1 Корунттуктар 7
7
Нике маселеси
1Эми өзүңөр жазгандарга токтолоюн.
Жиберген катыңарда «эркек кишинин эч бир аялга жолобой эле койгону жакшы» депсиңер. 2Бирок бузукулук ушунчалык көбөйүп кеткендиктен, ар бир эркектин өз аялы, ар бир аялдын өз күйөөсү болгону абзел. 3Эркек киши өз аялына карата күйөөлүк парызын, аял болсо өз күйөөсүнө карата аялдык парызын аткарууга тийиш. 4Аялдын денесине ал өзү эмес, күйөөсү ээлик кылат. Ошол эле сыяктуу, күйөөсүнүн денесине да ал өзү эмес, аялы ээлик кылат. 5Бири бириңер менен катнашта болуудан баш тартпагыла. Сыйыналы деп алдын ала макулдашып алган учурларда гана аны кыска убакка токтото турсаңар болот. Андан соң, кайрадан бирге болгула. Антпесе, өзүңөрдү өзүңөр кармай албай, шайтандын азгырыгына кирип кетишиңер мүмкүн.
6Бул айтканым буйрук эмес, уруксат гана. 7Чындыгында, баарыңардын менчилеп жалгыз бой болушуңарды каалар элем. Бирок Кудай бирибизге мындай, башкабызга тигиндей жөндөм ыроологон.
8Бойдоктор менен жесирлерге айтар элем: мындан ары да менчилеп жалгыз бой калганыңар оң. 9Бирок өз ышкыңарга өзүңөр ээ боло албасаңар, кумар отуна өрттөнүп күл болгуча, үйлөнүп алганыңар эле дурус.
10Үй-бүлөлүүлөргө мен эмес, Эгебиздин буюрганы бул: аял күйөөсүнөн кетпөөгө тийиш. 11Ал эми кетсе, анда мындан ары турмушка чыкпашы же күйөөсү менен жарашып алышы керек. Дал ошондой эле эркек киши дагы аялын таштап кетпөөгө тийиш.
12Калгандарына болсо Эгебиз эмес, мен өзүм мындай дейм: эгерде кайсы бир боордоштун Машаякка ишенбеген аялы күйөөсү менен бирге жашоого макул болсо, анда күйөөсү аны таштабашы керек. 13Ошондой эле кайсы бир ишенген аялдын күйөөсү Кудайга ишенбей туруп, аялы менен жашоого макул болсо, аялы андан кетпөөгө тийиш. 14Анткени ишенбеген күйөө ишенген аялы аркылуу, ишенбеген аял ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Андай болбогондо, балдарыңар ыйык болмок эмес. Эми болсо алар ыйык. 15Бирок ишенбеген аял күйөөсүнөн кетүүнү же ишенбеген күйөө аялын таштап кетүүнү кааласа, кете берсин. Мындай учурда анын ишенген жубайы ага байланбаган болуп эсептелет. Кудай бизди тынччылыкта жашоого чакырган. 16Машаякчы аял, сен өз күйөөңдү куткарууга алып келбесиңди кайдан билесиң? Же сен, машаякчы күйөө, өз аялыңды куткарууга алып келбесиңди кайдан билесиң?
Кудай силерди кандай жашоого чакырса, ошого ылайык жашагыла
17Бардык жыйындарда мен мындай талап коём: Эгебиз силерге эмнени буюрса жана Кудай силерди чакырып алганда кандай абалда болсоңор, ошого ылайык жашагыла. 18Чакырылгандардын кимиси мурда сүннөткө олтургузулган болсо, Кудайга келгенден кийин сүннөттөлгөнүн жашырууга аракеттенбесин. Кимди Кудай сүннөттөлбөгөн бойдон чакырган болсо, ишенимге келгенден кийин сүннөткө олтурууга аракет кылбасын. 19Анткени эркектин сүннөткө олтурган-олтурбаганынын эч мааниси жок. Маанилүүсү – Кудайдын берген парыздарын аткаруу. 20Кудай чакырып алганда кимиңер кандай абалда болсоңор, ошол бойдон калгыла. 21Кудай чакырып алганда кул белеңер? Бул тууралуу кабатыр болбогула. Бирок эркин болууга жол ачылса, андан пайдалангыла. 22Анткени кимди кул кезинде Эгебиз чакырып алса, ал Эгебиздин кол алдындагы эркин адам болуп калган. Ошол сыяктуу эле Эгебиз чакырып алган эркин адам баары бир Машаяктын кулу. 23Кудай силерди кымбат баага сатып алганын билип, адам баласына кул болбогула. 24Ошентип, боордоштор, кандай абалда чакырылган болсоңор, Кудай менен болгон алакаңарда да ошол эле абалда кала бергиле.
