YouVersion Logo
Search Icon

Башталыш 3

3
Биринчи күнөө
1Кудай Эге жараткан айбандардын ичинен эң куусу жылан эле. Ал аялдан:
– Кудайдын силерге бактагы бир дагы дарактын жемишинен жебегиле дегени чынбы? – деп сурады.
2Аял жыланга:
– Жок, бактагы дарактардын жемишинен жесек болот. 3Бирок Кудай: «Бактын ортосунда турган дарактын жемишинен жебегиле, ага тийбегиле, антпесе өлөсүңөр», – деп айткан, – деп жооп берди.
4Ошондо жылан аялга:
– Жок, өлбөйсүңөр! 5Кайра, силер ушул жемишти жеген кезде көзүңөр ачылып, эмне жакшы, эмне жаман экенин айырмалап, Анын Өзүнө окшоп каларыңарды Кудай жакшы билет, – деди.
6Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы, көз жоосун алган сонун экенин көрүп, акылдуу кыларын билип, жегиси келди. Жемишти үзүп алып жеди да, жанындагы күйөөсүнө берип, ал да жеди. 7Ошол замат экөөнүн көздөрү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин билишти. Анан анжир жалбырактарынан алжапкыч жасап алышты.
8Кечки жел соккон кезде, адам аялы экөө Кудай Эгенин бак ичинде жүргөн дабышын угуп, дарактардын арасына жашынып калышты. 9Ошондо Кудай Эге:
– Каяктасың? – деп адамды чакырды.
10Ошондо ал:
– Бакта жүргөнүңдү угуп, коркуп кеттим. Себеби мен жылаңачмын, ошол үчүн жашынып калдым, – деп жооп берди.
11Кудай Эге адамдан:
– Жылаңачсың деп сага ким айтты? Мен жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби? – деп сурады.
12Ал:
– Мага Өзүң берген аял ошол дарактын жемишинен берди, мен жедим, – деди.
13Кудай Эге аялдан:
– Бул эмне кылганың? – деп сурады.
– Жылан мени алдады, мен жедим, – деди аял.
Кудайдын өкүмү жана убадасы
14Ошондо Кудай Эге жыланга:
– Ушундай кылганың үчүн бардык мал менен жапайы айбандардын ичинен сага каргыш тийсин. Өмүр бою жер менен сойлоп, топурак жеп өт! 15Аял экөөңөрдү, сенин тукумуң менен анын тукумун кас кылам. Аялдын тукуму башыңды жанчыйт, сен анын согончогун чагасың, – деди.
16Ал эми аялга мындай деди:
– Кош бойлуу кезиңде азабыңды көбөйткөндөн көбөйтөм, балдарыңды кыйналып төрөйсүң. Сен күйөөңө куштар болосуң, ал болсо сени башкарат.
17Ал эми адамга мындай деди:
– Аялыңдын тилин алып, Мен тыюу салган дарактын жемишинен жеген сенин кесириңден жердин кыртышы каргышка калды! Мындан кийин өмүр бою азап тартып наныңды жерден таап жейсиң. 18Сен талаада өскөн дандуу өсүмдүктөрдөн жейсиң. Жердин топурагы сага уйгак-тикен өстүрөт. 19Өзүң жаралган жердин койнуна кайтып барганча, жээр наныңды маңдай териң менен табасың. Сен топурактан жаралдың, кайра топуракка кайтасың!
Адам менен Обонун Эденден куулушу
20Адам аялына Обо#3:20 Обо … – Эврей тилинде «өмүр, жашоо» дегенди билдирет. деген ат койду. Себеби ал жердеги жашоочулардын түпкү энеси болду. 21Кудай Жараткан Эге адам менен анын аялына териден кийим жасап, кийиндирди. 22Андан кийин Ал мындай деди: «Мына, адам жаман-жакшыны билип, Биз сыяктуу болуп калды. Эми колун созуп, өлбөс өмүр бере турган дарактын жемишинен да үзүп алып жеп, түбөлүк жашап калбасын». 23Ошентип, Кудай Жараткан Эге адамды өзү жаратылган жерди иштетсин деп, Эден багынан кууп чыкты. 24Адамды кууп чыккандан кийин, өмүр бере турган даракка алып барчу жолду күзөтүү үчүн Эден багынын чыгыш жагына керуптарды#3:24 керуптарды … – периштелердин бир түрү. жана туш тарапка айланып турган оттуу кылычты коюп койду.

Currently Selected:

Башталыш 3: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy