2 Корунттуктар 4
4
Бардык кыйынчылыкты көтөргөн ишеним
1Ушул кызматка Кудайдын ырайымы боюнча чакырылганыбызды билген биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. 2Анын ордуна, демейде жаап-жашырылчу уят иштерден баш тартабыз да, амалкөйлөнүп Кудайдын Кабарын жасалмалабайбыз. Чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү бардыгынын абийиринин сотуна коёбуз. 3Ал эми биз жар салып жүргөн Жакшы Кабар кимдир бирөөлөргө жабык болсо, ал курут болуу жолун жолдоп бараткандар үчүн жабык. 4Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын улуулугу тууралуу Жакшы Кабардын жаркыраган нурун көрбөсүн үчүн ушул кыянат замандын жалган кудайы ишенбегендердин акыл-эсин көр кылып койгон. 5Анткени биз өзүбүздү эмес, баарынын Эгеси – Ыйса Машаякты үгүттөп жатабыз. Өзүбүз болсо Ыйса үчүн силерге кул болдук. 6«Караңгылыкка жарык жансын!» – деп буюрган Кудай Ыйса Машаяктын жүзүнөн жаркырап көрүнгөн Өз улуулугун билдириш үчүн Өзү жан-дилибизге нур болуп жанды.#4:6 Башт. 1:3; Жакан 1:4 – 9.
7Биз болсо асыл кенч сакталган чопо идиштер элебиз. Андыктан ушул чексиз кудурет бизден эмес, Кудайдан келип жатканы ачык-айкын көрүнүп турат. 8Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, талкаланган жокпуз; айласыз абалда болсок да, үмүттөн кол үзбөйбүз; 9куугунтук жеп жүрсөк да, ташталган жокпуз; кулатылсак да, жок кылынбадык. 10Өз денебизде дайыма Ыйсага окшоп азап тартып, өлүмгө дуушар болобуз. Ошол аркылуу Ыйсанын өмүрү да бизден көрүнөт. 11Анткени тирүү жүргөн биз Ыйсага окшоп кайра-кайра өлүм жазасына тартылганыбызда, бул аркылуу өлө турган денебизден Ыйсанын өмүрү да көрүнөт. 12Ошентип биздин өлүм менен беттешип жүргөнүбүздүн натыйжасында силер түбөлүк өмүргө ээ болуп жатасыңар.
13Ыйык Жазууда: «Сага ишенип, ошондуктан сүйлөдүм»,#4:13 Забур 115:1. – деп жазылган. Биз да ошол эле ишеним берчү Рухка ээ болуп, ишенген үчүн сүйлөп жатабыз. 14Эгебиз Ыйсаны өлгөндөрдөн тирилткен Кудай бизди да Ыйса менен кошо тирилтип, силер менен бирге Өз алдына алып келерин билебиз. 15Башыбыздан өткөндөрдүн баары силердин эле пайдаңар үчүн. Анткени Кудайдын ырайымы улам көбүрөөк адамдарга жеткен сайын Кудайга көбүрөөк алкыштар айтылып, Кудайдын улуулугун арттырат.
Ишеним менен жашоо
16Көңүлүбүз чөкпөгөнүнүн себеби мына ушунда. Сырткы табиятыбыз эскирип баратканы менен, ички табиятыбыз күндөн күнгө жаңыланууда. 17Анткени биз тартып жаткан анча-мынча убактылуу азабыбыз бизди түбөлүктүү даңкка алып барат. Анын канчалык зор экенин биз элестете да албайбыз. 18Биздин назарыбыз көзгө көрүнгөн нерселерге эмес, көзгө көрүнбөгөн нерселерге бурулушу керек, себеби көзгө көрүнгөнү убактылуу, көрүнбөгөнү болсо түбөлүктүү.
Currently Selected:
2 Корунттуктар 4: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: