YouVersion Logo
Search Icon

Эстер 9

9
Иудалардын душмандарын жеңиши
1Он экинчи ай – адар айынын он үчүнчү күнү өкүмдардын буйругу жазылган мыйзам аткарылып, иудаларга душмандары үстөмдүк кылабыз деп үмүттөнүп күткөн күнү, бардыгы тескерисинче болуп, иудалар өздөрүн жек көргөндөргө үстөмдүк кылышты. 2Ошол күнү Ахашверош падышанын бардык дубандарындагы иудалар өздөрүнө кара ниеттик кылууну каалаган душмандарына кол салыш үчүн, өздөрү жашаган шаарларда чогулушту. Бардык элдер иудалардан коркуп калгандыктан, эч ким аларга каршы чыга алган жок.
3Дубандагы бардык төбөлдөр, хандар, төрөлөр, падышанын иштерин жүргүзгөн кызматкерлер Мордохайдан корккондуктан иудаларды колдошту.
4Анткени ак сарайда Мордохайдын даражасы жогору болуп кетти. Анын зоболосу улам жогорулап бара жаткандыктан, атагы бүт дубандарга тарады.
5Иудалар душмандарынын баарын кылычтап өлтүрүп, кырып, алардан өздөрү каалагандай өч алышты. 6Шушан шаарында иудалар беш жүз кишини өлтүрүштү. 7Алар Паршандатты, Далпону, Аспатты, 8Поратты, Адалияны, Аридатты, 9Пармашты, Арисайды, Аридайды, Байзатты 10– иудалардын душманы Амадат уулу Хамандын он уулун өлтүрүп салышты, бирок алардын мал-мүлкүнө кол тийгизген жок.
11Ошол күнү Шушан шаарында канча адам өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү маалымат падышага жеткирилди. 12Ошондо падыша Эстер ханышага мындай деди:
– Иудалар Шушан шаарында беш жүз кишини, аларга кошуп Хамандын он уулун да өлтүрүштү. Падышалыктын калган дубандарында эмне кылышты экен? Дагы кандай каалооң бар? Каалаганың аткарылат. Дагы кандай өтүнүчүң бар? Баары орундалат.
13Эстер падышага:
– Эгерде өкүмдарым туура көрсө, буйрук боюнча жасаган бүгүнкү иштерин Шушанда эртең да улантууга, Хамандын өлтүрүлгөн он уулунун сөөктөрүн болсо дарга асып салууга уруксат берсе экен – деп суранды.
14Падыша ошондой кылууга буйрук берди, ал буйрук Шушанда жарыяланып, Хамандын өлтүрүлгөн он уулунун сөөктөрүн дарга асып салышты.
15Шушандагы иудалар адар айынын он төртүнчү күнү да чогулуп, Шушанда үч жүз кишини өлтүрүштү, бирок алардын мал-мүлкүнө кол салып, талап-тоноого барышкан жок.
16Ошол эле убакта падышанын башка дубандарында жашаган иудалар да өздөрүн коргоп, душмандарынан коопсуз болуш үчүн чогулушуп, душмандарынан жетимиш беш миң адамды кырып салышты, бирок алардын мал-мүлкүн талап-тоношкон жок.
17Бул окуялар адар иудалар он үчүнчү күнү болду, он төртүнчү күнү болсо эс алып, ошол күнү алар тойлоп, майрамдашты.
18Шушандагы иудалар болсо он үчүнчү жана он төртүнчү күнү чогулуп, душмандарын кырып, он бешинчи күнү гана эс алышты, ошол күнү алар тойлоп, майрамдашты.
Пурим майрамынын негизделиши
19Мына ошондуктан чеп менен курчалбаган айыл-кыштактарда жашаган иудалар жыл сайын адар айынын он төртүнчү күнү салтанат менен той өткөрүп, бири-бирине даам белек кылышат.
20Мордохай бул окуяларды жазып алып, Ахашверош падышанын алыскы жана жакынкы дубандарында жашаган бардык иудаларга кат жөнөттү. 21Ал катта мындай деди: «Жыл сайын адар айынын он төртүнчү жана он бешинчи күндөрү майрам күндөрү болсун. 22Анткени ушул күндөрү иудалар душмандарынан кутулушту. Ушул айда алардын зар-муңу тойго, кайгысы кубанычка айланды. Ушул күндөрү салтанат менен той өткөрүп, бири-бириңерге даам тартуу кылып, жардыларга кайыр бергиле». 23Иудалар Мордохайдын жазгандарына макул болушту. Өздөрү эле баштап ийген, катта да жазылган майрамды андан ары улантышты. 24Ал катта иудалардын душманы агактык Амадаттын уулу Хаман иудалардын башына кара түн салууну ниет кылып, аларга кызыл кыргын салып, тукум курут кылуу үчүн өкчөмө таш, башкача айтканда, пур таштаганы айтылган. 25Ошондо падышанын алдына Эстер киргенде, өкүмдар буйрук жазып, Хамандын иудаларга каршы түзгөн жаман ниети анын өз башына түшүп, анын өзү да, уулдары да дарга асып салынганы баян этилген болчу.
26Катта жазылган жана өздөрү көрүп, баштарынан өткөргөн боюнча, бул күндөрдү пур деген сөздөн Пурим деп аташты. 27Иудалар ушул эки күндү жыл сайын, белгиленген убакта, катта жазылгандай майрамдоону, аны кийинки урпактары жана иуда элине кошулгандар менен чогуу дайыма белгилөөнү макулдашты. 28Бардык муундар, ар бир уруу, бардык дубандарда жана шаарларда бул күндөрдү эске салып майрамдашсын! Пурим күндөрүн иудалар унутуп калышпасын, бул күндөр алардын урпактарынын да эсинен чыкпасын!
29Абыгайыл кызы Эстер ханыша менен иуда Мордохай Пурим тууралуу экинчи катты жазып, бүт бийлиги менен бекемдеп, мунун аткарылышын катуу талап кылышты. 30Иудаларга тынчтык жана амандык каалап, Ахашверош падышанын жүз жыйырма жети дубанына ошол каттар жөнөтүлдү. 31Ал каттарда Пурим майрамын белгиленген убакта өткөрүү керектиги иуда Мордохай менен Эстер ханышанын буйругу менен бекитилди. Ушул майрамдын алдында өздөрү да, урпактары да орозо кармап, кайгырууну чечим кылышты. 32Ошентип, Эстердин буйругу менен Пурим майрамы бекитилди. Булардын баары жылнама китебине да жазылды.

Currently Selected:

Эстер 9: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in