Жашыя 19
19
Ысман уруусунун энчисине тийген жерлер
1Экинчи өкчөмө таш ысман уруусуна түшүп, алар уруктары боюнча өз энчисин алды. Ысман уруусунун үлүшү иуда уруусунун энчисине берилген жерлердин ичинен тийди. 2Анын энчисине бул шаарлар берилди: Бээр-Шева, башкача айтканда, Шеба жана Молада, 3Хасар-Шувал, Бала жана Эсем, 4Элтолат, Бетул жана Хорма, 5Сыклак, Бейт-Маркабот жана Хасар-Суса, 6Бейт-Лебайот жана Шарухен. Айылдары менен он үч шаар. 7Айын, Риммон, Этер жана Ашан. Айылдары менен төрт шаар. 8Аларга кошуп түштүктөгү Баалат-Бээр, башкача айтканда, чөлдөгү Рама шаарына чейинки бардык шаарлар жана алардын айланасындагы айылдар ысман уруусунун уруктарына энчиге берилди. 9Иуда уруусунун энчиси өздөрү үчүн абдан чоң эле. Ошондуктан ысман уруусундагы уруктарга үлүш иуда уруусунун энчисинин ичинен берилди.
Забулун уруусунун энчисине тийген жерлер
10Үчүнчү өкчөмө таш забулун уруусуна түшүп, алар уруктары боюнча өз энчисин алды. Алардын энчисине тийген чектер Сарит шаарынан башталып, 11батыштагы Маралага чейин көтөрүлүп барат. Андан Дабешетке жетип, андан ары Жокнеямдын алдындагы сайда бүтөт. 12Чек ара Сариттин күн чыгыш тарабынан Кислот-Табордун чек арасына чейин барат да, андан ары Дабератка жетип, анан Жафияга көтөрүлүп кетет. 13Ал жерден күн чыгыштагы Гат-Хефер менен Эт-Казинге өтөт да, андан ары Риммонго жетет. Ал жерден Неяга бурулат. 14Анан чек ара түндүктөгү Ханнатонго бурулуп, Иптах-Эл капчыгайына барып такалат. 15Каттат, Нахалал, Шимрон, Идала жана Бейт-Лехем, баары болуп айылдары менен он эки шаар. 16Ушул шаарлар менен алардын айланасындагы кыштактар забулун уруусунун бүт уруктарынын энчисине тийди.
Ысахар уруусунун энчиси
17Төртүнчү өкчөмө таш ысахар уруусуна түшүп, алар уруктары боюнча өз энчисин алды. 18Алардын чек арасындагы шаарлар: Изрээл, Кесуллот жана Шунем, 19Хапарайым, Шион жана Анахарат, 20Раббит, Кишион жана Эбез, 21Ремет, Эн-Ганим, Эн-Хада, Бейт-Пасес. 22Алардын чек арасы Табор тоосунан башталып, Шахазума Бейт-Шемеш шаарларынан өтүп, анан Иордандан бүтөт. Баары кошулуп айылдары менен он алты шаар. 23Ушул шаарлар менен алардын айланасындагы айылдар ысахар уруусуна уруктары боюнча энчиге бөлүнүп берилди.
Ашыр уруусунун энчиси
24Бешинчи өкчөмө таш ашыр уруусуна түшүп, алар уруктары боюнча өз энчисин алды. 25Алардын чек арасындагы шаарлар: Хелкат, Хали, Бетен, Акшап, 26Аламелек, Амад жана Мишал. Чек ара батыш тараптагы Кармел тоо этектеринен Шихор-Ливнатка чейин жетет. 27Ал жерден чек ара күн чыгышты карай бурулуп, Бейт-Дагонго, анан Забулунга жетет да, анан түндүк жактагы Иптах-Эл капчыгайына барат. Андан ары Бейт-Эмек жана Нейелге чейин созулуп, түндүктөгү Кабулга жетет. 28Андан ары Эпрон, Рехоп, Хаммон жана Канага өтүп, улуу Сидонго чейин жетет. 29Ал жерден чек ара түштүккө бурулуп, Рама шаарына барат да, анан чептүү Тир шаарына келет. Андан ары чек ара Хоса шаары тарапка бурулуп, Жер Ортолук деңизден бүтөт. Ошол жерде Махалап жана Акзип шаарлары бар. 30Ошондой эле Ума, Апек жана Рехоп шаарлары айылдары менен баары болуп жыйырма эки шаар кирди. 31Ушул шаар-кыштактар ашыр уруусуна уруктары боюнча энчиге берилди.
Напталы уруусунун энчиси
32Алтынчы өкчөмө таш напталы уруусуна түшүп, алар уруктары боюнча өз энчисин алды. 33Напталы уруусунун түндүк чек арасы Хелеф шаарынан башталып, Саананнимдеги эмен дарагына чейин барат. Ал жерден Адами-Некеп, Жапнээл жана Лаккум шаарларына чейин уланып, Иордан дарыясынан бүтөт. 34Анан чек ара батышка, Азнот-Таборго бурулат да, андан ары Хукокко бет алат. Ошентип, напталы жери түштүктөн забулун, батыштан ашыр уруулары, чыгыштан Иордан дарыясы менен чектешет.
35Напталынын жериндеги чептүү шаарлар: Сидим, Зер, Хаммат, Раккат жана Киннерет, 36Адама, Рама жана Хасор, 37Кедеш, Эдрей жана Эн-Хасор, 38Ирон, Мигдал-Эл, Хорем, Бейт-Анат жана Бейт-Шемеш. Баары болуп айылдары менен он тогуз шаар. 39Ушул шаарлар менен айылдар напталы уруусуна уруктары боюнча энчиге бөлүп берилди.
Дан уруусунун энчиси
40Жетинчи өкчөмө таш дан уруусуна түшүп, алар уруктары боюнча өз энчисин алышты. 41Алардын энчи жериндеги шаарлар булар: Сора, Эштаул жана Ир-Шемеш, 42Шаалаббин, Аялон жана Итла, 43Элон, Тимна жана Экрон, 44Элтеке, Гиббетон жана Баалат, 45Жейут, Беней-Берак жана Гат-Риммон, 46Мей-Жаркон, Раккон жана Жапанын алдындагы жерлер. Мына ушул шаарлар менен кыштактар дан уруусунун энчисине тийди. 47Бирок дан уруусу өзүнө тийген энчисине ээ боло албай калды. Ошондо алар түндүк тарапка барышты. Лаиш шаарына чабуул коюп, элин кылыч мизине алып кырып салышты. Дан уруусу шаарды ээлеп, өздөрү жашап калышты. Алар Лаиш шаарын түпкү атасынын урматына Дан шаары деп атап алышты. 48Ушул шаарлар менен айылдар дан уруусуна уруктары боюнча энчиге берилди.
Нундун уулу Жашыянын үлүшү
49Бардык жерлер бөлүнүп, чек аралар такталып бүткөндөн кийин, ысрайыл эли Нундун уулу Жашыяга да өз жеринен энчи бөлүп берди. 50Жараткан Эгенин буйругу боюнча алар ага өзү сураган Эпрайым тоолорундагы Тимнат-Серах шаарын беришти. Жашыя ал шаарды кайра куруп, ошол жерде жашап калды. 51Мына ушул жерлердин баарын дин кызматчы Элазар, Нундун уулу Жашыя жана уруу башчылары Шило шаарындагы жолугушуу чатырынын кире беришинде, Жараткан Эгенин алдында өкчөмө таш таштап, Ысрайыл урууларына энчилерге бөлүштүрүп беришти. Ошентип, жерлерди бөлүштүрүү да аягына чыкты.
Currently Selected:
Жашыя 19: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018