна тоскоолдук кылышы мүмкүн. 26Ошондуктан биз: «Келгиле, курмандык жай куралы», – дедик. «Бирок ал бүт өрттөлчү курмандыгын да, башка курмандыктарды да чалуу үчүн колдонулбайт» – деп макулдаштык. 27Бул курмандык жайды биз менен силердин, бизден кийинки урпактарыбыздын ортосунда күбө болсун деп курдук. Биз да силер менен бир катарда эле Жараткан Эгенин чатырынын алдында Ага ийбадат кылып, ошол жерде бүт өрттөлчү, тынчтык жана башка курмандыктарды чалып, Кудайыбызга ийбадат кыла алабыз. Силердин балдарыңар биздин балдарыбызга «Силер Жараткан Эгенин эли эмессиңер» деп айта алышпайт. 28Эгерде биздин же келечек урпактарыбыздын ортосунда ошондой сөз чыга турган болсо, анда балдарыбыз: «Жараткан Эгенин курмандык жайына окшош бул курмандык жайды карагыла. Биздин ата-бабаларыбыз муну бүт өрттөлчү жана башка курмандыктарды чалуу үчүн эмес, силер менен биздин ортобузда күбө болуш үчүн курган» деп айтышат. 29Жараткан Эгенин, Кудайыбыздын чатырынын алдында гана Ага арнап бүт өрттөлчү курмандыгын, дан тартуусун жана башка курмандыктарды өрттөөгө болот. Жараткан Эгеге каршы баш көтөрүүдөн, Андан жүз буруп, башка курмандык жай куруудан таптакыр алыспыз.
30Дин кызматчы Пинхас, анын жанындагы уруу башчылары – ысрайыл элинин мыктылары рубен, гад урууларынын жана менаше жарым уруусунун ушул сөздөрүн угуп, ыраазы болушту. 31Дин кызматчы Элазар уулу Пинхас рубен, гад жана менашенин уулдарына:
– Бүгүн Жараткан Эге баарыбыз менен экенине көзүбүз жетти. Силер Жараткан Эгеге опаасыздык кылбай, бүтүн ысрайыл элин Анын каарынан сактап калдыңар – деди.
32Дин кызматчы Элазардын уулу Пинхас менен уруу башчылары Гилат жериндеги рубен, гад уруусунан Канаан жерине кайтып келип, алардын ушул жообун ысрайыл жамаатына айтып беришти. 33Ысрайыл калкы алардын жообун укканда, ыраазы болуп, Кудайга алкыш айтты. Алар рубен, гад уруулары жашаган жерге барып согушуп, аларды кырып салабыз деген сөзүн токтотту.
34Рубен, гад урууларынын эли: «Жараткан Эге алардын да, биздин да Кудайыбыз экендигине ушул курмандык жай күбө болсун» деп, аны Күбө деп атап алды.

Currently Selected:

Жашыя 22: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

Video for Жашыя 22