Үй-бүлөсү жоктор жана жесирлер тууралуу
25Үйлөнө электер менен турмушка чыга электер тууралуу менде Эгебизден алган эч буйрук жок. Андыктан Эгебиз Өзү ырайым этип, ишенимдүү деп тапкан кызматчысы катары өз пикиримди айта кетейин.
26Үстүбүздөгү кыйынчылыктарды эске алсак, менин оюмча, ар кимдин азыркы абалында эле кала бергени оң. 27Аялың барбы? Анда аны менен ажырашууну ойлобо. Аялың жокпу? Анда өзүңө аял издебей эле кой. 28Эми, үйлөнүп алган күнөө болбойт дечи. Кыздын деле турмушка чыкканы күнөө эмес. Бирок үй-бүлө күтүп алгандар өз жашоосунда көп азаптарга учурайт. Силер андай болбогой элеңер дейм.
29Боордоштор, менин айтайын дегеним бул: Эгебиздин кайтып келерине аз калды. Ошондуктан азыртан эле аялы барлар үйлөнбөгөнсүп, 30кайгырып ыйлагандар эч кайгы-муңу жок болгонсуп, кубанып күлгөндөр кубанбагансып, бир нерсе сатып алгандар колуна эч нерсе тийбегенсип, 31ушул дүйнөнүн көр оокатынан пайдалангандар андан пайдаланбагансып жашашсын, анткени бул дүйнөнүн азыркы абалы акырына жакындап калды.
32Мен силердин бардык түйшүктөн бошонууңарды каалар элем. Үйлөнбөгөн эркек Эгебиздин иши менен алек болуп, Эгебизге жагуунун камын көрөт. 33Үйлөнгөн эркек болсо көр тирлик иштерине алпурушуп, аялынын көңүлүн алууну ойлойт. 34Ошентип, ал эки анжы болот. Ошондой эле күйөөсү жок аял же турмушка чыга элек кыз да денеси менен жан-рухун Кудайга багыштап, Эгебизге кызмат кылуу менен алек болот. Ал эми күйөөсү бар аял күйөөсүнүн көңүлүн алууну ойлоп, көр тирилик иштери менен алек.
35Мындай дегенимдин себеби силерге кандайдыр бир чек коюу эмес. Тескерисинче, силердин эле пайдаңарды ойлоп, өздөрүн туура алып жүрсүн жана бардык дитин Эгебизге кызмат кылууга койсун деп айтып жатам.
36Кимде-ким убадалашып койгон кызына үйлөнбөй коюу туура эмес деп ойлосо жана өз кумарына өзү ээ боло албаса, анда каалаганындай үйлөнүп алсын: бул күнөө эмес. Алар үйлөнүп алышсын. 37Бирок үйлөнүүгө эч зарылчылык болбосо, ал бойдок калам деген оюна бек туруп, өзүн өзү кармай билип, эмне кыларын оюнда эбак чечип койгон болсо, анда анын кызга үйлөнбөй койгону күнөө болбойт. 38Ошентип, жигиттин жаш кызга үйлөнгөнү жакшы иш болсо, үйлөнбөй койгону андан да жакшы иш болот.
39Күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө аялы ага башы байланган болот. Ал эми күйөөсү каза болуп калса, анда ал кимге тием десе, өз эрки, тек гана ал киши да Эгебизге ишенген адам болууга тийиш. 40Бирок аял андан ары турмушка чыкпай эле койсо, Кудайдын көбүрөөк батасын алат. Мен болсо менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 7: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: