1 Корунттуктар 11
11
1Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла.
Табынганда баш кийим кийүү же кийбөө туурасында
2Силердин бардык учурда мени эстеп, берген таалимдеримди бузбай сактап келе жатканыңар мактоого татыйт. 3Эми болсо силерди түшүнсүн дегеним, ар бир эркектин башчысы – Машаяк, аялдын башчысы – анын күйөөсү, ал эми Машаяктын башчысы – Кудай. 4Ошондуктан эркек киши сыйынганда же пайгамбарчылык кылганда, баш кийимчен болсо, өз башчысын сыйлабаганы. 5Анын сыңары, аял киши сыйынганда же пайгамбарчылык кылганда, башына эч нерсе салынбаса, бул да анын өз башчысын сыйлабаганы, анткени баш кийимсиз аялдын чачы кырылган аялдан эч айырмасы жок. 6Аял башын жапкысы келбесе, анда биротоло чачын деле кырдырып салбайбы. Ал эми аял үчүн чачын кыркып же кырдырып жүргөн уят болсо, анда башын жаап да жүрсүн. 7Эркек үчүн башын жабуунун эч кажети жок, себеби ал өзүндө Кудайдын бейнеси менен атак-даңкын алып жүрөт. Аял болсо күйөөсүнүн атагын чыгарат. 8Анткени эркек аялдан алынып жаратылбастан, тексерисинче, аял эркектен алынып жаратылган.#11:8 Башт. 2:18 – 23. 9Ошондой эле эркек киши аял үчүн эмес, аял киши эркек үчүн жаратылган болчу. 10Андыктан периштелер бар экенин эске алып, аялдын башында өз күйөөсүнүн бийлиги алдында экенин билдирген белгиси болушу керек. 11Бирок кантсе да, Эгебиз менен болгон жашообузда эркектер да аялдарга, аялдар да эркектерге көз каранды болот. 12Анткени аял эркектен алынып жаратылган сыяктуу, эркек да жарык дүйнөгө аялдан төрөлүп келет. Бардыгы болсо – Кудайдан.
13Өзүңөр эле акылга салып көрсөңөр: аялдын Кудайга жылаңбаш сыйынганы сыпайкерчиликке жатабы? 14Жаратылыштын өзүнөн эле көрүнүп тургандай, эркек кишинин чач өстүргөнү уят, 15ал эми аялдын узун чачы анын көркүн ачат, себеби узун чач аялга жабуу катары берилген. 16Кимде-ким бул тууралуу талашкысы келсе, ага айтарым бул: биздин да, Кудай жыйындарынын да мындан башкача салты жок.
Эгебиз осуят кылган кечки тамак
17Эми, төмөнкү көрсөтмөлөрдү берип жатып, силерди мактамак турсун, чогулуштарыңардын пайдадан көрө зыяны көбүрөөк болуп жатканын айтпай коё албайм. 18Барыдан мурда, мен силердин жыйын катары бир жерге чогулганда, ич ара бөлүнмөй адатыңар бар экенин угуп, буга бир аз болсо да ишенем. 19Ырас, кимиңер туура жол менен баратканыңар ачык көрүнсүн үчүн араңарда анча-мынча пикир келишпестиктер да болууга тийиш. 20Бирок силер чогулушуңарга Эгебиздин кечки тамагына катышканы эмес, кандайдыр бир башка максатыңар бар болгонсуп келет экенсиңер. 21Анткени ар бириңер өзүңөр алып келген тамакты жегенге ашыгып, натыйжада бириңер ачка калсаңар, бириңер шарапка мас болосуңар. 22Жөн эле ичип-жейли десеңер, ал үчүн өз үй-жайыңар жокпу? Же чогулган максатыңар Кудай жыйынын тебелеп-тепсеп, колунда жокторду кемсинтүү беле? Эми силерге эмне дейин?! Же силерди макташым керекпи? Албетте, жок!
23Эгебиздин Өз оозунан угуп, силерге жеткиргеним бул: Ага чыккынчылык кылынар түнү Эгебиз Ыйса колуна нан алып, 24Кудайга алкыш айтты да, нанды сындырып, мындай деди: «Бул – силер үчүн берилип жаткан Менин денем. Мени эскерип, мындай кылып жүргүлө».#11:24 Марк 14:22; Лука 22:19; Матай 26:26. 25Ошондой эле кечки тамактан кийин колуна чөйчөктү алып, мындай деди: «Бул чөйчөк – Менин каным төгүлүп түзүлгөн Жаңы келишим. Андан ичкен сайын, муну Мени эскерип кылгыла».
26Муну мындай түшүнсө болот: Эгебиз кайтып келгичекти, бул нандан жеп, бул чөйчөктөн ичкен сайын, силер ошону менен Эгебиздин өлгөнүн жар салып турасыңар. 27Андыктан кимде-ким татыксыз жол менен ушул нандан жеп, ушул чөйчөктөн ичсе, ал Эгебиздин денеси менен канына каршы күнөө кетирген болуп эсептелинет. 28Ошентип, ушул нандан жеп, ушул чөйчөктөн ичерден мурун ар бириңер эң алды өзүңөрдү сынап көргүлө. 29Себеби Эгебиз Өзү арабызда экенин түшүнбөй туруп, бул нандан жеп, бул чөйчөктөн ичкен киши ошентип ичкен-жегени менен өзүн айыптуу кылат. 30Мына ошон үчүн көбүңөр алдан тайып, дартка чалдыгып жатасыңар. Кээ бириңер кайтыш да болуп кеттиңер. 31Өзүбүздү өзүбүз сынап жүрсөк, анда Кудайдан минтип жазаланмак эмеспиз. 32Ушул дүйнө менен бирге соттолбошубуз үчүн Кудай бизди азыртан айыптап, жазалап турат.
33Ошондуктан, боордошторум, кечки тамакка чогулганыңарда, бири бириңерди күтүп жүргүлө. 34Ал эми кимдир бирөөңөрдүн курсагы ачып турса, үйүнөн тамак ичип алсын. Ошондо бирге чогулганыңарда, Кудайдан айыпталгандай иш кылбайсыңар. Калган нерселерди өзүм келгенде тартипке салып берем.
Currently Selected:
1 Корунттуктар 11: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018