2 Корунттуктар 2
2
1Ошентип, мен мындан ары силерди таарынтканы келбейм деп ичимен чечим кабыл алган болчумун. 2Себеби силерди таарынтсам, анда ким мени кубантмак эле? Жанакы эле өзүм таарынтып алган силер эмессиңерби? 3Мына ушу себептүү чынында мени кубантууга тийиш болгон адамдардын кылганын көрүп, капаланбайын деп, өзүм баргандан көрө, жанакы катты жазууну оң көрдүм. Ал эми мен кубансам, бул силердин баарыңар үчүн да кубаныч болорунан менин эч шегим жок эле. 4Ошол катты мен жаным кейип, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жазгам. Анткенимдин себеби силерди капаланткым эмес, жанымдан артык көргөнүмдү билгизгим келген болчу!
Өзүңдү таарынткан адамды кечирүү
5Ал эми араңардан кимдир бирөө башка бирөөнүн көңүлүн ооруткан болсо, ал менден көрө, силердин баарыңардын көңүлүңөрдү аздыр-көптүр оорутканын айтсам, мунум аша чапкандык болбос. 6Ал кишиге көпчүлүгүңөр аны жазалаганыңар жетиштүү болор. 7Эми болсо, тескерисинче, аны кечирип, жубатып койгонуңар оң, антпесе кайгыдан көңүлү таптакыр эле чөгүп кетет. 8Андыктан, суранам, ага силер аны сүйгөнүңөрдү билгизип койсоңор. 9Жанакы катты мен силерди сынап, айткандарыма моюн сунар-сунбасыңарды көрөйүн деп эле жазгам. 10Ал эми силер кимди кечирсеңер, аны мен да кечирем. Анын эмнесин кечирсем да, муну Машаяктын бет алдында силер үчүн, 11шайтан силерди алдап кетпесин үчүн кылам. Шайтандын амалкөйлүгүн биз жакшы билебиз го.
Пабылдын Троас шаарына баргандагы тынчы кеткени
12Троас шаарына Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратканы келгенимде, Эгебиздин мен үчүн бардык жолдорду ачып койгонун көрсөм да, 13бир нерсе тынчымды алып жатты: Троастан мен боордошубуз Титти таба албадым. Андыктан ал жердегилер менен коштошуп, Македонияга жөнөп кеттим.
Машаяк бизди жеңишке ээ кылат
14Бирок кантсе да, Кудайга шүкүр! Ал дайыма бизди Машаяктын жетеги менен жеңишке жеткирип, биз аркылуу Машаяк тууралуу кабарды аңкыган жыпар жыт сымал туш тарапка жайылтат. 15Ооба, биз – Машаяк Кудайга багыштап түтөткөн жыпар жыттуу заттын өзүбүз. Анын жыты куткарылуу жолундагыларга да, курут болуу жолундагыларга да тарап жатат. 16Бирөөлөргө ал өлүмдүн уулуктурган жыты болуп келсе, башкаларга – өмүрдүн аңкыган жыты. Андай болсо, Кудайдын бул кызматына ким жарактуу болуп эсептелет?! 17Көпчүлүккө окшоп биз Кудай кабарын соодага айландырып, андан пайда табалы деген жерибиз жок го. Кудайдын жибергендери, Машаяктын кызматчылары катары Ал бизди көрүп турганын билип, кайра Анын кабарын чын дилибизден таратып жүрөбүз.
Currently Selected:
2 Корунттуктар 2: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: