YouVersion Logo
Search Icon

Элчилер 12

12
Ирод Агрипанын Жакыпты өлтүрүшү жана Петирди каматышы
1Ошол кезде Ирод падыша жыйын мүчөлөрүнүн бир нечесине жамандык кылып, аларды куугунтуктай баштады. 2Ал Жакандын бир тууган агасы Жакыпты кылычтап өлтүрдү. 3Бул кылганы иудейлерге жакканын көрүп, Петирди да карматты. Бул Калама майрамы болуп жаткан кез эле. 4Ал аны карматып, зынданга олтургузду да, төрт жоокерден турган төрт топко кайтартып койду. Ал Петирди Куткарылуу майрамы бүткөндө, эл алдына алып чыгып соттойм деп ойлоду. 5Ошентип Петир зынданда кайтарууда болуп, ал эми бул убакта ишенгендер ал үчүн Кудайга жалынып жатты.
Петирдин түрмөдөн керемет менен чыгышы
6Ирод элге алып чыккысы келген күндүн алдындагы түнү Петир эки жоокердин ортосунда эки жагынан чынжыр менен байлануу уктап жаткан эле. Зындандын оозун кароолчулар кайтарып турушкан. 7Бир убакта капыстан эле Эгебиздин периштеси пайда болуп, зындандын ичи жарык болуп кетти. Периште Петирди капталга түртүп ойготуп:
– Тур, тезирээк! – дегенде, анын колундагы чынжырлар шыпырылып түшүп калды.
8Ошондо периште мындай деди:
– Белиңди байлан да, бутуңду кий.
Петир айтканын кылды. Андан соң, дагы мындай деди:
– Чапаныңды кийип, артыман түш!
9Периштенин жасап жатканы өңүмдөбү же аян көрүп жатамбы деп ойлогон Петир аны ээрчип, сыртка жөнөдү. 10Түрмөнүн биринчи, анан экинчи бөлүгүндөгү кароолчунун жанынан өтүп, шаарга алып чыга турган темир дарбазага келишти. Дарбаза аларга өзүнөн өзү ачылып кетти. Алар зындандан сыртка чыгып, бир көчөгө келишкенде, күтүлбөгөн жерден периште көздөн кайым болду. 11Ошондо Петир өзүнө келип:
– Эгем Өзүнүн периштесин жиберип, Ироддун колунан жана иудейлердин мага каалаган жамандыгынан мени куткарды, – деди.
12Ал эсин жыйып, Жакандын энеси Мариямдын үйүнө келди. (Жакандын дагы бир аты Марк эле.) Аныкында көп боордоштор чогулуп, сыйынып олтурушкан эле. 13Петир үйдүн дарбазасын тыкылдатканда, үйдөн Рода аттуу малай кыз чыгып, дарбазага кулагын тосту. 14Петирди үнүнөн тааныган соң, кубанганынан дарбазаны ачканды унутуп, үйгө жүгүрүп кирди да:
– Петир дарбазанын алдында турат! – деп сүйүнчүлөдү.
15Үйдөгүлөр ага:
– Акыл-эсиң жайындабы?! – дешти.
Бирок кыз айтканынан кайтпады. Ошондо тигилер:
– Бул Петирдин периштеси! – дешти.
16Бул арада Петир дарбазаны тыкылдатып тура берди. Дарбазаны ачышканда, Петирди көрүп, айран-таң калышты. 17Петир болсо акырын деп колу менен белги берип, Эгебиздин кантип аны зындандан алып чыкканын айтып берди. Анан бул тууралуу Жакыпка жана башка боордошторго кабарлап койгула, деп өтүндү. Ушундан соң, үйдөн чыгып, башка жакка жөнөдү.
18Таң атканда, зындан кайтарган жоокерлердин арасында Петирдин жоголгонуна байланыштуу чоң тополоң болду. 19Ирод болсо Петирди издеп таба албаган соң, кароолчуларды жоопко тартып, өлтүрүүнү буюрду. Ушундан соң, ал Иудеядан чыгып, Кесарияга барды да, ал жакта туруп калды.
Ирод Агрипанын өлүмү
20Тир менен Сидон шаарларынын элине Ироддун кыжыры келип жүргөн эле. Тигилер болсо өз ара сүйлөшүп, ага келишти да, падышанын кызматкери Биласты өзүлөрү тарапка тартышып, Иродду тынчтыкка келүүгө чакырышты. Анткени алар жашаган аймак падышага караштуу аймактан азык-түлүк алып турчу. 21Болжошкон күнү Ирод падышалык кийимин кийип, тактысына олтурду да, алар менен сүйлөшө баштады. 22Угуп турган эл:
– Бул үн адамдыкы эмес, Кудайдыкы! – деп кыйкырып жатты.
23Бирок Кудайга тиешелүү даңкты Кудайга бербегени үчүн аны күтүлбөгөн жерден Эгебиздин периштеси жазалады. Иродду ичиндеги курттары жеп, ал өлдү.
24Кудайдын кабары туш-тушка тарап жатты.
25Ал эми Барнап менен Шабыл тапшырылган милдеттерин аткарган соң, Марк аталган Жаканды алышып, Иерусалимден Сириядагы Антахияга келишти.

Currently Selected:

Элчилер 12: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in