1 Корунттуктар 6
6
Боордоштору менен соттошуу
1Кимдир бирөөңөр ишенимдеши менен доолашып кетсе, бул маселени ыйыктардын эмес, дүйнөнүн кудайсыз сотунун алдына коюуга кантип батынасыңар? 2Ыйыктар дүйнөнү соттой турганын силер билген жок белеңер? Эгерде келечекте дүйнөнү соттоого тийиш болсоңор, анда эмне, жанакы болбогон маселени өзүңөр чече албай калдыңарбы? 3Ал гана эмес, периштелерди да соттой турганыбыз силерге маалым эмес беле? Демек, кадыресе турмуштук көйгөйдү чечип коюш биз үчүн кыйынга турбас! 4Андыктан, ушул сыяктуу иш келип чыкканда, жыйынга эч тиешеси жок немелерди өзүңөргө сот кылып алганыңар кандай? 5Кайран гана бир боорлорум-ай! Боордошторунун ортосуна түшүп, доосун чечип бергидей араңардан бир дагы акылман адам табылбаптыр да. 6Анын ордуна, боордоштор бири бирин сотко, болгондо да ишенбегендердин сотуна сүйрөп барат экен.
7Бир-бириң менен араздашканыңардын өзү эле жеңилгендик эмеспи? Андан көрө, ак жерден айыпталганыңар, колуңардагыны тарттырып жибергениңер оң болбойт беле? 8Силер болсо өзүңөрдүн эле карачечекей боордошторуңарды айыптап, бири бириңерди тоноп жатасыңар! 9Же адилетсиздердин Кудай Падышачылыгында энчиси жок экенин билбей калдыңар беле? Алданбагыла, бузукулук кылгандар да, буркандарга табынгандар да, жубайынын көзүнө чөп салгандар да, бачабаздар да, кызтекелер да, 10уурулар да, ач көздөр да, аракечтер да, ушакчылар да, тоноочулар да – бири дагы Кудай Падышачылыгына мураскор болушпайт. 11Араңардагы кээ бирөөлөр да бир кезде ушундай болгон. Бирок силер Эгебиз Ыйса Машаяктын урматына жана Кудайдын Руху аркылуу күнөөдөн арылып, ыйыкталып, Кудай алдында ак болдуңар.
Өз денеңер менен да Кудайдын атак-даңкын чыгаргыла
12«Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер. Ырас, бирок бардык эле нерсе пайдалуу боло бербейт. «Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер, бирок эч нерсе бизди башкарбоого тийиш. 13«Тамак – ашказан үчүн, ашказан да тамак үчүн жаратылган» дейсиңер, бирок Кудай бир күнү экөөнү тең жок кылат. Денебиз да бузукулук кылыш үчүн эмес, Эгебизге кызмат кылыш үчүн берилип, Эгебиз денебиздин камын көрөт. 14Эгебизди өлгөндөн тирилткен Кудай бизди да Өз кудурет-күчү менен тирилтип алат.
15Денеңер Машаяк денесинин бир бөлүгү экенин силер билбейт белеңер? Ушуну билип туруп, өз денемди Машаяктын денесинен бөлүп алып, аны эми кайсы бир сойкунун денесине кошомбу? Кудай анын бетин ары кылсын! 16Же сойку менен төшөк бөлүшкөн эркек аны менен бир дене болуп калары силерге белгилүү эмес беле? «Экөө бир дене болуп калышат»,#6:16 Башт. 2:24. – деп жазылып турбайбы. 17Ал эми ким Эгебизге кошулса, Аны менен рухий бир болуп калат.
18Бузукулуктан оолак болгула. Адам кетирген мындан башка күнөөлөр денеге зыян келтирбейт, ал эми бузукулук кылган адам өз денесин күнөөгө батырып, зыянга учуратат. 19Денеңер Ыйык Рух жашаган ийбадаткана экенин билбейсиңерби? Рухту силерге Кудай берип, Ал денеңердин ичинде өкүм сүрөт. Андыктан силер эми өзүңөргө эмес, Кудайга таандыксыңар. 20Ал силерди кымбат баага сатып алган. Муну билип, денеңер менен да Кудайдын атак-даңкын чыгаргыла.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 6: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018