YouVersion Logo
Search Icon

2 Корунттуктар 9

9
Муктаж болгон боордошторго жардам берүү
1Чынын айтканда, силерге ыйыктарга жардам берүү жөнүндө жазуунун эч кажети деле жок, 2себеби канчалык ынта койгонуңарды билип, ахаялыктар#9:2 «Ахаялыктар» дегени Корунттуктар. Корунт шаары Ахая аймагынын баш калаасы болгон. Түшүндүрмөнү караңыз. былтыртан эле даяр болгон деп, македониялыктардын алдында силерди айтып мактанып да жүрөм. Силердин бул ишке ынта койгонуңар көптөрүнө түрткү берди. 3Мына эми, ошол мактанычым куру сөз болбосун деп жана, мурда айтканымдай, даяр болушуңар үчүн силерге боордошторуңарды жиберип жатам. 4Антпесе, элестетип көрсөңөр, мени менен кошо македониялыктар келип калып, даярдыгыңар жок болгонун көрүшсө, силерге ушунчалык ишенген биз шерменде гана болбойбузбу. Ал эми силердин кандай абалда каларыңарды айтпай деле койсо болот. 5Андыктан жанакы боордошторду, убада кылган жардамыңар даяр болсун үчүн, силерге өзүмдөн мурун жиберүүнү оң көрдүм. Ошондо мен келгенде аныңар даяр болуп, аргасыздыктан эмес, өз ыктыярыңар менен бергениңерди баары көрүшөт.
6«Аянып сепсең – аз түшүм,
Аянбай сепсең – мол түшүм»,
– деген сөздү унутпайлы.
7Ошентип ар бириңер өкүнбөй же муну милдет көрбөй, өзү канча кааласа, ошончо берсин. Анткени кубаныч менен бергендер Кудайга жагышат. 8Кудай болсо дайыма силерге керек болгонунан алда канча көп берүүгө кудуреттүү. Ошондо керектүүнүн баары дайыма колуңарда болуп, жакшылык кылууга артыкчылыгы менен жетет. 9Ыйык Жазууда айтылгандай,
«Жардыга марттык менен берген колдун
Түбөлүк унутулбайт жакшылыгы».#9:9 Забур 111:9.
10Ошентип, дыйканга себилер үрөнүн, жей турган нанын берген Кудай колуңарда барын көбөйтүп, адилдигиңердин үзүрүн арттырат. 11Ошондо бардык нерсеге бардар болуп, силер дайыма берешен боло аласыңар, ал эми биз аркылуу көрсөткөн берешендигиңерден улам көптөгөн адамдар Кудайга алкыш айтышат. 12Анткени кылган жакшылыгыңар ыйыктардын кем-карчын гана толтурбастан, адамдардын Кудайга алкыш айтууларын да арбытат. 13Ошентип, кылган жакшылыгыңарды көрүп, алар Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды берилгендик менен таратып жатканыңар үчүн, жоомарттык менен колуңарда барын алар жана башкалар менен бөлүшүп жатканыңар үчүн Кудайды даңазалашат. 14Алар силер үчүн сыйынып, силерди көрүүгө ынтызар болууда, анткени Кудай аларга силер аркылуу Өзүнүн зор ырайымын көрсөттү. 15Сыпаттап бүткүс тартуусу – Уулу Машаяк үчүн Кудайыбызга алкышыбызды айталы!

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in