YouVersion Logo
Search Icon

2 Корунттуктар 10

10
Пабылдын элчилик беделин коргошу
1Кээ бирөөлөр мени алдыңарда турганда жалтанчаак болуп, ал эми алыс жүргөндө болсо батыл болот дешет экен. Кантсе да, мен өзүм, Пабыл, силерге кайрылып, Машаяктын момундугу менен жооштугу үчүн силерден өтүнөм: 2келгенимде мени ошентип батылдык менен сүйлөөгө аргасыз кылбасаңар. Албетте, бизди ушул дүйнөдөгүлөргө окшоп иш кылышат деп ойлогондорго карата мен батыл болсом болормун. 3Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, биз дүйнөдөгүлөргө окшоп согушпайбыз. 4Согушкан куралыбыз бул дүйнөнүн куралы эмес, чептердин таш-талканын чыгарган Кудайдын кудуреттүү куралы. Аны менен биз жалган ой-пикирлерди талкалайбыз; 5Кудайды таанып билүүнүн жолун бөгөгөн текебердиктин баарын ойрон кылып, ар бир адамдын ойлорун туткундап, Машаякка баш ийдиребиз. 6Ал эми силер Ага толугу менен баш ийгениңерде, биз баш ийбестиктин баарын жазалоого даяр болобуз.
7Силер көзгө көрүнгөн нерселерге карап жатасыңар. Эгер ким өзүн Машаяктыкымын деп билсе, ал биз деле ага окшоп Машаяктыкы экенибизди да ойлонсун. 8Бизге берилген бийлик менен өтө эле мактанып кетсем да, анын эмнесинен уялам? Бул бийликти мага ишенимиңерди талкалаш үчүн эмес, бекемдеш үчүн Эгебиз Өзү берген. 9Бирок мен силерди каттарым менен коркуткум келбейт, андай ойлобогула. 10Кээ бирөөлөр: «Пабылдын каттарын окусаң, ары сүрдүү, ары катаал угулат. Ал эми келгенде, өзү да алсыз, сөзү да супсак», – дешет экен. 11Андайларга эскертерим бул: жаныңарда жокто катыбыздан кандай көрүнсөк, келгенде да дал ошондой болобуз.
12Арийне, биз өзүбүздү мактанчаак немелерге салыштырууга да батына албайбыз. Өздөрүн бири бирине ченеп, өздөрүн бири бирине салыштырган алардын кылыгы акылсыздык эмей эмне?! 13Биздин мактануубуз болсо белгилүү чектен чыкпайт. Ал чек – Кудайдын бизге бөлүп берген иши. Силерге кылган кызматыбыз да ошол чектин ичинде. 14Силерге барганыбызда да, биз ошол чегибизден чыккан жокпуз, анткени биринчи болуп силерге Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды алып келген биз элек го?! 15Биз башкалардын кылган иши менен мактанып жаткан жерибиз жок. Анын ордуна, силердин ишенимиңер өсүп, ошого жараша биз да силердин араңарда мурдагыдан да зор иш кыла алабыз деген үмүттөбүз. 16Ошондо силерден башка жерлерге да барып, Жакшы Кабар тарата алабыз да, кимдир бирөөнүн өз ордунда кылган иши менен мактанган болбойбуз.
17«Кимде-ким мактангысы келип турса,
Мактансын Эгебиздин иши менен!»#10:17 Жер. 9:24.
18Өзүн-өзү мактаган адам эмес, Эгебиз мактаган адам кадыр-баркка татыйт.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in