3 Жакан 1
1
Саламдашуу
1Чын жүрөгүмдөн сүйгөн сүйүктүү Гайга жыйын жетекчиси – менден салам кат.
2Сүйүктүү Гай, рухий акыбалың жакшы болуп жаткандай, бардык жактан телегейиң тегиз болуп, ден-соолукта болушуңду тилейм. 3Силерге барып келген боордоштор Кудайдын акыйкатына жан дилиңден берилип, ошол акыйкат боюнча жашап жатканыңды айтышканда чексиз сүйүндүм. 4Балдарымдын чындык жолунда жашап жатканын уккандан артык менде кубаныч жок.
Гай кылган иш туура
5Сүйүктүү Гай, жер кезип жүргөн боордошторубузга кызмат кылып жатканың эң жакшы. 6Алар сенин көрсөткөн адамгерчилигиң жөнүндө жыйын алдында айтып беришти. Боордошторду ушундайча узатсаң, анда Кудай адамына жарашкан ишти жасайсың. 7Алар Ыйсанын урматы үчүн үйлөрүнөн чыгышканда, Ага ишенбегендерден эч кандай жардам алышкан эмес. 8Биз ушундай боордошторубузду колдоо жоопкерчилигин мойнубузга алышыбыз керек. Ушундайча биз алар менен акыйкат үчүн кызматташ боло алабыз.
Жыйын жетекчилери Диотреф менен Деметир
9Мен жыйынга мурда да кат жаздым эле, бирок андагы биринчи болгонго тырышкан мансапкор Диотреф мени теңине албай жатат. 10Барсам, бизди сөккөнүн эсине салам. Мунусу аз келгенсип боордошторубузду же өзү кабыл албай, же кабыл алгысы келгендерге жол бербей, тоскоолдук кылып, жыйындан кубалоодо.
11Сүйүктүү Гай, жамандыкты эмес, жакшылыкты туура. Жакшылык жасаган адам Кудайдын жетеги менен жашайт. Жамандык жасаган киши болсо Кудайды таанып-билген эмес. 12Деметир жөнүндө ишенгендердин баары жана чындыкты сүйлөгөн Рух дагы жакшы пикирлерин айтып жүрүшөт. Биз да ал жөнүндө жакшы пикирдебиз. Биздин пикирибиздин чын экенин сен билесиң.
Соңку сөз
13Сага айта турган сөзүм көп, бирок калемсап менен сыя челекти чукулап олтургум келбейт. 14Андан көрө, жакын арада сени көрөм го деген тилегим бар. Ошондо орой көз чарай отуруп алып, жакшылап сүйлөшөрбүз.
15Сени Кудайдын тынчтыгы жылоолосун. Досторуң сага дубай салам жолдошот. Ал жактагы досторубуздун ар бирине бизден жекече салам айтып кой.
Currently Selected:
3 Жакан 1: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: