1 Петир 5
5
Жыйындагы жетекчилер менен жаштарга
1Жыйын жетекчилеринен суранарым: мен да силер менен кызматташ жыйын жетекчисимин, Машаяктын тарткан азаптарынын күбөсүмүн, Ал кайра келгенде көрүнө турган атак-даңкты бөлүшө тургандарданмын, 2Кудайдын баккыла деп калтырган «коюн» айласыздан эмес, Ал каалагандай көңүлдөнүп кайтаргыла. Өз пайдаңарды көздөбөстөн, чын дилиңерден баккыла.#5:2 Жакан 21:15 – 17. 3Силерге тапшырылгандарга үстөмдүк кылбай, кайра үлгү көрсөткүлө. 4Ушундай кылсаңар, «Башкы Койчу» – Машаяк кайра келгенде, эч качан чирибес «атак-даңктын таажысын» кийесиңер.
5Жаштар, жетекчилерге баш ийгиле. Бир бириңе кекирейбегиле, себеби
«Менменсинген адамга
Каршы болот Кудайым,
Моюн сунган адамга
Ырайымын төгөт Ал».#5:5 Нак сөз. 3:34.
6Андыктан кудуреттүү Кудайга моюн сунгула. Ал убагы келгенде силерди жогору көкөлөтөт.#5:6 Матай 23:12; Лука 14:11; 18:14. 7Түйшүгүңөрдү түгөл Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.
8Сергек жана сак болгула. Душманыңар ибилис аркыраган арстандай кимди жеп жиберсем деп издеп жүрөт. 9Ага бек ишенимиңер менен каршы тургула, себеби бүт дүйнөдөгү боордошторуңар ушундай эле кыйынчылык тартып жүргөнүн билесиңер. 10Ал эми бардык ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап чеккениңерден кийин силерди кайрадан жеткилең, күчтүү, бекем жана олку-солку болбос кылат. Себеби Ал силерди Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкын бөлүшүүгө чакырган. 11Ал түбөлүккө бийлик кыла берсин! Оомийин.
Соңку сөз жана бата тилөө
12Бул кыска катымды ишенимдүү боордошум деп санаган Сила аркылуу жолдодум. Силерге кайрат-дем, күч берип, Кудайдын анык ырайымы өйдөдө айтылгандай экенине кепилдикке өткүм келет. Бул катта айтылгандарды бек кармангыла. 13Силердин өзүңөрдөй эле Кудай тандап алган Бабылдагы жыйын менен уулум Марк салам айтат. 14Бири бириңерди астейдил сүйүп, бек кучактап учурашкыла. Ыйса Машаяк менен тыгыз алакада жүргөн баарыңарды ылайым бейпилчилик жылоолосун.
Currently Selected:
1 Петир 5: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018