YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 47

47
1Жусуп фараонго барып: «Атам, туугандарым майда жана кара малы, болгон мүлкү менен Канаан жеринен келди. Алар азыр Гошен аймагында», – деди. 2Ал өз агаларынан бешөөнү фараондун алдына ээрчите келген эле. 3Фараон Жусуптун агаларынан:
– Кесибиңер эмне? – деп сурады.
– Кулдарыңыз койчу, ата-бабаларыбыз да койчу болгон, – дешти алар. 4– Канаанда ачарчылык күчөп, кулдарыңыздын малы үчүн жайыттарда от калбай калгандыктан бул жакка жашап турууга келдик. Кулдарыңызга уруксат этсеңиз, Гошен жерине жайгашалык.
5Фараон Жусупка:
– Атаң менен бир туугандарыңдын сага келгени жакшы. 6Мына, Мисир жери алдыңда турат. Аларды Мисирдин мыкты жерине жайгаштыр. Алар Гошенде жашасын. Эгер алардын арасында ылайыктуу адамдар болсо, малымды аларга тапшырып кой, – деди.
7Андан кийин Жусуп атасы Жакыпты алып келип, фараонго тааныштырды. Жакып фараонго батасын берди. 8Фараон Жакыптан:
– Жашыңыз канчада? – деп сурады.
9Жакып:
– Келгин болуп жүргөнүмө 130 жыл болду. Өмүрүм кыска жана кыйын болду. Ата-бабамдын келгин болуп жашап өткөн жашына жетпедим, – деди.
10Жакып фараонго дагы батасын берип, анын алдынан чыгып кетти.
11Жусуп, фараон буюргандай, атасы менен бир туугандарына жер берди, аларды Мисирдеги жер соорусуна – Рамсес аймагына жайгаштырды. 12Жусуп атасын, бир туугандарын, атасынын үй ичин балдарынын санына жараша тамак-аш менен камсыз кылып турду.
Мисирликтердин кул болуп калышы
13Ачарчылык болсо күчөгөндөн күчөп, эч бир жерде жей турган нан калган жок. Мисирде да, Канаанда да эл ачарчылыктан карып болду. 14Жусуп Мисир менен Канаандын тургундарына дан сатып, ошондон түшкөн күмүштүн баарын жыйнап, фараондун казынасына салды. 15Мисирде да, Канаанда да күмүш түгөнгөндө, мисирликтин баары Жусупка келип:
– Бизге буудай бериңиз! Сиздин көз алдыңызда өлүп калбайлы! Күмүшүбүз да түгөндү, – дешти.
16Жусуп:
– Күмүшүңөр түгөнсө, малыңарды айдап келгиле, буудайды малыңарга алмаштырам, – деди.
17Ошондо мисирликтер Жусупка малын айдап келе башташты. Жусуп алардын жылкыларын, кой-эчкилерин, уйлары менен эшектерин алып, ордуна буудай берип жатты. Ошол жылы Жусуп аларды малынын ордуна буудай менен камсыз кылды.
18Ал жыл өтүп, кийинки жылы алар Жусупка келишип, мындай дешти:
– Мырзабыздан жашырганда не, күмүшүбүз түгөндү, малыбыз сизге өттү, эми өзүбүз менен жерибизден башка эчтемебиз калган жок. 19Көз алдыңызда өзүбүз да, жерибиз да ойрон болобу? Бизди да, жерибизди да сатып алып, ордуна буудай бериңиз. Жерибиз менен кошо фараонго кул бололу. Бизге үрөн бериңиз, өлбөй, аман-соо калалы, жерибиз да кысыр калбасын, – дешти.
20Ошентип, Жусуп бүткүл Мисир жерин фараон үчүн сатып алды. Ачарчылык күчөгөндүктөн мисирликтердин баары талааларын сатып, жердин баары фараондун карамагына өттү. 21Жусуп Мисирдин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин жашаган элдин баарын фараонго кул кылды. 22Ал дин кызматчылардын жерлерин гана сатып алган жок. Фараон азык-түлүк бөлүп берип, ошону менен жашагандыктан, алар жерлерин сатышпады. 23Жусуп элге мындай деди:
– Мен силерди да, талааңарды да фараонго сатып алдым. Мына, үрөн, талааңарга сепкиле. 24Түшүм маалында түшүмүңөрдүн бештен бирин фараонго бересиңер. Калган төрт бөлүгүн талаага эгүүгө, өзүңөргө, үйүңөрдөгүлөргө жана балдарыңарга тамакка калтыргыла.
25– Сиз бизди өлүмдөн алып калдыңыз, – дешти алар. – Бизге ырайым этсеңиз, мырзабыз, фараонго кул болобуз.
26Жусуп түшүмдүн бештен бирин фараонго берүү тууралуу Мисирде мыйзам чыгарды. Бул мыйзам бүгүнкү күнгө чейин күчүндө. Дин кызматчылардын гана жерлери фараондун менчигине өткөн жок.
Жакыптын керээзи
27Ысрайыл эли Мисирдин Гошен жеринде жашап, менчик талаага ээ болду, укумдап-тукумдап, абдан көбөйдү. 28Жакып Мисирде он жети жыл жашап, 147 жашка чыкты. 29Көзү өтөр маалы жакындаганда, Ысрайыл уулу Жусупту чакырып алып:
– Эгер мага көңүлүң толсо, этегимдин алдына колуңду коюп, мага «жакшылык кылып, сөзүңүздү эки кылбайм, сизди Мисирге койбойм» деп ант бер. 30Мен ата-бабаларымдын жанына жаткым келет. Мени Мисирден алып чыгып, ошолордун жанына кой, – деди.
Жусуп:
– Айтканыңыздай кылам, – деди.
31Жакып:
– Ант бер, – деди.
Жусуп ант берди. Ошондо Жакып төшөгүнөн эле таазим этти.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in