YouVersion Logo
Search Icon

Жакып 2

2
Бай менен кедейге бирдей мамиле кылгыла
1Боордошторум, силер даңктуу Эгебиз Ыйса Машаякка ишенгендиктен адамдардын сыртына карап мамиле кылбагыла. 2Эгер чогулушуңарга кымбат баалуу кийим кийип, колуна алтын шакек тагынган бир адам жана жаман кийинген, жарды бир адам кирсе, 3силер кымбат баалуу кийим кийген адамды карап, ага: «Сиз төргө өтүңүз» деп, а жардыга: «Сен тигил жакка тур» же: «Биерге, улагага отур», – десеңер, 4анда өз билгениңерче бирөөнөн бирөөнү айырмалап, бейкалыс ойго алдырып, ким жакшы экенин чечип жатканыңар.
5Уксаңар, сүйүктүү боордошторум, ишенимге байышсын жана Өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышачылыктын мурасчысы болушсун деп, Кудай дүйнөнүн жакырларын тандап алган жок беле? 6А силер жакырды төмөн көрдүңөр. Силерди кыйнагандар, казыга сүйрөп алып баргандар байлар эмеспи? 7Силер атын алып жүргөн Машаякка тил тийгизген алар эмеспи?
8Эгер Ыйык Жазуудагы «Жакыныңды өзүңдөй жакшы көр»#2:8 Леб. 19:18. деген улуу мыйзамды чын эле аткарып жүрсөңөр, туура иш кыласыңар. 9Ал эми сыртына карап мамиле кылсаңар, анда күнөө кетирип, мыйзам алдында айыптуу болосуңар.
10Мыйзамды толук аткарып, бирок бирөөнү эле бузган киши бүт мыйзамды бузуучу катары күнөөлүү болот. 11Себеби «нике бузба» дегенди айткан Кудай «киши өлтүрбө»#2:11 Чыгуу 20:13 – 14. деп да айткан. Эгер нике бузбасаң, бирок киши өлтүрсөң, баары бир мыйзамды бузган болосуң.
12Эркиндик берчү мыйзамдын негизинде соттолуучу адам кандай кылса, силер да ошондой сүйлөп, ошондой иш кылгыла. 13Себеби ырайым кылбаган кишини Кудай да ырайымсыз жазалайт. Бирок ырайым жазадан да жогору!
Ишеним жана иш
14Боордошторум, эгер бирөө ишенем десе, бирок кылган жакшы иши болбосо, анысынан эмне пайда? Ушул ишеними аны куткара алабы? 15Эгер боордошуң же карындашың ач-жылаңач болсо, 16анан эчтеме бербей туруп эле, «жакшы баргыла, жылуу кийинип, курсагыңарды тойгузгула» дегендин эмне кереги бар? 17Ишеним да ошондой. Кылган жакшы ишиң болбосо, ишеним да өлүк.
18Мүмкүн бирөө «сенин ишенимиң бар, а менин жакшы ишим бар» дээр. Сага айтарым: мага жакшы ишиң жок ишенимиңди көрсөт, мен сага жакшы ишимден көрүнгөн ишенимимди көрсөтөм. 19Сен бир Кудайга ишенесиң, мунуң жакшы. Бирок жиндер да буга ишенип, титирешет.
20Бирок сен, акылсыз, ишсиз ишеним өлүк экенин билгиң келеби? 21Бабабыз Ыбрайым уулу Ыскакты курмандык жайга жаткырып, иши менен акталган жок беле? 22Көрдүңбү, анын иши менен ишеними бир болгон жана ишеними иши аркылуу кынтыксыз болгон. 23Ошентип, Ыйык Жазуунун сөздөрү аткарылган: «Ыбрайым Кудайга ишенди жана бул адилеттик катары эсептелди»,#2:23 Башт. 15:6. анан ал Кудайдын досу аталган. 24Адам ишеними менен гана эмес, кылган иши менен да акталарын өзүңөр көрүп турасыңар.
25Ошондой эле чалгынчыларды кабыл алып, анан башка жол аркылуу чыгарып ийген сойку аял Рахап да иши менен акталган эмеспи? 26Андыктан жансыз дене өлүк сымал, ишсиз ишеним дагы өлүк.

Currently Selected:

Жакып 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in