Элчилер 10
10
Корнелийдин аяны
1Кесария шаарында Корнелий деген бир киши жашачу. Ал «Италия кошууну» деп аталган аскер бөлүмүндө жүз башы эле. 2Бул такыбаа, бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан ыйбаа кылган адам эле. Ал иудейлерге көп кайрым кылып, дайыма Кудайга сыйынчу. 3Күндөрдүн биринде Корнелий күндүзгү саат үчтөрдө бир аян көрдү. Ага Кудайдын периштеси келип:
– Корнелий! – деп атынан чакырды.
4Корнелий аны көргөндө, коркконунан:
– Оо, Кудурет! Эмне болуп кетти? – деп жиберди.
Периште ага мындай деди:
– Кембагалдарга кылган кайрымың менен сыйынууларыңды Кудай кабыл кылып, сени эстеди. 5Эми Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр. 6Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысман деген кишинин үйүндө.
7-8Корнелий менен сүйлөшкөн периште көздөн кайым болгондо, ал үй кызматчыларынан экөөсүн жана дайыма жанына алып жүрчү Кудайга табынган бир жоокерин чакырып алып, болгон окуяны толугу менен айтып берди да, аларды Жаффага жөнөттү.
Петирдин аяны
9Алар бир күндүк жолду басып өтүшүп, экинчи күнү түшкө маал шаарга жакындашты. Ушул убакта сыйынуу үчүн Петир тамдын төбөсүнө#10:9 Мурда Ысрайылда үйлөрдүн төбөсү жалпак болгон. чыккан эле. 10-11Ал ачка болуп, тамактангысы келди. Тамак даярдалып жаткан маалда эстен танып, аян көрдү. Аянда асман ачылып, төрт бурчунан байланган дасторкон сыяктуу бир нерсенин түшүп келе жатканын көрдү. 12Анын ичинде ар кандай төрт аяктуу жаныбарлар, бака-жыландар, канаттуулар бар эле. 13Ошондо бир үн чыкты:
– Тур, Петир, буларды союп же!
14Бирок Петир макул болбой:
– Жок, Эгем, болбойт! Мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин! – деди.
15Ошондо баягы үн экинчи ирет кайталанды:
– Кудай адалдаганды арам дебе!
16Бул көрүнүш үч жолу кайталанды да, баягы дасторконго окшогон неме кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.
17Петир көргөн көзүнө ишене албай, бул эмне болуп кетти деп, деңдароо болуп турган маалда, Корнелийден келген кишилер дарбазага жакындап, Ысмандын үйүн сурап жатышыптыр. 18Алар үнүн катуу чыгарышып:
– Петир аталган Ысман ушул жерде болду бекен? – деп сурашты.
19Петир көргөн аяны жөнүндө ойлонуп турганда, Ыйык Рух ага мындай деген эле:
– Сени үч киши издеп келди! 20Тур да, төмөн түшүп, эч шектенбестен алар менен бирге жөнө! Анткени аларды сага Мен жибергем.
21Петир ылдый түшүп, келген кишилерди тосуп алды. Аларга:
– Силер издеп жүргөн киши менмин. Кандай иш менен келдиңер эле? – деди.
22Алар мындай деп жооп беришти:
– Бизди Корнелий аттуу жүз башы жиберди. Ал динчил, Кудайдан ыйбаа кылган адам. Атпай иудей элинин арасында анын кадыр-баркы чоң. Ошол кишиге Кудайдын касиеттүү периштеси көрүнүп, үйүнө сени чакырып, сөзүңдү уксун дептир.
23Ошондо Петир аларды үйгө киргизип, коноктоду.
Эртеси Петир алар менен бирге жолго чыкты. Жаффадан келген боордоштордун кээ бирлери ага кошулду.
Башка улуттагылардын Машаякка ишениши
24Алар кийинки күнү Кесарияга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандары менен жакын досторун чакырып, аларды күтүп олтурган эле. 25Петир үйгө келгенде, Корнелий утурлай чыгып, бутуна жыгылды. 26Петир болсо ага:
– Кой, тур, мен деле адаммын, – деп, өйдө тургузду.
27Аны менен кобурашып үйгө киргенде, көп адамдар чогулуп олтурушуптур. 28Петир аларга кайрылып мындай деди:
– Билесиздерби, биздин диний мыйзамыбыз боюнча иудей адамына башка элдиктер менен байланышууга да, алар жашаган жайга барууга да болбойт. Бирок бир да адам арам эместигин Кудай мага түшүндүрдү. 29Ошондуктан чакырылар менен шыр эле түптүз силерге келдим. Эми суроо берейин: кандай иш менен мени чакырдыңыздар эле?
30Корнелий мындай деп жооп берди:
– Үч күн мурун мен ушул убакта, күндүзгү саат үчтөрдө үйүмдө сыйынып олтургам. Аңгыча эле бет алдымда жаркыраган кийимчен киши пайда болду да: 31«Корнелий! Үнүң Кудайга жетип, адамдарга кылган кайрымдарың эске алынды. 32Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр. Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысмандын үйүндө», – деди. 33Муну угарым менен дароо сизге киши жибердим. Сиз келип, жакшы иш кылдыңыз. Эми Эгебиздин сизге айткан сөзүн төкпөй-чачпай бизге айтып бериңиз. Ошол үчүн баарыбыз Кудай алдында күтүп турабыз.
Петирдин башка улуттагыларга Жакшы Кабар айтышы
34Петир мындай деп сөзүн баштады:
– Кудайда бет карамачылык жок экен. Буга чындап көзүм жетти. 35Кудайдан ыйбаа кылып, ак жашаган адам кандай гана улуттан болбосун Ага жагат экен. 36Кудай Ыйса Машаяк аркылуу Өзү менен тынчтыкка чакырып, Ысрайыл элине кабар берди. Ушул Ыйса Машаяк баарынын Эгеси экен. 37Жакыя жар салган чөмүлдүрүү расмисинен кийин Галилеядан башталып, бүткүл Иудея аймагында болуп өткөн окуяны сиздер билесиздер. 38Кудайдын назареттик Ыйсаны Ыйык Рухка толтуруп кудуреттүү күчкө кантип эгедер кылганы сиздерге маалым. Ошондуктан Ал адамдарга жакшылык жасап, ибилистен запкы тарткандарды айыктырып жүрдү. Анткени Кудай Аны колдоп турду. 39Бүтүндөй иудей жеринде, ошондой эле Иерусалимде Анын кылган иштерине биз да күбөбүз. Алар Аны жыгачка керип өлтүрүштү. 40Мына ошол Ыйсаны Кудай үч күндөн кийин кайра тирилтип, адамдарга көрсөттү. 41Бирок баарына эмес. Тек, Кудай Өзү алдын ала эл арасынан тандап алган күбөлөрүнө, Ал кайра тирилгенден кийин Аны менен чогуу бир дасторкондон жеп-ичип, бирге жүргөн бизге гана көрсөттү. 42Ыйса болсо бизге Өзүнүн өлгөндөр менен тирүүлөрдү соттой турган Кудайдын белгилеген Соту экенин адамдарга жарыялоону жана кепилдикке өтүүнү буйруду. 43Ыйсанын ысмынын урматы үчүн, Ага ишенген ар бир адамдын күнөөсү кечирилет деп бардык пайгамбарлар да күбөлүккө өтүшкөн.
Башка улуттагыларга Ыйык Рухтун түшүшү
44Петир ушул сөзүн айтып жаткан маалда, аны угуп тургандардын баарынын үстүнө Ыйык Рух түштү. 45Петир менен бирге келген эврей улутундагы ишенүүчүлөр Ыйык Рухтун ыроологон ырыскысы башка улуттагыларга да берилгенине таңданышты. 46Анткени алардын бөтөн тилдерде сүйлөп, Кудайды даңазалап жатканын угушту. Ошондо Петир мындай деди:
– 47Биз сыяктуу эле, Ыйык Рухту алган адамдардын сууга чөмүлүү расмисинен өтүүсүнө ким кедерги боло алат?
48Анан аларга Ыйса Машаяктын урматына чөмүлдүрүү расмисинен өтүүнү буюрду. Ушул окуядан соң, алар Петирден бир нече күн өзүлөрү менен бирге болуп кетүүсүн суранышты.
Currently Selected:
Элчилер 10: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018