Жашыя 14
14
Иордандын батыш тарабындагы жерлерди бөлүштүрүү
1Иордандын батыш тарабындагы Канаан жерлерин да дин кызматчы Элазар менен Нундун уулу Жашыя башында турган ысрайыл элинин урууларынын урук башчылары энчиге бөлдү. 2Жараткан Эге Муса аркылуу буйрук кылгандай, тогуз урууга жана бир уруунун жарымына энчилери өкчөмө таш ташталып, бөлүштүрүлдү. 3-4Эки урууга жана бир уруунун жарымына болсо Муса Иордандын аркы чыгыш өйүзүнөн энчи берген болчу. Жусуптун эки уулунан менаше жана эпрайым уруулары келип чыккан. Лебилерге болсо алардын арасынан энчи берилген жок. Аларга болгону жашаганга шаарларды, төрт түлүк малы үчүн анын тегерегиндеги жайыттарды берди. 5Ошентип, Жараткан Эге Мусага буйругандай кылып, ысрайыл эли жерди бөлүп алды.
Калептин үлүшү
6Бир күнү иуда уулдары Гилгал конушундагы Жашыяга келишти. Кеназ уругунан чыккан Жепундун уулу Калеп Жашыяга:
– Кадеш-Барниядан Жараткан Эге Кудайдын кишиси Мусага сен экөөбүз жөнүндө эмне деп айтканын билесиң, – деди. 7– Жараткан Эгенин кулу Муса мени жер чалып келүүгө Кадеш-Барниядан жөнөткөндө, кырк жашта элем. Кайтып келгенимде, көргөндөрүмдү болгонун болгондой элге айтып бергем. 8Бирок мени менен чалгынга барып келген бурадарларымдын сөздөрү элдин жүрөгүнүн үшүн алып койгон. Мен болсо Жараткан Эгеге, Кудайыма өзүмдү толук арнадым. 9Ошол күнү Муса: «Сен Жараткан Эгеге, Кудайыңа өзүңдү толук арнаганың үчүн, бутуң баскан жердин баары түбөлүккө сенин жана урпактарыңдын энчиси болот» деп ант берген. 10– Мына, өзүң көрүп тургандай, Жараткан Эге Мусага ушундай деп айтканына кырк беш жыл болду. Ал убакта Ысрайыл чөл кезип жүргөн эле. Жараткан Эге Өзү убада кылгандай, ошондон бери жанымды сактап келе жатат. Мына, азыр сексен беш жаштамын. 11Бирок мен бүгүн деле Муса жөнөткөн убактагыдай эле бакубатмын. Ошол убакта кандай алдуу-күчтүү болсом, азыр да согушууга, башка иштерге да каруум жетет! 12Ошондуктан ошол күнү Жараткан Эге айткан тиги тоолуу жерди мага бер. Ал жерде Анактын урпактары жашарын, алардын шаарлары чоң, чептүү экенин ошол күнү сен да уккансың. Балким, Жараткан Эге мени колдоп, Өзү убада кылгандай аларды кубалап чыгармын. 13Ошондо Жашыя Жепундун уулу Калепке батасын берип, ага Хевронду энчиге берди. 14Ошентип, Хеврон шаары ушул күнгө чейин кеназ уругунан чыккан Жепундун уулу Калептин энчиси болуп калды. Анткени ал Жараткан Эгеге, Ысрайылдын Кудайына өзүн толук арнады. 15Хеврон мурда Анактын урпактарынан чыккан Арба деген атактуу кишинин атынан Кирият-Арба деп аталчу. Ошондон кийин согуш бүтүп, ал жерге тынчтык орноду.
Currently Selected:
Жашыя 14: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: