YouVersion Logo
Search Icon

2 Корунттуктар 8

8
Македониялыктардын жоомарттыгы
1Боордоштор, биз силерди билсин дегенибиз – бул Кудайдын Македония аймагындагы жыйындарга көрсөткөн ырайымы. 2Не деген кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатканына карабай, алар кубанычка толуп турушат, өздөрү не деген жакырчылыкта жашап жатышканына карабай, эч аянбастан, ушунчалык берешен болушууда. 3Алар өз ынтасы менен колунан келгенин гана эмес, андан да көп беришкенине мен күбөмүн. 4Иерусалимдеги ыйыктарга жардам берүүгө катыштыруубузду көптөн көп суранышып, ошону өздөрүнө артыкчылык көрүштү. 5Мындай болорун биз күткөн да эмес элек. Бирок алар өздөрүн эң алды Эгебизге багыштап, анан Кудайдын эрки менен бизге да жардамдашышты.
Корунттуктарды жоомарттыкка чакыруу
6Ошондон улам биз ушул соопчулук ишин баштаган Титтен аны улантып, биротоло аягына чыгарууга силерге жардам берип коюшун өтүндүк. 7Силердин ишенимге, чечен сөзгө, билимге бай болуп, жардам берүүгө далалаттанып, бизди ушунчалык сүйгөнүңөрдү билип, бул жакшы иште айкөлдүгүн көрсөтүшөт деген үмүттөбүз.
8Бул сөзүм буйрук эмес. Болгону, башкалардын кылган аракеттерин көрүп, эми силердин да чын дилиңерден сүйгөнүңөр канчалык анык экенин сынап көрөйүн дедим. 9Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымдуулугун силер өзүңөр билесиңер: бардыгына ээ болуп турса да, Ал силерди ойлоп, Өзүн силер үчүн жакыр кылды. Мунун максаты Өзү жакыр болгону менен силерди байытууда эле.
10Силерге берер кеңешим бул. Былтыр биринчи болуп көмөк гана бербестен, ошого биринчи болуп ниеттенген да силерсиңер. 11Андай болсо, баштагы ниетиңерден жазбай, бул ишти ошого жараша бүткөрүп, колуңардан келгенин кылгыла. 12Эгерде берүүгө чындап ниетиңер бар болсо, анда берген жардамыңар колуңарда жогун эмес, колуңарда барын эске алуу менен кабыл алынат.
13Мен милдеттин баарын силерге жүктөп, башкалардын абалын жакшыртайын деп жаткан жерим жок. Кеп теңчиликке жетүүдө. 14Азыр силер өзүңөрдөн артканын берип, алардын кем-карчын толуктай алсаңар, кийин, силерде жетишсиз болгондо, алар өздөрүнөн артканы менен силердин кем-карчыңарды толукташат. Ошентип арабызда теңчилик болот. 15Ыйык Жазууда айтылгандай,
«Көп чогулткан адамдын эч нерсеси артпады,
Аз чогулткан адамдын муктаждыгы болбоду».#8:15 Чыгуу 16:18.
Пабыл жиберген өкүлдөр
16Титти да биздей кылып силерге ушунчалык кам көрүүгө ниеттендирип койгон Кудайга шүкүрчүлүк айтабыз! 17Барып кел деп өтүнгөнүбүзгө гана макул болбостон, жардам берүүгө ушунчалык далалаттанып, ал силерге өз ыктыяры менен бара жатат. 18Аны менен кошо силерге дагы бир боордошубузду жөнөтүп жатабыз. Ал Жакшы Кабар таратууда кылган кызматы менен бардык жыйындарда урмат-сыйга ээ. 19Анын үстүнө, жыйындар аны биз Эгебиздин атак-даңкын чыгарган жана өзүбүздүн жардам берүүгө ниеттенгенибизди көрсөткөн ушул кайрымдуулук ишибизди аткарып жүргөнчө бизге жолдош кылып дайындашкан.
20Бизге табышталган мол тартууларыңарды чогултуп бөлүштүрүүдө эч ким тарабынан айыпталбаш үчүн этият болууга аракеттенип жатабыз. 21Анткени биз Эгебиздин алдында гана эмес, элдин алдында да туура иш кылууга умтулабыз.
22Аларга кошуп өз арабыздан да дагы бир боордошубузду жибердик. Аны көп ирет ар кандай жагдайларда сынап көрүп, жардам берүүгө ынта койгонуна ынанганбыз. Эми болсо силерге ушунчалык ишенгенинен ал жардам берүүгө мурдагыдан да көп ниеттенүүдө. 23Тит тууралуу айта кетсек, ал – силерге жардам берүүдө мени менен дайыма иштешип жүргөн өнөгүм. Эки башка боордошубуз болсо – Машаяктын атак-даңкын чыгара турган жыйындардын өкүлдөрү. 24Андыктан аларга сүймөнчүлүгүңөрдү көрсөтүп, ошол аркылуу жыйындарды силер менен сыймыктанганыбыз бекер эмес экенине ынандыргыла.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in