YouVersion Logo
Search Icon

1 Корунттуктар 2

2
Айкаш жыгачка керилген Машаяк жөнүндөгү кабар
1Боордоштор, силерге келгенимде, Кудайдын акыйкаттыгы тууралуу купуя кабарды чечендикке же акылмандуулукка салып жар салууга далалаттанганым жок. 2Анткени араңарда жүргөнүмдө, Ыйса Машаяктан, өзгөчө Анын айкаш жыгачка керилип өлгөнүнөн башка эч нерсени билбегендей болууну чечкем. 3Ошентип, силерге келгенимде, алдыңарда эч дарманым жок, коркконуман калтырап-титиреп турган элем. 4Сүйлөгөн сөзүм менен айткан насаатымда адам акылмандыгынан келип чыккан сөздөрдү колдонгонум жок. Силерди ынандырган менин кебим эмес, Кудайдын кудуреттүү Руху. 5Демек, ишенимиңер адам акылына эмес, Кудайдын кудуретине негизделген.
Кудайдын акылмандыгы
6Албетте, рухий жетилгендерге сөз айтканда, биз деле акылмандыкка таянып сүйлөйбүз. Бирок ал – бул дүйнөнүн же болбосо бул дүйнөнү башкарып турган өкүмдарлардын акылмандыгы эмес: алардын заманы өтүүдө. 7Жар салганыбыз – Кудайдын жашырын, адам көзүнө көрүнбөгөн акылмандыгы. Бизди Өз улуулугуна бөлөш үчүн Кудай аны тээ алмустактан мурда эле дайындап койгон. 8Бул акылмандыкты дүйнөнүн өкүмдарлары түшүнө алышпайт. Түшүнүшсө, Улуулуктун Эгесин айкаш жыгачка кадашмак эмес. 9Кантсе да, Ыйык Жазуунун мындай деп айтылган жери бар:
«Кудайды жан-дилинен сүйгөндөргө
Ал Өзү даярдаган укмуштарды
Адамдар көргөн да эмес, уккан да эмес,
Эч кимдин оюна да келген эмес».#2:9 Ышая 64:4.
10Бирок Кудай бизге Өз акылмандыгын Ыйык Рух аркылуу ачык-айкын билдирди. Рухка бардыгы, ал тургай Кудайдын жашыруун ой-максаттары да маалым. 11Адамдын ой-санааларын ичиндеги руху гана билген өңдүү, Кудай тууралуу бардыгын Анын Руху гана биле алат. 12Биз кабыл алган рух ушул дүйнөнүн руху эмес. Кудайдын бизге эмнелерди ыроологонун түшүнүп-билиш үчүн бизге Кудай Өзүнүн Ыйык Рухун жиберди.
13Кудайдын Рухуна ээ болгондорго рухий чындыктарды чечмелегенибизде, биз адамдык акылмандыктан эмес, Рухтан үйрөнгөн сөздөрдү колдонобуз. 14Кимде Кудайдын Руху жок болсо, ал Рух ыроологон касиеттерге да ээ боло албайт. Алар анын түшүнүгүнөн сырткары туруп, ага эч маңызы жоктой көрүнөт, себеби рухий нерселерди баамдаш үчүн адам Рухка ээ болууга тийиш. 15Ыйык Рухка ээ болгондор болсо бардыгын баамдай алышат, бирок алардын өздөрүн баамдоого эч кимдин кудурети жетпейт.
16«Кудайдын акыл-оюн ким биле алат?
Кудайга кеңеш-сунуш ким бере алат?»#2:16 Ышая 40:13.
Биз болсо Машаяктын акыл-оюн түшүнө алабыз.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in