Бийлер 2
2
Периштенин кабары жана тобо кылуу
1Жараткан Эгенин периштеси Гилгалдан Бохимге келип, мындай деп жарыялады:
– Мен силерди Мисирден алып чыктым. Беремин деп ата-бабаларыңарга убада кылган жерге алып кирдим. Мен: «Силер менен түзгөн келишимимди эч качан бузбайм. 2Силер болсо жергиликтүү элдер менен келишим түзбөгүлө, алардын курмандык жайларын талкалагыла» деп айткам. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койдуңар. Эмне үчүн мындай кылдыңар? 3Ошондуктан силерге айтарым бул: эми аларды араңардан кууп чыгарбайм. Ал элдер силердин жонуңарды тилген камчы, алардын кудайлары силерге салынган тузак болот.
4Жараткан Эгенин периштеси ушул сөздөрдү Ысрайыл уулдарына айтканда, бүт эл жер жаңырта өкүрүк салып ыйлап жиберди. 5Ошондуктан ал жер Өкүрүк деп аталып калды. Ошол жерде эл Жараткан Эгеге курмандык чалды.
Эски замандын бүтүшү
6Жашыя элди коё бергенде, ар ким өз уруусуна энчиге тийген жерди ээлегени жөнөдү. 7Алар Жашыянын тушунда да, Жараткан Эгенин ысрайыл эли үчүн кылган бардык улуу иштерин көрүп, Жашыядан кийин дүйнө салган аксакалдардын көзү тирүүсүндө да Жараткан Эгеге кызмат кылышты. 8Жараткан Эгенин кулу Нундун уулу Жашыя 110 жашка чыгып көз жумду. 9Эл анын сөөгүн Гааш тоосунун түндүк тарабында созулуп жаткан Эпрайым тоолорундагы өз энчисине тийген Тимнат-Хересте жерге берди. 10Ошол улуу муун да толугу менен дүйнөдөн өтүп, ата-бабалары жаткан жайга кетти. Алардын ордуна Жараткан Эгени тааныбаган, Анын ысрайыл эли үчүн кылган улуу иштерин да билбеген жаңы муун келди.
Ысрайылдардын Кудайдан четтеши
11Ысрайыл эли Жараткан Эгени каратып туруп жаман иштерди кылып, Баал кудайларга кызмат кыла баштады. 12Алар Ысрайыл элин Мисир жеринен алып чыккан Жараткан Эгеден, ата-бабаларынын Кудайынан терс бурулуп, өздөрүнүн айланасында жашаган элдердин кудайларын ээрчип, аларга табынып кетишти. Бул нерсе Жараткан Эгенин каарын келтирди. 13Эл Жараткан Эгесин унутуп, Баал, Аштерот буркандарына кызмат кыла баштады.
14Ошондо Жараткан Эгенин каары кайнап, Ысрайыл элин душмандарынын колуна салып берди. Аларды баскынчылар талап-тоноп кетип жатышты. Жараткан Эге аларды айланасындагы душмандарга багынтып бергендиктен, жоонун мизин кайтарууга элдин күчү жетпей калды. 15Жараткан Эге алдын ала эскертип, ант берип айткандай, алар ким менен согушпасын, Жараткан Эге ысрайылдарга каршы чыгып, башына улам кырсык салып жатты. Ошондуктан эл оор абалда калды.
16Ошентсе да Жараткан Эге эл ичинен бийлерди чыгарып турду. Ошол бийлер элди баскынчылардан куткарып жатты. 17Бирок эл бийлерди да укпай, башка кудайларга табынып, ушинтип зына кылып жатты. Байыркы бабаларындай болуп Жараткан Эгенин буйруктарына баш ийгендин ордуна, аталары жүргөн жолдон тез эле чыгып кетти. 18Жараткан Эге аларга бийлерди берген мезгилдерде, Ал Өзү ошол бийди колдоп, анын убагында элди душмандарынан куткарып турду. Анткени душман аларды эзип, кысымга алганда, Жараткан Эге алардын онтогон үнүн угуп, кайра эле аяп жатты. 19Бирок бийдин көзү өтөрү менен, алар аталарынан да аша чаап жийиркеничтүү иштерди жасап, башка кудайларга бурулуп, артынан ээрчип, аларга кызмат кылып, табынып жатышты. Кылган жаман иштеринен баш тартпай, тоңмоюн бойдон калып жатышты.
20Ошондуктан Жараткан Эгенин ысрайыл элине каары тутанып:
– Бул эл ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузуп, айткандарыма кулак салбай койду! – деди. 21– Ошон үчүн Мен да эми, Жашыя каза болгондон кийин калып калган бөтөн элдердин бирин да алардын арасынан кубалап чыгарбайм. 22Эми ошол элдерди колдонуп, ысрайыл эли байыркы бабалары сыяктуу Жараткан Эгенин жолу менен жүрөр-жүрбөсүн сынайм.
23Ошондуктан Жараткан Эге ал элдерди дароо кууп чыкпай калтырып, Жашыянын колуна салып берген жок.
Currently Selected:
Бийлер 2: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: