YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 6

6
Ысрайыл элинин мидияндардын кол астында калышы
1Ысрайылдар Жараткан Эгеге жакпаган жийиркеничтүү иштерди кайрадан кыла башташты. Ошондо Жараткан Эге аларды жети жылга мидияндардын колуна салып берди. 2Мидияндар ысрайыл элин ырайымсыздык менен эзгендиктен, ысрайылдар мидияндардан качып, тоолордо баш паана жерлерди, үңкүрлөрдү жасап, анан да таш коргондорду куруп алышты. 3Ысрайылдар эгин айдаган сайын мидияндар, амаликтер жана чыгыш элдери бастырып келчү болушту. 4Алар конуш куруп алышып, Газа шаарына чейинки жерлердеги бардык түшүмдөрдү жок кыла башташты. Ысрайылдарга жан сакташ үчүн керектүү болгон кой да, өгүз да, эшек да калтырбай калышты. 5Алар малын айдап келишип, ал жерге чатырларын тигип, конуш куруп алмай болушту. Баскынчылардын өздөрү да, төөлөрү да эсепсиз көп эле, алар чегирткедей каптап келип бүт жерди тыптыйпыл кылчу болушту. 6Ысрайылдар мидияндардан катуу запкы көргөндүктөн, жардам сурап Жараткан Эгеге зар какшап жалына башташты.
7Мидияндардын көрсөткөн кордугунан улам ысрайыл элинин жалынган үнү Жараткан Эгеге жеткенде, 8Жараткан Эге ысрайыл элине пайгамбар жиберип, ал мындай деди:
– Жараткан Эге, Ысрайылдын Кудайы мындай дейт: «Мен силерди Мисирден алып чыккам, кулчулуктан бошотком. 9Мисирликтердин колунан куткарып, силерди кысымга алган элдердин баарынан азат кылдым. Аларды силердин көзүңөрчө кубалап чыгып, жерлерин силерге тартып бердим. 10Силерге: „Мен Жараткан Эге – силердин Кудайыңармын! Өзүңөр жеринде жашап жаткан аморлордун кудайларынан коркуп, аларга табынбагыла“ деп эскерткем. Бирок айткандарыма кулак салбай койдуңар».
Гидон бий
11Ошол күндөрү Жараткан Эгенин периштеси Опра шаарында жашоочу Абиезер уругунан болгон Жааштын менчик жериндеги эмендин түбүнө келип отурду. Так ошол убакта Жааштын уулу Гидон мидияндар көрбөсүн деп жүзүм сыкчу чуңкурга түшүп алып, буудай жанчып жаткан. 12Жараткан Эгенин периштеси ага көрүнүп:
– Жараткан Эге сени колдосун, баатыр! – деди.
13– Ээ, мырзам! Жараткан Эге бизди колдоп жаткан болсо, анда эмне үчүн ушул балээлердин баары башыбызга түштү? Ата-бабаларыбыз: «Жараткан Эге бизди Мисирден алып чыккан» деп айтып келишкен. Анын ошол кереметтери кана? Ал азыр бизди таштап, мидияндардын колуна салып берди го! – деди Гидон.
14Жараткан Эге Гидонго карап:
– Ушул кайратың менен жөнө да, элиңди мидияндардын колунан куткар! Сени Мен жиберип жатам, – деп айтты. 15Бирок Гидон:
– Мырзам! Мен Ысрайылды кантип куткарам? – деп жооп берди. – Менин уругум менаше уруусунун эң алсызы болсо, өзүм да үйдүн эң кичүүсүмүн!
16Жараткан Эге ага:
– Сени Өзүм колдойм, сен мидияндардын баарын бир кишини жеңгендей жеңесиң, – деди.
17– Эгерде Сен мага ырайым кылып жаткан болсоң, Сен мени менен сүйлөшүп жаткандыгың чын болсо, ошону ырастаган жышаан көрсөт. 18Мен азыр барып, сага арнап тартуумду алып келгенче, ушул жерден кетпей турсаң экен, – деп өтүндү Гидон.
– Макул, сен барып келгенче, ушул жерде болом, – деди Ал.
19Гидон барып, улак союп, этин казанга асып коюп, бир чара ундан каламаларды бышыра салды. Бышкан этти себетке салды да, сорпосун карапага куюп, эмендин түбүндөгү периштеге алып келип, алдына койду. 20Кудайдын периштеси ага:
– Эт менен каламаларды бул таштын үстүнө кой, сорпону болсо алардын үстүнө куй, – деп буйруду. Гидон айтылгандай кылды.
21Жараткан Эгенин периштеси колундагы таягынын учун эт менен каламаларга тийгизери менен таштан дүрт этип өрт чыгып, эт менен каламаларды жалын жалмап кетти. Жараткан Эгенин периштеси ошол замат көздөн кайым болду.
22Ошондо Гидон тиги киши Жараткан Эгенин периштеси экенин түшүнүп:
– Коку-уй, шорум куруду! Мен Жараткан Эгенин периштесинин жүзүн көрдүм! – деп коркуп кетти.
23– Үрөйүң учпасын! Коркпо, сен өлбөйсүң! – деди Жараткан Эге. 24Ошол жерде Гидон Жараткан Эгеге арнап курмандык жай тургузуп, аны Жараткан Эге-Шалом деп атады. Ал курмандык жай Абиезер насилине тийиштүү Опра деген жерде ушул күнгө чейин турат.
25Ошол түнү Жараткан Эге Гидонго мындай деди:
– Атаңдын бадасындагы бордолгон жети жашар букасын жетелеп кел. Анан атаңдын Баалга арнап курдурган курмандык жайын талкалап сал. Анын жанындагы Аштероттун мамысын да чаап, кулатып ташта.
26Анан бул дөбөнүн үстүнө өз Жараткан Эгеге, Кудайыңа арнап эреже боюнча курмандык жай кур. Бордолгон буканы бүт өрттөлчү курмандыкка чал. Аштероттун мамысын болсо отун кылып колдон.
27Гидон он кызматчысын ээрчитип келип, Жараткан Эге айткандын баарын кылды. Бирок аталаш туугандарынан жана шаар тургундарынан корккондуктан, бул ишти күндүзү эмес, түн ичинде жасады.
28Таң эрте шаар тургундары Баалдын курмандык жайынын талкаланып калганын көрүштү. Жанындагы Аштероттун мамысы да кулап калыптыр. Анан дагы, кимдир бирөө жаңы курмандык жай куруп, бордолгон буканы бүт өрттөлчү курмандыкка чалган экен. 29Эл бири-биринен «Муну ким кылды?» деп сураштыра баштады. Сураштырып олтуруп, бул ишти Жааштын Гидон деген уулу кылганын билди. 30Ошондо шаар тургундары:
– Уулуңду бери алып чык! – деп Жаашка кыйкырышты. – Уулуң Баалдын курмандык жайын талкалап, анын жанында турган Аштероттун мамысын да чаап, кулатып салыптыр. Бул кылганы үчүн ал өлүшү керек!
31– Баалга болуша турган силерсиңерби?! – деди Жааш ызырынып келген элге. – Баалды коргогону келдиңерби?! Ким аны жактаса, кийинки таңга чыкпай калат! Эгерде ал кудай болсо, анда курмандык жайын талкалаган адамдан өзү өч алсын! 32Баалдын курмандык жайын талкалап салганы үчүн, эл ошол күндөн баштап Гидонду Жеруп-Баал деп атай баштады. Бул: «Баал өзү өч алсын» дегени эле.
33Ушул арада мидияндар, амаликтер жана чыгыш уруулары чогуу Иордан дарыясынан өтүп келишип, Изрээл өрөөнүнө ордо курушту. 34Ошондо Жараткан Эгенин Руху Гидонду каптады. Ал сурнай тартканда, Абиезер уругу чогулуп келип, аны ээрчиди. 35Ал бүт менаше уруусуна чабармандарын жиберип, аларды да жанына чогултту. Ашыр, забулун, напталы урууларына да чабармандарын чаптырды эле, алар да келип ага кошулушту. 36Ошондо Гидон Кудайга:
– Кудайым, Ысрайылды менин колум менен куткарам деген убадаң чын болсо, 37мынакей, мен кыркылган жүндү кырманга жайып жатам. Эгерде таң эртең шүүдүрүм жүндүн үстүнө гана түшүп, жер купкургак болсо, Өзүң айткандай менин колум менен Ысрайылды куткарам деген убадаңа чындап ишенем. 38Так ошондой болду. Таң эрте туруп, Гидон жүндү сыкты эле, бир кесе толо суу чыкты. 39Ошондо Гидон кайрадан:
– Кудайым, мага каардана көрбө. Жүн менен кылган сыноону дагы бир жолу кайталайын. Бул жолкусунда жүндүн үстү кургак калып, жердин үстүн болсо шүүдүрүм каптап калсын, – деди. 40Ошол түнү Кудай так ушундай кылды. Жүндүн үстү кургак калып, жер бетин шүүдүрүм каптап калыптыр.

Currently Selected:

Бийлер 6: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in