YouVersion Logo
Search Icon

1 Корунттуктар 16

16
Муктаж болгон боордоштор үчүн акча-каражат чогултуу
1Эми ыйыктар үчүн акчалай жардам чогултуу тууралуу: Галатиядагы жыйындарга эмнени буюрсам, силер да ошону аткаргыла. 2Мен келгенде гана акча чогултмай башталбас үчүн, дайыма жуманын биринчи күнү ар бириңер өз иштеп тапканыңарга жараша, колуңардан келген акчаны бөлүп, ошону сактап койгула. 3Мен болсо силерге барып калганымда, өзүңөр тандаган кишилерге ишеним кат жазып берип, акчаңарды жеткириш үчүн Иерусалимге жөнөтөм. 4Ал эми өзүм да ал жакка барышым керек болсо, анда алар мени менен чогуу барышат.
Пабылдын ой-максаттары
5Менин Македония аймагын кыдырып чыгайын деген ниетим бар. Андыктан Македонияны басып өткөндөн кийин силерге келип кетмекчимин. 6Силердикине бир аз токтоп, балким, кыштап да кетермин. Андан соң, силер мени барар жериме узатып коёрсуңар. 7Жөн эле тийип кетким келбей, Эгем буюрса, аздыр-көптүр силер менен болуп кетем деген үмүттөмүн. 8Түшүм майрамына чейин болсо Эфесте турам, 9анткени бул жерде каршылаштык көп болгону менен, чоң, үзүрлүү эмгекке жакшы мүмкүнчүлүк бар.
10Силерге Тиметей келип калса, аны эч ким оңтойсуз абалда калтырбашына көз салып койгула, анткени ал да менчилеп Эгебиз үчүн иштеп жүрөт. 11Эч кимиңер ага өйдөсүнүп карабагыла. Андан көрө, мага аман-эсен кайтып келсин деп, тынчтык менен узатып койгула. Мен анын жана аны менен кошо боордоштордун келишин күтүп жатам.
12Эми боордошубуз Апол тууралуу. Мен аны башка боордоштор менен кошо силерге барсын деп абдан өтүнгөн элем. Бирок дароо барууга анын эч көңүлү жок болчу. Кантсе да, ыгы келгенде, ал силерге барып калар.
Соңку сөз жана бата тилөө
13Сергек болуп, ишенимге бек тургула. Эр жүрөк жана күчтүү болгула. 14Эмне кылсаңар да, сүйүү менен кылгыла.
15Өзүңөр билгендей, Степандын үй-бүлөсү Ахая аймагында биринчи болуп ишенип, өздөрүн ыйыктарга кызмат кылууга арнашкан. 16Боордоштор, өтүнөм, мындай адамдарга жана алар менен кошо катуу иштегендерге кызмат кылгыла. 17Степандын, Фортунаттын жана Ахайиктин келгенине жетине албай отурам: алар келгенден бери өзүңөр жанымда болгондой эле болуп калдым. 18Алар менин да, силердин да көңүлүңөрдү көтөрүштү. Мындайларды кадырлап жүргүлө.
19Асия аймагындагы жыйындар силерге салам жолдошту. Акила менен Приска жана алардын үйүндө чогулуп жүргөн жыйын да силерге Эгебиздин атынан жылуу салам айтышты. 20Боордоштордун бардыгы силерге өз саламын жолдошту.
Бири бириңерге жолукканда, чын пейлиңер менен беттен сүйүп учурашып жүргүлө.
21Ушул саламымды мен, Пабыл, силерге өз колум менен жазып жатам.
22Эгебизди сүйбөгөн ар ким каргышка калат!
Эгебиз, келегөр!#16:22 Бул жерде Пабыл арамей сөзүн колдонот: мараната – Эгебиз келегөр.
23Эгебиз Ыйса силерге ырайым этсин.
24Баарыңарды Ыйса Машаяк сүйгөндөй сүйөм.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in