1 Корунттуктар 14
14
Бөтөн тилдерде сүйлөө жана пайгамбарчылык кылуу касиеттери
1Сүйүүгө умтулгула! Рухий касиеттерге, асыресе, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга дитиңерди койгула! 2Бөтөн тилдерде сүйлөгөн кишини эч ким түшүнбөй, ал адамдарга эмес, Кудайга сүйлөйт. Рухтун кудурети менен ал жашырын сырларды айтат. 3Ал эми пайгамбарчылык кылган киши болсо адамдарга сүйлөп, айткандары аларды бекемдеп, кайраттандырып, сооротот. 4Бөтөн тилдерде сүйлөгөн адам өзүн бекемдесе, пайгамбарчылык кылганы жыйынды бекемдейт.
5Мен баарыңардын эле бөтөн тилдерде сүйлөшүңөрдү каалар элем, бирок пайгамбарчылык кылганыңар андан да жакшы болмок. Себеби бөтөн тилдерде айтылган сөздү кимдир бирөө чечмелеп, ошол аркылуу жыйын бекемделбесе, анда бөтөн тилдерде сүйлөгөндөн көрө, пайгамбарчылык кылуунун пайдасы алда канча зор.
6Эми, боордоштор, силерге келгенимде, бөтөн тилдерде сүйлөп туруп, андан башка эч бир аян бөлүшпөсөм же түшүнүк бербесем, пайгамбарчылык кылбасам же эч нерсе окутпасам, анда силерге кандай пайда келтирмек элем? 7Чоор же комуз сыяктуу жансыз аспаптарды мисалга алып көрөлү. Эгерде алардан чыккан добуштарды ажыратыш мүмкүн болбосо, ойнолуп жаткан кайсы күү экенин ким биле алат? 8Же керней кандайдыр бир белгисиз үн чыгарса, аны уккан адам согушка аттанмак беле? 9Ошондой эле, оозуңардан түшүнүксүз сөздөр чыгып жатса, эмне деп жатканыңарды кантип билсе болот? Айтканыңар шамалдын «шуу» эткениндей эле болот. 10Ырас, дүйнөдө түркүн-түркүн добуштар бар, бирок алардын бири да маанисиз эмес.
11Ал эми тигил же бул доош мага түшүнүксүз болсо, анда ошол добушту чыгарган адам мен үчүн, мен болсо ал үчүн жат элдикпиз. 12Муну билип, силер да рухий касиеттерге ээ болууну эңсегениңерде, баарыдан мурда аларга ээ болуу аркылуу жыйынды бекемдөөгө умтулгула.
13Ким бөтөн тилдерде сүйлөсө, сыйынып, Кудайдан аны чечмелөөгө кудурет берүүсүн да сурансын. 14Анткени бөтөн тилдерде сыйынып жатканда, рухум сыйынганы менен, өзүмдүн эле акыл-эсим буга катышпай калат. 15Андай болсо, мен эмне кылмакмын? Рухум менен да, акыл-эсим менен да сыйынам, рухум менен да, акыл-эсим менен да ырдайм. 16Рухуң Кудайды алкыштап жатканда, чогулушка келип, бирок аныңды түшүнбөгөн кадыресе киши сенин эмне деп жатканыңды билбей туруп, кантип аныңа кошулуп «оомийин» дей алат? 17Алкыш айтып канчалык жакшы сыйынсаң да, аның жаныңдагыларга эч пайда келтирбейт. 18Бөтөн тилдерде баарыңардан көбүрөөк сүйлөгөнүм үчүн мен Кудайга ыраазы болсом дагы, 19жыйында турганымда, бөтөн тилдерде миңдеген сөз айткандан көрө, акыл-эсим менен башкаларга таалим берер беш сөз айтууну оң көрөм.
20Боордошторум! Акылы жетиле элек баланын ишин кылбасаңар! Жамандык дегенде наристе баладай, ал эми ой жүгүрткөндө, эр жеткен кишидей болгула. 21Ыйык Жазууда айтылгандай:
«Өз элиме башка тилде кайрылам,
Өзгө элдердин оозу менен сүйлөймүн, –
Дейт Жараткан Эге, – бирок сөзүмө
Ошондо да алар кулак салышпайт».#14:21 Ышая 28:11 – 12.
22Ошентип, бөтөн тилдерде сүйлөө – бул ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн, ал эми пайгамбарчылык кылуу болсо ишенбегендер үчүн эмес, ишенгендер үчүн берилген жышаан-белги.
23Эгерде бүтүндөй жыйын чогулганда, баары бөтөн тилдерде сүйлөй башташса, анан аны түшүнбөгөн кадыресе же ишенбеген кишилер кирип калып, «булар акылынан адашкан го» дешпейби? 24Ал эми ишенбеген же түшүнбөгөн бирөө бардыгы пайгамбарчылык кылып жатканда келип калса, бардыгынын сөзү анын күнөөлөрүн ашкерелеп, айыпка жыгат. 25Ошондо анын көмүскөдөгү сырлары ачыкка чыгып, ал үстөмөнүнөн жыгылат да, Кудайга таазим кылып: «чынында Кудай силердин араңарда экен» дейт.
Жыйындагы тартип
26Менин айтайын дегеним бул, боордоштор. Чогулганыңарда, бириңерде Кудайды даңазалоо ыры, башкаңарда таалим, дагы бириңерде Кудайдан алган аян сөз, дагы бириңерде бөтөн тилдер, ал эми дагы бириңерде алардын чечмелениши бар болот. Мунун баары жыйынды бекемдеп турууга тийиш. 27Бөтөн тилдерде сүйлөйм дегендер болсо, анда эки же, ашып кетсе, үч киши өзүнчө-өзүнчө сүйлөп, айтканын бирөө чечмелеп берсин. 28Ал эми чечмелеп бере турган киши жок болсо, анда мындай адам жыйындан үн чыгарбай, ичинен өзүнө жана Кудайга гана сүйлөсүн. 29Пайгамбарчылык кылгандардан да экөө же үчөө сүйлөп, калгандар алардын айткандарын ойлонушуп баамдашсын. 30Ал эми отургандардын дагы бири Кудайдан аян алса, анда биринчиси сөзүн токтотушу керек. 31Анткени баарыңар тең кезектешип пайгамбарчылык кылсаңар болот. Ошондо бардыгыңар үйрөнүп, бардыгыңар андан кайрат ала аласыңар. 32Пайгамбар киши өз касиетин кандайча колдонорун өзү чече алат, 33себеби Кудай арабызда баш аламандыктын эмес, ынтымак-ырашкерликтин орун алышын каалайт.
Ыйыктар чогулган бардык жыйындарга окшоп, 34силерде да аял кишилер унчукпашы керек, аларга сүйлөөгө уруксат берилбейт. Аялдын милдети баш ийүү экендиги Ыйык Жазууда да айтылган. 35Ал эми бир нерсе үйрөнгүсү келип турса, анда үйдөн күйөөлөрүнөн сурап алышсын, себеби аялдын жыйында сүйлөгөнү уят.
36Же айткандарым силерге кызык угулабы? Деги айткылачы, Кудайдын Сөзү адегенде Корунттан жар салына баштады беле? Же аны силерден башка эч ким уккан жок дейсиңерби? 37Ким өзүн пайгамбармын же рухий касиети бар адаммын десе, анда ал жазып жаткандарым Эгебиздин буйругу экенинен эч шектенбеши керек. 38Ким муну этибарына албаса, андайдын өзүн да этибарга албагыла. Мындан шектенгендердин өздөрүнө да ишенбегиле.
39Ошентип, боордошторум, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга тырышкыла, бирок бөтөн тилдерде сүйлөгөндөргө да тыюу салбагыла. 40Болгону, эмне кылсаңар да, адеп менен тартипти сактап жүргүлө.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 14: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: