YouVersion Logo
Search Icon

1 Корунттуктар 15

15
Машаяктын өлгөндөн тирилиши
1Эми, боордоштор, эсиңерге өзүм жарыялаган Жакшы Кабарды салгым келет. Силер аны кабыл алып, ага ылайык жашап келатасыңар. 2Эгер мен жарыя кылган Жакшы Кабарга ылайык жашасаңар, ошол аркылуу куткарыласыңар. Антпесе ага ишенгениңер куру бекер.
3Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген ошол кабардын ток этер жери мындай. Ыйык Жазууда убада кылынгандай, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн курман болгон. 4Анын көргө коюлуп, үчүнчү күнү кайра тирилери да Ыйык Жазууда алдын ала айтылган. 5Андан кийин Ал Петирге, анан он эки элчисине көрүнгөн. 6Андан соң, Аны бир эле убакта беш жүздөн ашык боордошторубуз өз көзү менен көрүшкөн; алардын айрымдары көз жумганы менен, көбү али да тирүү. 7Андан соң, Ал Жакыпка жана элчилердин баарына көрүндү.
8Эң акырында болсо, Аны маалынан өтүп туулган балага окшогон мен көрдүм. 9Өзүмдү мындай дегеним, мен элчилердин катарында эң акыркы болуп турам, атүгүл элчи болуп аталууга да татыксызмын, себеби Кудай жыйынын куугунтуктагам. 10Бирок Кудай мага ырайым этип, азыркы даражага жеткирди. Кудайдын мага кылган ырайымы текке кетпестен, мен кайра алардын баарына караганда көбүрөөк мээнеттенип иштедим. Арийне, эмгектенген мен өзүм эмес, мени колдогон Кудайдын ырайымы. 11Ошентип, мен боломбу, же аларбы, биз жарыялап, силер ишенген кабар ушул.
Биздин кайра тирилишибиз
12Эгерде биздин жарыялаганыбыз Машаяктын өлүмдөн тирилиши болсо, анда араңардагы кээ бирөөлөрдүн өлгөндөр тирилбейт деп жүргөнү кандай? 13Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк тирилген эмес экен да? 14Эгерде Машаяк тирилген эмес болсо, анда биздин жарыялаганыбыз да, силердин ишенгениңер да куру-бекер болмок. 15Бул гана эмес, биз Кудай тууралуу жалган айтып калмакпыз, себеби өлгөндөргө тирилүү мүмкүн болбосо, анда Кудай Өзү тирилтпеген Машаякты биз кайра тирилткен деп күбөлөндүргөн болуп калабыз. 16Анткени өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес. 17Ал эми Машаяк тирилбеген болсо, анда ишенгениңер эч пайдасыз болуп, өзүңөр күнөөнүн алкагында кала бересиңер. 18Андай болсо Машаякка ишенип өлгөндөр да түбөлүк өмүр албай калышат. 19Машаякка арткан үмүтүбүз ушул жашообуз үчүн гана жараса, анда бизден өткөн шордуу киши жок.
20Бирок чындыгында Машаяк өлгөндөрдөн биринчи болуп тирилип, бул кийин калгандар да тирилеринин анык белгиси. 21Ажал бул дүйнөгө адам аркылуу келгендей, өлгөндөн тирилүү да адам аркылуу келди. 22Адам ата аркылуу баары өлүмгө дуушар болгондой, Машаяк аркылуу баары түбөлүк өмүр алышат. 23Бирок ар кимдин өз тирилиш кезеги бар: алгач башкалардын тирилеринин белгиси катары Машаяк, анан Машаяк кайтып келгенде, Ага таандык болгондор. 24Андан соң, дүйнөнүн акыры келет да, өкүмдарлыктын, бийликтин жана күч-кудуреттин бардыгын жеңген Машаяк падышалыкты Кудай Атанын колуна тапшырат. 25Бүт душмандары жеңилип, бут алдына жыгылгыча Машаяк падышачылык кылат. 26Жеңилип жок болчу душмандардын акыркысы болсо – өлүм. 27«Кудай бардыгын Анын бут алдына жыгып берди».#15:27 Забур 8:7. «Анын бут алдына жыгып берди» делгендердин ичинде Кудайдын Өзү жок экени анык, себеби баарын Машаякка багындырган Ал эмеспи. 28Бардык нерсе Машаяктын бийлиги алдына багындырылганда, Уулдун Өзү да бардыгын Ага багындырган Кудайга моюн сунуп, толугу менен бардыгында болот.
29Эгерде өлгөндөн тирилүү жок болсо, анда кайтыш болгондордун ордуна чөмүлүү расмисинен өткөндөр муну кандай үмүт менен кылышат? Эгерде өлгөндөр чын эле тирилбесе, анда эмне үчүн алардын ордуна чөмүлүү расмисинен өтүү орун алууда? 30Андай болсо, эмне үчүн биз да ар саат сайын жаныбызды тобокелге салып жүрөбүз? 31Боордоштор, мен күн сайын өлүмдүн жүзүн көрүп жүрөм. Эгебиз Машаяк Ыйсанын алдында силер менен сыймыктанганым канчалык анык болсо, бул сөзүм да ошончолук анык. 32Эгерде Эфес шаарында жапайы жырткычтар менен алышканым өзүмдүн эле пенделик ниетимден келип чыкса, анын мага кандай пайдасы тиймек эле? Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда, айтылып жүргөндөй,
«Эртеңки ажал келгиче,
Бүгүн жеп-ичип алалы».#15:32 Ышая 22:13.
33Алданбагыла,
«Арамдарга кошулган
Өз ыйманын жоготот».
34Акылыңарды жыйгыла да күнөөгө батпагыла! Силерди уяткарып айтарым бул: кээ бириңер алигиче Кудайды тааный элексиңер.
Дененин тирилиши
35«Өлгөндөр кантип тирилмек эле? Тирилсе, денеси кандай болот?» – деп араңардан бирөө собол таштар. 36Алда, акылсыз неме-ай! Өзүң эккен үрөн «өлмөйүн» кайрадан өсүп чыкмак беле? 37Сепкенде да даяр эгинди эмес, буудайдын же дагы башка өсүмдүктүн тоголок уругун гана себесиң. 38Ал эми ар бир уруктун кандай келбетте өсүп чыгарын Кудай чечет.
39Жандуу нерселердин эт-денеси да бирдей эмес: адамдыкы мындай болсо, айбандардыкы тигиндей, балык менен куштуку да эки башка.
40Ошондой эле асмандык денелер менен жердик денелер болот. Асмандагысы менен жердегисинин шаң-салтанаты бирдей эмес. 41Күндүн өзүнүн шаң-салтанаты, айдын өз шаң-салтанаты, жылдыздын да өз адеми бар. Ал турсун ар башка жылдыздын да көркү ар башка болот.
42Өлгөндөрдүн тирилгени да ошонун сыңарындай: жерге көмүлгөн дене чирип, тирилгени чирибес болот; 43эч баркы жок көмүлүп, тирилгенде кадырлуу болот; көмүлгөндө алсыз болуп, тирилгенде кубатка толот. 44Көмүлгөнү – табигый дене, тирилгени – рухий дене. Табигый дене болгон сыяктуу, рухтан бүткөн дене да болот. 45Ыйык Жазууда айтылгандай, биринчи Адам «тирүү жан болду»,#15:45 Башт. 2:7. акыркы Адам болсо – бул өмүр берүүчү Рух. 46Биринчи келгени рухий эмес, табигый болчу. Рухтан бүткөнү андан кийин келди. 47Биринчи адам жерден алынып, топурактан жасалды. Экинчиси болсо – көктөн келди. 48Топурактан жасалган адамдын денеси кандай болсо, жердеги адамдардыкы да ошондой болот. Ал эми көктөгүлөрдүн денеси көктөн келген адамдыкындай. 49Азыр жердеги адамдын келбетин кийген сыяктуу, келечекте биз көктөгү адамдын келбетине да бөлөнөбүз.
50Силерге айтарым бул, боордоштор: эт менен кандан бүткөнү Кудай Падышачылыгына кире албайт да өлө турганы түбөлүк өмүр сүрө албайт. 51Кулак төшөп уккула, силерге купуя сырды ачып берем: биз баарыбыз эле өлбөйбүз, бирок баарыбыз толук өзгөрөбүз. 52Бул акыркы кернейдин үнү угулары менен бир заматта, көз ачып жумгуча ишке ашат. Кернейдин үнү жаңырганда, өлгөндөр тирилип өлбөс болот да, биз өзгөрөбүз. 53Анткени мынабу чирип кетер денебиз чирибес, өлө турган денебиз өлбөс болуп калууга тийиш. 54Ошентип, мунун баары иш жүзүнө ашып, өлүү нерсе өлбөстүккө бөлөнгөндө, Ыйык Жазуудагы мындай сөз орундалат:
«Жеңиш бизде! Өлүм толук жоюлду!»#15:54 Ышая 25:8.
55«Кана, ажал, кайда кеткен жеңишиң?
Кана, ажал, чакчу ийнең кайда эле?»#15:55 Ошуя 13:14.
56Ажалдын чагып өлтүрчү ийнеси күнөө болсо, күнөө өз күчүн мыйзамдан алат. 57Бирок Кудайга шүкүр, Ал бизди Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу жеңишке ээ кылды!
58Ошентип, сүйүктүү боордошторум, олку-солку болбой, ишенимге бек тургула! Эгебизге күчүңөрдү аябай кызмат кылгыла: Ал үчүн жумшаган мээнетиңер текке кетпейт.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in