YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 1

1
Иуда уруусунун канаандыктар менен согушу
1Жашыянын көзү өткөндөн кийин ысрайыл эли Жараткан Эгеден:
– Канаандыктар менен согушканы бизден ким жол баштап барат? – деп сурашты.
2Жараткан Эге аларга:
– Иуда уруусу баштап барсын, Мен Канаан жерин аларга бердим, – деп жооп берди.
3Иуда эли болсо бир тууган ысман элине кайрылып:
– Жүргүлө, биздин энчибизге тийген жерге чогуу барып, канаандыктар менен согушалы. Кийин силерге тийген жерди басып алууга биз да силер менен чогуу барабыз, – деп айтты. Ошентип, ысман уруусу алар менен бирге жөнөдү.
4Иуда уруусу согушка аттанып жөнөп кетти. Жараткан Эге канаандардыктар менен периздерди алардын колуна салып берип, Безек шаарында иудалар жоонун 10 000 кишисин өлтүрүштү. 5Безекте алар падыша Адони-Безекке бет келишти. Аны менен салгылашып, канаандыктар менен периздерди талкалашты. 6Адони-Безек качып жөнөдү. Бирок иудалар аны кууп жетип, колго түшүрүп, колу-бутунун баш бармактарын чаап салышты. 7Ошондо Адони-Безек:
– Колу-бутунун баш бармактарын мен чаап салдырган жетимиш падыша дасторконумдан түшкөн күкүмдөрдү терип жеп күн көрүшчү эле. Ошол падышаларга кылган жамандыгымды Кудай өзүмдүн башыма салды, – деп айтты. Иудалар аны Иерусалимге алып келишти. Ал ошол шаарда каза болду.
8Анан иуда эли Иерусалимге да кол салып, шаарды басып алды. Алар шаардын элин кылыч мизине алып, калаанын өзүн болсо өрттөп жиберишти. 9Андан кийин иудалар тоолуу жерлерде, түштүктөгү төмөнкү Негевде жана батыштагы тоо этектеринде жашаган канаандыктарга кол салуу үчүн жөнөдү. 10Анан Хеврон шаарында жашаган канаандыктарга чабуул жасап, шешай, ахиман, талмай уруктарын талкалады. Хеврон шаары ошол убакта Кирият-Арба деп аталчу.
11Андан ары иудалар ошол убакта Кирият-Сейпер деп аталган Дебир калаасынын элине жортуулга жөнөштү.
Кирият-Сейперди басып алуу
12Ошол күндөрү Калеп:
– Кирият-Сейперди ким талкалап, басып алса, ага кызым Аксаны күйөөгө берем, – деп айтты.
13Ал шаарды Калептин бир тууганы Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны күйөөгө берди. 14Кыз төркүнүнө келгенде күйөөсүнөн: – Атамдан жер сурайлычы, – деп суранды. Калеп эшектен түшүп жаткан кызынан: – И кызым, бир нерсе сурайын деп жатасыңбы? – деп сурады. 15Кызы атасына:
– Мага батаңызды берсеңиз экен, – деди. – Сиз мага Негевден жер берген элеңиз. Эми ага булактарды да кошуп бериңизчи, – деди.
Ошондо Калеп кызына жогорку булактарды да, төмөнкү булактарды да берди.
Иуда уруусунун канаандыктар менен согушу (уландысы)
16Мусанын кайнатасынын урпактары болгон кейнилер иудалар менен чогуу Курма шаарынан жер которуп, Арат шаарынын түштүгүндөгү Иуда чөлүнө барып, ошол жердеги жергиликтүү элге кошуна болуп, отурукташып калды.
17Иуда эли боордош ысман эли менен чогуу жортуулга чыгып, Сепатта жашаган канаандыктарды талкалап, садага чаап салды. Ошондон улам бул шаарды эл Хорма деп атап калган.
18Иудалар Газа, Ашкелон, Экрон шаарларын да тегерек-четиндеги жерлери менен кошо басып алды. 19Жараткан Эге иуда элин колдоп, алар тоолуу жерлерди ээлеп алышты. Бирок өрөөндө жашаган элдерди басып ала алган жок, анткени алардын темир майдан арабалары бар эле. 20Калепке болсо, Муса дайындап айтып кеткендей, Хеврон шаары берилди. Калеп ал калаадан Анактын үч уулунан тараган элди кубалап чыгарды.
Энчисине толук ээ боло албаган уруулар
21Бирок бенжамин уруусу Иерусалимде жашаган жебустарды кубалап чыгара алган жок. Жебустар Иерусалимде ушул күнгө чейин бенжамин элине кошуна жашайт.
22Жусуптун урпактары да Бейтел шаарына жортуулга жөнөштү. Жараткан Эге аларды колдоду. 23Алар оболу Бейтелди жакшылап изилдешти. Ал шаар мурда Луз деп аталчу. 24Сакчылар шаардан чыгып келе жаткан бир кишини көрүп калышып, ага:
– Шаарга кирчү жашыруун жолду бизге көрсөтүп берсең, сага ырайым кылабыз, – деп айтышты.
25Ал киши шаарга кире турган жолду көрсөтүп берди. Жусуптун урпактары шаар элин кылыч мизине алып кырып салды. Тиги кишини болсо бүт тууган-уруктары менен коё беришти. 26Ал киши хеттердин жерине көчүп барып, шаар куруп, аны Луз деп атады. Ал шаар ушул күнгө чейин ошондой аталат.
27Бирок менаше уруусу Бейт-Шаан, Таанах, Дор, Иблейем, Мегиддо шаарларында жана алардын карамагындагы айыл-кыштактарда жашаган элдердин жерлерин тартып алган жок. Канаандыктар ошол жерлерде жашап кала беребиз деп, бел байлашты. 28Ысрайылдар күч алган убактарда канаандыктарды өзүнө букара кылып коюшту, бирок аларды кубалап чыга алышкан жок.
29Эпрайым эли да Гезер калаасында жашаган канаандыктарды кубалап чыга алган жок. Канаандыктар Гезерде алардын жанында жашап кала беришти.
30Ошол сыяктуу забулун уруусу да Китрон менен Налол шаарларында жашаган канаан элин сүрүп чыгара алган жок. Ошондуктан алар забулун элине жанаша жашап, забулундарга букара болуп калышты.
31Ашыр уруусу да Ако, Сидон, Аклап, Акзип, Хелба, Апик, Рехоп шаарларынын тургундарын жеринен сүрүп чыгара алган жок. 32Ошондуктан ашыр уруусу ушул жерлерде жашаган канаандыктарга кошуна жашап калды.
33Напталы уруусу да Бейт-Шемеш, Бейт-Анат калааларынын элдерин кубалап чыга албай, өзү ушул жерде жашаган канаандыктарга жанаша жашап калды. Бирок Бейт-Шемеш менен Бейт-Анаттын тургундарын өзүнө букара кылып алды.
34Амор эли болсо дан уруусун тоого сүрүп салып, өрөөнгө түшүрбөй койду. 35Аморлор Херес тоосунда, Аялон, Шаалбим шаарларында жашап кала беришти, бирок Жусуптун урпактары күч алган убактарда аларды багынтып, өздөрүнө букара кылып коюшту. 36Амор элинин чек арасы Акрабимден башталып, Села шаарына чейин жетип, андан ары жогорулап кетет.

Currently Selected:

Бийлер 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

Video for Бийлер 1