Бийлер 20
20
Бүт Ысрайылдын бенжамин менен согушу
1Ошондо түндүктөгү Дандан баштап, түштүктөгү Бээр-Шевага жана Гилатка чейинки жерлердеги ысрайылдардын бүт жамааты бир кишидей болуп, Жараткан Эгенин алдына, Миспага чогулду. 2Кудай элинин жыйынына Ысрайылдын бардык урууларынын төбөлдөрү жана колуна кылыч кармаган 400 000 жөө аскер келди.
3Бенжаминдер ысрайылдардын Миспага чогулганын угушту.
Ысрайылдар болсо:
– Бул жаман иш кандайча болду? – деп сурашты. 4Киши колдуу болгон аялдын күйөөсү, леби мындай деди:
– Мен токолум менен бенжамин жериндеги Гибага түнөп калалы деп токтодум эле. 5Жети түндө Гибанын тургундары келишип, мени өлтүрөбүз деп биз токтогон үйдү курчап алышты. Алар токолумду зордукташты, ошондон ал каза болуп калды. 6Мен өлгөн токолумду алып келип, Ысрайылда жасалган жийиркеничтүү, ыпылас ишти баары билсин үчүн, аны мүчөлөп бөлүп, Ысрайыл энчиге алган бардык аймактарга таратып жибердим. 7Оо, Ысрайыл журту! Мына ушул ишти өзүңөр карап чыгып, чечимиңерди айткыла! 8Муну укканда бүт эл бир адамдай козголуп:
– Эч кимибиз үйлөрүбүзгө кайтып кетпейбиз, бирибиз да артка барбайбыз! – деп айтты. 9– Биз эми Гиба менен салгылашуу үчүн мындай кылалы: өкчөмө таш таштап, 10Ысрайылдын урууларынан 100 кишиден онду, 1 000 кишиден жүздү, түмөндөн миңди тандайлы. Алар бенжаминдин Гиба элин Ысрайылда жасаган ыпылас иши үчүн жазалоого бара турган элге азык-түлүк алып келип турушсун.
11Бүткүл ысрайылдар түп көтөрүлө Гибага каршы чогулушту. 12Алар бенжамин уруусунун бүт жерине чабармандарды жиберип: «Оо, журт! Неге араңарда мындай жийиркеничтүү иш жасалды?» деп айттырды. 13«Гибадагы ошол бузулган адамдарды бизге кармап бергиле. Биз аларды өлтүрүп, Ысрайылдагы жамандыкты түп-тамыры менен жок кылабыз».
Бирок бенжамин уруусу бир тууганы Ысрайыл уруусунун сөздөрүн уккусу келген жок. 14Тескерисинче, бенжамин эли ысрайыл эли менен согушуу үчүн өз шаарларынан Гибага чогулду. 15Ошол күнү бенжамин шаарларынан колуна кылыч кармаган 26 000 жоокер, Гиба тургундарынын болсо 700 тандалган аскер жыйналды. 16Бүткүл кошуундун арасындагы тандалган 700 аскер салмоор менен кылды да үзө таамай ата алган сологой жигиттер эле. 17Ысрайылдар болсо, бенжамин уруусунан башка, кылычын жалаңдаткан 400 000 жоокер чогултту. Алардын баары тажрыйбалуу жоокерлер эле.
18Ысрайылдар ал жерден жылып, Бейтелге барышты да: «Бенжаминдер менен салгылашууга бизди ким баштап барат?» деп Кудайдан сурашты. Жараткан Эге аларга: «Иуда уруусу баштап барат» деп жооп берди.
19Кийинки күнү таң заарда Ысрайыл кошууну ордунан козголуп, Гибага жакын жерге ордо курду. 20Анан ысрайылдар бенжаминдер менен салгылашуу үчүн Гибанын каршысына тизилишти. 21Муну көргөн бенжамин аскерлери Гибадан чыгып, ошол күнү салгылашта ысрайылдардын 22 000 жоокерин өлтүрүштү.
22Бирок эртеси Ысрайыл кошууну кайраттанып, кечеки жерге кайрадан аскерий сап тартып тизилди. 23Анткени ысрайылдар мурунку күнү Бейтелге кайра барып, Жараткан Эгенин алдында кечке чейин ыйлап: «Бир тууганыбыз бенжамин эли менен салгылашууга кайрадан баралыбы?» деп Жараткан Эгеден сурашкан болчу. Жараткан Эге: «Аларга каршы кайрадан баргыла» деп жооп берген эле. 24Ошондуктан Ысрайыл аскерлери кийинки күнү кайрадан бенжамин кошууну менен согушту. 25Бенжамин аскерлери ошол күнү да Гибадан чыгып келип, кылычын жалаңдаткан дагы 18 000 Ысрайыл жоокерин өлтүрүштү.
26Ошондо Ысрайылдын элдик кошууну кайрадан Бейтелге келип, Жараткан Эгенин алдында ый-өкүрүк салып, кечке чейин орозо кармап, бүт өрттөлчү жана тынчтык курмандыктарын чалды. 27-28Ал убакытта Кудайдын келишим сандыгы Бейтелде болчу. Арундун небереси, Элазардын уулу Пинхас анын алдында диний кызмат кылчу. Ысрайылдар Жараткан Эгеден:
– Бир тууганыбыз бенжаминдер менен салгылашууга эртең кайрадан баралыбы же жокпу? – деп сурашты.
Жараткан Эге аларга:
– Баргыла, эртең аларды колуңарга салып берем! – деп жооп берди.
29Ошентип, ысрайылдар Гибанын айланасына буктурма коюшту. 30Үчүнчү күнү ысрайыл кошууну бенжамин аскерлери менен согушууга кайрадан майданга чыгып, Гибанын маңдайына катар-катар тизилди. 31Бенжаминдер ысрайылдарга алданып шаардан чыгышты. Алар шаардан итабар алыстап, Гибадан Бейтелге кеткен жолго чейин жетишти. Алар мурдагыдай эле ысрайылдарды кубалап, отуз чакты Ысрайыл жоокерин өлтүрүштү. 32Бенжаминдер:
– Биз аларды мурдагыдай эле жеңип жатабыз! – деп ойлошту. Чындыгында Ысрайыл жоокерлери өз-ара: «Чегинимиш болуп, аларды калаадан жолго чыгаралы» деп макулдашып алган болчу. 33Ысрайылдардын негизги бөлүгү согуш талаасынан Баал-Тамар шаарына чегинип, ошол жерге катарга тизилишти. Ушул убакта буктурмадагы Ысрайыл аскерлери чыга калып, Гибага ээн талаа тараптан кол салды. 34Ысрайыл кошуунунан тандалган 10 000 аскер Гибага чабуул коюп, кандуу салгылаш башталды. Бенжамин аскерлери башына мындай каран түн түшөрүн күтүшкөн эмес. 35Жараткан Эге бенжамин аскерлерин Ысрайыл аскерлеринин алдында талкалады. Ысрайылдар ошол күнү бенжаминдердин кылычын жалаңдаткан 25 100 кишисин өлтүрдү.
Салгылаштын кыскача баяны
36Бенжаминдер аларды талкаладык деп ойлошту. Ысрайыл аскерлери бенжамин аскерлеринен артка чегинип жатышты. Анткени ысрайыл аскерлери Гибага жакын жерге коюлган буктурмага таянышкан болчу. 37Ушул убактан пайдаланып, буктурмадагылар дароо Гибага чабуул коюшту. Алар калаага кирип барып, бүт элди кылычтап салышты. 38Анткени шарттуу белги беребиз деп ысрайылдар буктурмадагылар менен сүйлөшүп алышкан болчу. Шаардан түтүн көтөрүлгөндө, алар кол салышмак. 39Ошентип, Ысрайыл кошууну артка чегинди. Бенжамин уруусунун аскерлери отуздай жоокерди өлтүрүп: «Ысрайылдар мурдагы салгылаштагыдай эле талкаланып жатышат» деп ойлошту. 40Бирок так ошол убакта калаа үстүнөн коюу көк түтүн асманга көтөрүлө баштады! Бенжамин уулдары артка бурулуп караса, шаардан коюу түтүн көккө көтөрүлүп жатыптыр! 41Ысрайыл уулдары дароо артка бурулду. Бенжаминдер болсо башына апат түшкөнүн көрүп, катуу коркуп кетишти.
42Ошондо алар артка чегинип, чөлдү көздөй качышты. Бирок бенжаминдер кыргындан качып кутула алышкан жок. Башка шаарлардан чыккан ысрайылдар да аларды кыра башташты. 43Ысрайылдар бенжаминдерди курчоого алып, Гибанын күн чыгышындагы чөлкөмдөргө чейин токтобой сая кубалап, аларга кыргын салышты. 44Ошол күнү бенжамин уулдарынан 18 000 киши курман болду. Алардын баары эр жүрөк жоокерлер болчу. 45Аман калгандары болсо бурулуп, ээн чөлдөгү Риммон аскасын карай качып жөнөштү. Ысрайыл аскерлери алардан 5 000 жоокерди чоң жолдо кырып салышты. Андан калгандарын Гидомго чейин кубалап, дагы 2 000 жоокерди өлтүрүштү. 46Ошол күнү бенжамин уруусунан кылычын жалаңдаткан 25 000 киши курман болду. Алардын баары көкжал баатырлар болчу. 47Бирок 600 жоокер чөлдөгү Риммон зоокасына качып жетишти. Алар ошол жерде төрт ай баш калкалап жашап калышты. 48Бул убакта ысрайыл кошууну бенжамин жерине кайтып барып, калган элди малынан бери, бардык тирүү жанды кылычтап кырып салды. Жолундагы шаарлардын баарын өрттөп жиберди.
Currently Selected:
Бийлер 20: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: