YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 17

17
Мукайдын буркандары
1Эпрайым тоолорунда Мукай деген киши жашачу. 2Бир күнү ал энесине мындай деди:
– Эне, сиз 1 100 шекел күмүшүңүздү жоготуп койбодуңуз беле, ошол эсиңиздеби? Ошондо менин көз алдымда ууруну каргагансыз. Ошол күмүштөр менде, мен катып алган болчумун. Муну укканда энеси:
– Уулум, Жараткан Эге сени жалгасын! – деди. 3Ошентип, Мукай 1 100 шекел күмүштү энесине кайтарып берди. Анда энеси:
– Уулум, мен бул күмүштү Жараткан Эгеге багыштадым, – деди. – Күмүштү өзүңө кайтарып берем, жыгачтан турпат жасатып, анан аны күмүш менен каптат. 4Бирок уулу албай койгондуктан, энеси күмүштөн 200 шекел алып, зергерге берди. Зергер жыгачтан буркан жасап, аны ошол күмүш менен каптады. Анан аны Мукайдын үйүнө орнотуп коюшту. 5Ошентип, Мукай үйүн кудай үйү кылды. Анан дагы дин кызматчынын алжапкычын жана үй буркандарын жасатып, уулдарынын бирин дин кызматчы кылып дайындады. 6Ал заманда Ысрайылда падыша жок болчу. Ким эмнени туура көрсө, ошону жасачу.
7Ошол кезде Иуда жеринин Бейт-Лехем шаарында бир леби жигит жашачу. 8Ал жигит башка жерден жан багыш үчүн Иудадагы Бейт-Лехемден чыгып, жол жүрүп олтуруп, Эпрайым тоолорундагы Мукайдын үйүнө келип калды.
9– Кайдан келе жатасың, уулум? – деп сурады Мукай андан.
– Мен Иудадагы Бейт-Лехемден келе жатам. Өзүм лебимин. Баш калкалар жай издеп жүрөм, – деп жооп берди жигит.
10– Анда менин үйүмдө кал, – деп сунуш кылды Мукай. – Менин кеңешчим да, дин кызматчым да болосуң. Мен сага жылына он шекел күмүш төлөп берем. Кийим-кечең менен тамак-ашың да менден болот. Леби анын үйүндө калууга макул болду. 11Ал жигит ага өз уулдарынын бириндей эле болуп калды. 12Мукай лебини дин кызматчы кылып дайындады. Ал Мукайдын үйүндө жашап калды. 13Ошондо Мукай:
– Мен лебини дин кызматчы кылып дайындадым, Жараткан Эге эми мени колдойт, – деди.

Currently Selected:

Бийлер 17: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in