Жашыя 18
18
Калган уруулардын энчиси
1Ысрайыл эли ал жерлерди толук басып алгандан кийин, Шило шаарына чогулуп келип, жолугушуу чатырын тикти. 2Ошого карабай ысрайыл элинин ичинен өз энчисин ала элек жети уруу бар эле. 3Ошондуктан Жашыя ысрайыл элине:
– Жараткан Эге, ата-бабаңардын Кудайы силерге берген жерге ээ боло албай, качанга чейин шалаакылык кылып жүрө бересиңер? – деди. 4– Ар бир уруудан үчтөн кишини тандагыла. Мен аларды бүт өлкөнү кыдырып келүүгө жөнөтөм. Алар жерди энчилерге кантип бөлүштүрүү керектигин байкап, сүрөттөп чийип, кайра мага келишет. 5Түштүктөгү иуда уруусунун жеринен жана түндүктөгү Жусуп урпактарынын жеринен сырткары калган бүт жерди жетиге бөлүшсүн. 6Силер жети бөлүккө бөлгөн жердин чиймесин бул жерге, мага алып келгиле. Мен болсо ушул жерде, Жараткан Эгенин, Кудайыбыздын алдында силер үчүн өкчөмө таш таштайм. 7Ал эми лебилер үчүн силердин араңардан энчиге жер берилбейт, анткени Жараткан Эгеге дин кызматчы болуу – аларга тийген энчи. Гад, рубен уруулары жана менаше жарым уруусу Жараткан Эгенин кулу Муса бөлүштүргөн өз энчилерин Иордандын чыгыш тарабынан буга чейин эле алышкан.
8Тандалган адамдар жердин чиймесин чийип келүү үчүн ал жерден жөнөп кетерде, Жашыя аларга:
– Барып, ал жерди кыдырып, чиймесин чийип келгиле, – деп буйрук кылды. – Силер кайтып келгенде, мен, Шилодо, Жараткан Эгенин алдында силер үчүн өкчөмө таш таштайм.
9Ошентип, алар жөнөп, жерди кыдырып чыгышты. Бүт жерди сүрөттөп чийип, шаарларын тизмеге алып, калган жерди жети бөлүккө бөлүштү. Анан Шило шаарында жайгашкан конуштагы Жашыяга кайтып келишти. 10Ошондо Жашыя Шилодо, Жараткан Эгенин алдында өкчөмө таш таштап, ысрайыл элине уруулары боюнча жерди энчилерге бөлүштүрүп берди.
Бенжамин уруусунун энчисине тийген жерлер
11Биринчи өкчөмө таш бенжамин уруусуна түшүп, аларга уруктары боюнча жер Иуда жана Жусуп урпактарынын арасынан тийди. 12Бенжаминдин түндүк чек арасы Иордандан башталат. Анан Иерихон кырынын түндүк жак капталынан өтүп барып, батышты карай тоо таяп көтөрүлүп, анан Бейт-Абендин жанындагы чөлгө чейин барат. 13Ал жерден чек ара Лузга, башкача айтканда, Бейтел шаарына бурулуп, Луздун чыгышындагы кырларды жандап өтөт. Андан ары Аторат-Адар шаарына жетип, ал жерден төмөнкү Бейт-Хорон шаарынын түштүгүндөгү тоого чейин барат. 14Анан чек ара Бейт-Хорондун алдындагы тоонун батыш тарабынан айланып, түштүккө өтөт. Андан ары жүрүп олтуруп, иуда уруусунун шаары болгон Кирият-Баалдан, башкача айтканда, Кирият-Жеяримден бүтөт. Бул – чек аранын батыш тарабы. 15Түштүк чек ара Кирият-Жеяримдин четинен башталып, батышты көздөй Нептоах булактарына чейин барат. 16Анан чек ара Рафа өрөөнүнүн түндүгүндөгү Бен-Хинном өрөөнүнүн каршысындагы тоо этектерине түшөт. Анан Бен-Хинном өрөөнүн жандап өтүп, жебустар жашаган тоонун түштүк тарабына жетип, ал жерден Эн-Рогел тарапка чейин төмөндөйт. 17Анан түндүккө бурулуп, Эн-Шемешке кетет. Андан ары Адумим дөңсөөсүнүн маңдайындагы Гелилотко жетет да, андан ары «Боондун ташы» деп аталган жерге чейин түшүп барат. Боон Рубендин уулу болгон. 18Ал жерден Иордан өрөөнүн жанындагы тоолордун түндүк капталдары аркылуу өтүп, Иордан сайына түшүп барат. 19Ал жерден чек ара Бейт-Кагла тоо беттери аркылуу түндүккө өтүп, Өлүк деңиздин түндүк четиндеги, Иордандын куйган жеринен бүтөт. Бул – түштүк чек ара.
20Чыгыш чек арасы Иордан дарыясынын өзү болуп саналат. Бенжамин уруусуна уруктары боюнча энчиге бөлүнгөн төрт тараптагы чек аралары ушулар.
21Бенжамин уруусуна уруктары боюнча бул шаарлар берилди: Иерихон, Бейт-Кагла жана Эмек-Кетсис, 22Бейт-Араба, Семерайым жана Бейтел, 23Абым, Пара жана Опра, 24Кепар-Аамонай, Айопни жана Геба. Айылдары менен он эки шаар. 25Гибон, Рама жана Бээрот, 26Миспе, Кепира жана Мотса, 27Рекем, Ирпээл жана Тарала, 28Сейла, Хаэлеп жана Жебус, башкача айтканда, Иерусалим, Гиба жана Кериот. Айылдары менен он төрт шаар. Бенжамин уулдарына уруктары боюнча ушул шаарлар энчиге тийди.
Currently Selected:
Жашыя 18: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: