Башталыш 13
13
Ыбрамдын чырды чечиши
1Ошентип, Ыбрам аялы жана мал-мүлкү менен Мисирден чыгып, Негев чөлүнө жөнөдү. Лот да алар менен бирге кетти. 2Ыбрам малга, алтын менен күмүшкө бай эле. 3-4Ал Негевден Бейтелди көздөй көчүп-конуп жүрүп олтуруп, Бейтел менен Айдын ортосундагы мурда чатырын тигип, курмандык жай курган жерге жетти. Ошол жерден Жараткан Эгеге ийбадат кылды. 5Ыбрам менен бирге көчкөн Лоттун да майда жандыгы, кара малы жана чатырлары бар эле. 6Алардын мал-мүлкү көп болгондуктан, жайыт жетпей, бирге жашоо мүмкүн болбой калды. 7Ошол себептен, Ыбрам менен Лоттун малчыларынын ортосунда чыр чыкты. Анын үстүнө, канаандар менен периздер да ошол жерде жашачу.
8Ыбрам Лотко мындай деди:
– Экөөбүз чырдашпайлы, койчуларыбыз да чырдашпасын, анткени биз тууганбыз го. 9Карачы, алдыңда канча жер жатат. Кел, бөлүнөлү: сен солго кетсең, мен оңго кетейин, сен оңго кетсең, мен солго кетейин.
10Лот айланасына көз чаптырып, бүт Иордан өрөөнүн – Соорго чейинки суусу мол жерлерди көрдү. Жараткан Эге Содом менен Гоморду кыйратканга чейин бул жерлер бейиш багындай, Мисир жергесиндей эле. 11Лот бүт Иордан өрөөнүн тандап алып, чыгыш жакка кетти. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүп кетишти. 12Ыбрам Канаанда калып, Лот Иордан өрөөнүндөгү шаарлардын арасына жайланышып, чатырын Содом шаарына жакын жерге тикти. 13Содомдуктар Жараткан Эгенин алдында өтө көп күнөө жасаган, абдан бузулган адамдар эле.
14Лот бөлүнүп кеткенден кийин Жараткан Эге Ыбрамга мындай деди:
– Өзүң турган жерден түндүктү, түштүктү, чыгышты жана батышты кара. 15Сен көрүп турган жердин баарын Мен сага жана сенин урпагыңа биротоло энчилеп берем. 16Сенин укум-тукумуңду жер бетиндеги кумдай көбөйтөмүн, санаса сан жеткис кылам. Жердеги кумду санай албагандай эле, тукумуңду да санай алышпайт. 17Кана, баргын да ушул жерди кыдырып чык, анткени Мен аны сага берем.
18Ошентип, Ыбрам көчүп-конуп отуруп Хевронго жакын жердеги Мамредеги эмен дарактарынын жанына жайгашты да, ошол жерге Жараткан Эгеге курмандык жай курду.
Currently Selected:
Башталыш 13: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018
Videos for Башталыш 13

Ep 37. Genesis 13: How Do Famine and Wealth Both Test Faith?
The Bible Show

Ep 41. Genesis 17: What Does the Covenant of Circumcision Really Mean?
The Bible Show

Ep 42. Genesis 18 Part 1: Abraham Fails Again, and Sarah Laughs at God
The Bible Show

Ep. 45 Genesis 19 Part 2: Can God Redeem Even the Worst Family History?
The Bible Show