YouVersion Logo
Search Icon

2 Корунттуктар 11

11
Пабыл жана жалган элчилер
1Атаганат, менин бир аз «акылсыздыгыма» сабырдуураак болсоңор гана. Суранам, ошондой болсоңор. 2Анткени өзүм силерди пакиза кыз сымал бир гана эрге, Машаякка, убада кылып коюп, силерге Кудайдын Өзүнө окшоп кам көрүп жатам. 3Бир коркконум, жыландын жалган сөзүнө алданган Обого окшоп, силер да акылыңардан адашып, өзүңөрдү чын дил, ак ниет менен Машаякка арнаганыңарды унутуп калбагай элеңер. 4Анткени кимде-ким силерге биз жар салбаган, башка Ыйсаны жар салып, же болбосо силер кабыл алган Ыйык Рухтан башка рухту же бизден уккан Жакшы Кабардан башка кабарды жеткирип келсе, андайларга оңой эле чыдап жатпайсыңарбы.
5Мен өзүмдү жанакы, силер «улуу элчи» атагандарыңардан бир жерим кем деп ойлобойм. 6Сүйлөгөндө, балким, алардай чечен эместирмин, бирок билим жагын алганда, камчы салдырбайм. Муну бардык жагынан бир далай жолу далилдегенибизге өзүңөр деле күбөсүңөр.
7Кызматыма эч акы сурабай, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жар салып, аброюңарды көтөрүш үчүн өзүмдү кемсинткен элем. Ушундай кылганым күнөөбү? 8Силерге кызмат кылганымда, акчалай жардамды башка жыйындардан алып, силер үчүн аларды чыгымга учураттым. 9Араңарда жүрүп каражатка муктаж болгонумда да эч бириңерди кабатыр кылбастан, керектүү жардамды Македониядагы боордошторумдан алып турдум. Буга чейин силерге эч жагынан жүк болбогон сыяктуу, мындан ары да жүк болбойм. 10Машаяк тууралуу айткан ар бир сөзүм канчалык чындык болсо, ушул мактанычымды да Ахая аймагында эч ким жокко чыгара албасы ошончолук анык. 11Же муну силерди жаман көргөнүмдөн айтып жатам дейсиңерби? Силерди жакшы көргөнүмө Кудай Өзү күбө.
12Мен болсо буга чейин кандай иштеп келсем, мындан ары да ошондой иштеп, жанакы «элчи» сөрөйлөрдүн өздөрүн бизге окшотуп мактанышына жол бербейм. 13Анткени алар – Машаяк элчилеринин кейпин кийип, өз кытмыр иштерин кылган жалган элчилер. 14Алардын минткени таң калыштуу эмес. Шайтан өзү деле нур периштесинин кейпин кийип жүрбөйбү. 15Андай болсо шайтандын нөкөрлөрү да адилет нөкөрлөрүнүн кейпин кийип келгенин көрүп, эмнесине таң калмак элек? Акыры алар өз иштерине жараша тиешесин алышат.
Пабылдын башынан өткөргөн азаптары
16Дагы да кайталап айтам: эч кимиңер мени акылсыз деп ойлобогула. Ал эми акылсыз десеңер, анда дагы бир аз акылсызданып, мактанып алууга мүмкүнчүлүк берсеңер. 17Албетте, азыр айтып жаткандарым Эгебизден келген сөз эмес, өзү менен мактанып жаткан акылсыздын сөздөрү. 18Бирок өз пендечилигинен улам мактангандар көп болгон соң, мен деле аларга окшоп мактана берейин. 19Анткени өзүңөрдү акылдуу деп, акылсыздарга оңой эле чыдап келатпайсыңарбы. 20Бирөө келип, силерди өзүнө багындырып жатса да, талап-тоноп жатса да, өктөмдүк кылып жатса да, алдыңарда бой көтөрүп жатса да, бетке согуп жатса да – ошонун баарына чыдап келатпайсыңарбы. 21Эми, эмне, биздин силерге ушундай кылууга дарманыбыз жетпей калды деп уялышым керекпи?
Кантсе да, башкалар эмнеси менен мактанышса, бул сөзүм келжиректей угулса да, мен дагы ошону менен мактанып көрөйүнчү. 22Алар эврей бекен? Мен да эвреймин. Ысрайылдык бекен? Мен дагы. Ыбрайым урпактарыбы? Мен да. 23Машаяктын кызматчыларыбы? Акылынан айныган немедей көрүнсөм көрүнөйүн, бирок мен өзүмдү аларга караганда жакшыраак кызматчы деп эсептейм. Алардан көрө көбүрөөк мээнеттенип, зынданга да көп жолу камалдым. Канча ирет камчыланып, көп жолу өлүмдүн жүзүн көрдүм. 24Беш ирет иудейлерден отуз тогуз шапалактан жеп, 25үч ирет мени таяк менен сабашкан, ал турсун бир жолу таш бараңга да алындым. Үч жолу мен түшкөн кеме кыйроого учурап, бир күн, бир түн ачык деңизде калгам. 26Көп жолу жер кезип, ташкындаган суулардан, кол салган каракчылардан, өз улутташтарымдан да, баш улуттагылардан да, эл толгон шаар-кыштактардан, ээн жерлерден, суу-деңиздерден, боордош сөрөйлөрдөн көптөгөн коркунучтарга туш болгом. 27Жыгылганча иштеп, канча жолу түнү уйку көрбөй, ачка да калып, чаңкап да көрдүм. Канча ирет бир сындырым наным жок, киерге киймим жок, суукта да калдым. 28Башкасын айтпаганда да, бардык жыйындардын камын ойлоп күнүгө тынчым кеткени. 29Бирөөнүн алсыздыгын көрсөм, өзүм да алсыз болгон жок белем? Бирөөнүн күнөөгө азгырылганын көрсөм, жаным кайгыга баткан жок беле?
30Мактанышым керек болсо, алсыз жактарым менен мактанайын. 31Айткандарымда калет жок экендигин Кудайыбыз – Эгебиз Ыйсанын Атасы Өзү билет. Ага түбөлүктөн түбөлүккө алкыш! 32Дамаск шаарында болгонумда, Арет падышанын аймак акими мени кармамакчы болуп, бүт дарбазаларына сакчы коюп чыккан эле. 33Бирок мени ага карматпай, сепил тешигинен себетке салып түшүрүштү.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in