Жакып 3
3
Сөздүн күчү
1Боордошторум, бир азыңар эле окутуучу болгула. Себеби бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер. 2Баарыбыз тең көп күнөө кетиребиз. Ким сүйлөгөн сөзүнөн күнөө кетирбесе, ал бүтүндөй денесин башкара алган жеткилең адам.
3Мына, атка ооздук катып, анын бүт денесин башкарабыз. 4Же кемелерди алалык: алар кандай чоң болбосун, кандай катуу шамал айдабасын, аны башкарган киши каалаган жагына кичине бургуч менен бура алат. 5Ошондой эле тил дагы денебиздин кичине мүчөсү, бирок чоң нерсени кылат. Байка, кичинекей эле от чоң токойду жок кылат! 6Тил – от, ал денебиздеги жамандыкка толгон дүйнө. Биздин бүт жашообуз аркылуу жамандыкты таратат. Тозоктун оту менен бүт жашообузду өрттөп жок кылат.
7Адам бардык айбандарды, канаттууларды, сойлоп жүрүүчүлөр менен деңиз жаныбарларын башкарып келди жана башкарууда, 8ал эми тилди эч ким башкара албайт. Бул – ээ бербеген жамандык. Ал өлтүрө турган ууга толгон.
9Тилибиз менен Эге Атабызды алкайбыз, ошол эле тилибиз менен Кудайга окшош жаралган адамдарды каргайбыз. 10Бир эле ооздон алкыш да, каргыш да чыгат! Боордошторум, мындай кылган жарабайт. 11Бир эле булактын көзүнөн шор да, шор эмес да суу чыгабы? 12Боордошторум, анжирден зайтун же жүзүмдөн анжир өсүп чыкпайт. Ошол сымал бир эле булактан шор да, шор эмес да суу агып чыкпайт.
Акылмандыктын эки түрү
13Араңарда акыл-эстүү, түшүнүгү кенен адам барбы? Болсо, анысын пакиза жүрүм-туруму, акылгөй момундугу менен далилдесин. 14Эгер ичиңерде ачуу көрө албастык менен өзүмчүлдүк жашаса, анда акылмандыгыңарга мактанып, чындыкты бурмалабагыла. 15Мындай «акылмандуулук» көктөн келген эмес, ал жерден, күнөөкөр адамдан жана ибилистен келген акылмандуулук. 16Каерде көрө албастык менен өзүмчүлдүк болсо, тартипсиздик менен түрдүү жаманчылык да ошол жерде.
17Ал эми көктөн келген акылмандыгы бар ишенгендер эң алды күнөөдөн бошонгон таза жүрөктүү, тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, башкаларга кайрымы менен жакшылыгы көп, ниети ак жана астейдил болушат. 18Тынчтыкты сүйгөн адамдар тынчтык үрөнүн сээп, адилеттик жемишин алышат.
Currently Selected:
Жакып 3: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: