Элчилер 19
19
Пабыл Эфес шаарында
1Апол Корунтта жүргөн убакта, Пабыл тоолуу аймактарды аралап өтүп, Эфеске келди. Ал жерден Ыйсага ишенгендердин бир нечесине жолугуп, 2алардан:
– Силер Ыйсанын жолуна түшкөндө, Ыйык Рухту кабыл алдыңар беле? – деп сурады.
Алар:
– Жок, биз Ыйык Рух бар экенин уккан да эмеспиз, – деп жооп беришти.
– 3Анда кандай ишеним менен сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттүңөр эле? – деди Пабыл.
Алар:
– Жакыянын айтканы боюнча ишенип, – дешти.
4Ошондо Пабыл аларга мындай деди:
– Ооба, Жакыя адамдарды ниеттерин өзгөртүүгө чакырып, сууга чөмүлдүргөн. Бирок ал: «менден кийин келе жатканга ишенишиңер керек» деген. Кийин келе жаткан Ыйса болчу.
5Алар муну укканда, Эгебиз Ыйсага ишенип, анын атынан сууга чөмүлдүрүлүштү. 6Анан Пабыл сыйынып, колун тийгизгенде, аларга Ыйык Рух түштү. Алар бөтөн бир тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты. 7Алардын жалпы саны он эки кишиге жакын эле.
8Пабыл үч ай бою синагогага тынбай барып, анда Кудай Падышачылыгы тууралуу сөз сүйлөп, ишенимдүү далилдерди келтирип, Кудайдын сөзүн тайманбай ачык айтып жүрдү. 9Бирок кээ бир адамдар бой көтөрүп, кабыл алгысы келбеди. Алар көпчүлүк алдында Кудай жолуна каршы чыгып, тил тийгизишти. Ошондуктан Пабыл алардын арасынан Ыйсага ишенгендерди бөлүп алып, аларга күн сайын Туран деген мектепте сабак өттү. 10Эки жылдан ашык убакыт бою Пабыл ушундай кылды. Асияда жашаган иудейлер менен башка улуттагылардын баарына Эгебиздин сөзү жетти.
Пабылдын Кудайдын кудуретин көрсөтүшү
11Кудай Пабылдын колу менен кудуреттүү, өзгөчө укмуш иштерди кылып жатты. 12Ал тургай жоолугу менен белине байланган алжапкычтарын оорулууларга тийгизгенде, алар айыгып, кара күчтөрдөн арылып жатышты.
13Ошол жерде эл аралап, кара күчтөрдү кубалап жүргөн бир нече иудей бар эле. Алар да Эгебиз Ыйсанын атынан кара күчтөрдү кубалаганга аракет кылышып, «Пабыл жарыялап жүргөн Ыйсанын атынан буйрук берем, бул кишиден чыгып кеткиле!» – деп көрүштү. 14Алардын арасында Скеба аттуу бир башкы динкызматчы иудейдин жети уулу да бар эле. 15Бир күнү кара күч аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды тааныйм, а силер кимсиңер?» – деди. 16Ичинде кара күчү бар адам ушундай деп, алардын үстүнө секирип минип, сабап кирди. Ошондо алар үйдөн жыпжылаңач, жарадар абалда качып чыгышты.
17Бул окуя Эфесте жашаган бардык иудейлерге жана иудей эместерге белгилүү болуп, баарынын жүрөгүнүн үшүн алды. Ал эми Эгебиздин зоболосу болсо дагы көтөрүлдү. 18Ишенимге келгендердин көбү күнөөлөрүн ачык айтып моюндарына алып жатышты. 19Бир топ киши бал китептерин алып келип, элдин көзүнчө отко ыргытышты. Өрттөлгөн китептердин баасын эсептешкенде, элүү миң күмүш теңге болду.
20Ошентип, Эгебиздин кудурети менен Анын кабары кеңири тарап, күчүнө кирип жатты.
Эфес шаарындагы козголоң
21Ушул окуялардан соң, Пабыл көңүлүндө Македония менен Ахая аймактарынан өтүп, Иерусалимге барууну көздөдү. «Ал жакта бир аз болгон соң, Римге да барышым керек», – деп ниет кылды. 22Жанындагы эки шеригин: Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберип, өзү Асия аймагында калып калды.
23Ошол кезде Эфесте Эгебиз Ыйсанын жолуна каршы бир топ олуттуу козголоң чыгып кетти. 24Аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын күмүш айкелдерин жасаган Деметир деген бир уста бар эле. Бул иши менен ал көп жумушчуларга пайда келтирчү. 25Ошол жумушчуларды жана башка ушундай иш менен алек болгон адамдарды топтоп алып, ал мындай деди:
– Жигиттер, бул соодадан бизге кандай пайда түшүп жатканы силерге маалым. 26Бирок алиги Пабыл деген неменин эмне кылып жатканын айтпаса деле өзүңөр көрүп-билип турасыңар. Ал: «адам колунан чыккан нерселер кудайлар эмес!» деп элдин баарын айнытып жатат. Бул сөзүн Эфеске гана эмес, дээрлик бүткүл Асияга жайып жибериптир. 27Бул биздин ишибизди жаман атка калуу коркунучуна гана дуушар кылбастан, аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын беделин түшүрүп, бүткүл Асия, ал тургай бүт дүйнө жүзү табынган улуу аял кудайдын өзүнүн да кадырын кетирет.
28Муну укканда, тигилер катуу ачууланып:
– Эфестик улуу Артемидага даңк! – деп, кайра-кайра бакырып жатышты.
Шаар ичи бир паста астын-үстүн болуп кетти. Алар Пабыл менен бирге жүргөн эки македониялыкты: 29Гай менен Аристархты кармап алып, стадионго сүйрөп жөнөштү. 30Пабыл ээликкен элдин алдына чыгып, сөз сүйлөмөкчү болду эле, бирок ишенгендер жол беришкен жок. 31Ал тургай, Пабылдын достору болгон Асия аймагындагы чоң кызматтагы адамдар да «стадионго барба» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти.
32Бул арада тополоңдун арасынан бири мындай десе, экинчиси тигиндей деп бакырып, ызы-чуу болуп жатышты. Көпчүлүгү эмнеге чогулганын өздөрү да түшүнүшкөн жок. 33Эл арасынан кимдир бирөөлөр буга Искендер деген киши жооптуу дешкенде, иудейлер аны алга түртүп чыгарышты. Искендер алдыга чыгып, колу менен ишарат кылып, өзүн актап сөз сүйлөмөкчү болду. 34Бирок анын иудей экенин билишкенде, топураган эл бир добуштан: «Жашасын эфестик улуу Артемида!» – деп эки саат бою кыйкырып турду. 35Ошондо шаар акимиатынын кызматчысы элди тынчтандырып, мындай деди:
– Кымбаттуу эфестиктер! Улуу Артемиданын ийбадатканасы үчүн кам көргөн Эфес шаарын жана андагы көктөн түшкөн касиеттүү айкелди ким билбейт? 36Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албайт. Ошондуктан сабыр кылгыла, шашылып эч иш кылбагыла. 37Силер бу кишилерди мында алып келипсиңер. Бирок алар ийбадатканаңардын да эч нерсесин уурдашпаптыр, аял кудайыңарга да тил тийгизишпептир. 38Эгер Деметир менен анын кесиптештеринин кимдир бирөөгө нааразылыгы болсо, сот мекемелеринин эшиги ачык. Арыз-муңун ошондо иштеген чоңдорго айтып, чечишсин. 39Ал эми силердин мындан башка талабыңар бар болсо, ал мыйзамдуу чогулушта чечилет. 40Ансыз деле бүгүнкү окуянын айынан жогору жактагы чоңдор бизди шаарыңарда козголоң болуптур деп бизди айыпка жыгышы мүмкүн. Башыбызда ушундай коркунуч турат. Бүгүнкү тополоң үчүн жооп берип, өзүбүздү актай турган эч шылтообуз да жок.
41Шаар мекемесинин кызматкери ушундай сөз сүйлөп, чогулгандарды таратып жиберди.
Currently Selected:
Элчилер 19: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: