1
Римдиктерге 8:28
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Биз болсо ким Кудайды сүйүп, Анын максатына ылайык чакырылган болсо, Кудай ал үчүн бардыгын жакшылыкка айландырарын билебиз.
Compare
Explore Римдиктерге 8:28
2
Римдиктерге 8:38-39
Себеби менин ынанганым: өлүмдүн же өмүрдүн, периштелердин же жиндердин, бул замандын же келечек замандын, кудурет-күчтөрдүн, жер үстүндөгүлөрдүн же жер астындагылардын, деги эле жаратылган нерселердин биринин дагы бизди Кудайдын Эгебиз Машаяк Ыйса аркылуу төгүлгөн сүйүүсүнөн ажыратууга кудурети жетпейт.
Explore Римдиктерге 8:38-39
3
Римдиктерге 8:26
Ошону менен бирге алсыраган бизди Рух да бекемдейт. Эмне жөнүндө сыйынарыбызды билбей, онтоп жатканыбызда, бул аркылуу Ал Өзү сөз менен айтуу мүмкүн болбогон эңсөөлөрүбүздү Кудайга жеткирип турат.
Explore Римдиктерге 8:26
4
Римдиктерге 8:31
Мунун баарын көрүп туруп, эмне дейбиз? Кудай биз тарапта болсо, анда ким бизге каршы чыкмак эле?
Explore Римдиктерге 8:31
5
Римдиктерге 8:1
Ошентип, эми Машаяк Ыйса менен биримдикте жашагандарга жазалоо өкүмү чыгарылбайт.
Explore Римдиктерге 8:1
6
Римдиктерге 8:6
Адамдык табиятын ойлоонун кесепети – өлүм; Рух каалаганын ойлоонун шарапаты – өмүр менен тынчтык.
Explore Римдиктерге 8:6
7
Римдиктерге 8:37
Бирок ошого карабастан, бизди сүйгөн Машаяктын аркасы менен биз мунун баарын жеңип чыгабыз!
Explore Римдиктерге 8:37
8
Римдиктерге 8:18
Келечекте бизге көрүнө турган Кудайдын улуулугуна салыштырганда, азыркы убактылуу азаптарыбыз эч нерсеге турбасына көзүм жетип турат.
Explore Римдиктерге 8:18
9
Римдиктерге 8:35
Андай болсо, бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алмак эле? Кыйынчылыкпы, азаппы, куугунтукпу, ачарчылыкпы, жардылыкпы, коркунучпу, кылычпы?
Explore Римдиктерге 8:35
10
Римдиктерге 8:27
Ал эми ички дүйнөбүздү көрүп турган Кудай Рухтун жеткирип жаткан ой-санаасын анык билет, себеби Рухтун ыйыктар үчүн өтүнгөнү Анын эркине дал келет.
Explore Римдиктерге 8:27
11
Римдиктерге 8:14
Кудай Рухунун жетегинде жашагандардын баары – Кудайдын балдары.
Explore Римдиктерге 8:14
12
Римдиктерге 8:5
Адамдык табиятынын жетегинде жашагандар ошол табиятынын эңсегенин, ал эми Рухтун жетегинде жашагандар Рух каалаганын ойлошот.
Explore Римдиктерге 8:5
13
Римдиктерге 8:32
Өз жалгыз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн курмандыкка берген Кудай калганын бизге бекер бербей коёбу?!
Explore Римдиктерге 8:32
14
Римдиктерге 8:16-17
Биздин рухубузга кошулуп, Кудайдын балдары болгонубузду күбөлөндүрүп жаткан – ошол Рух. Ал эми Кудайдын балдары болсок, анда Кудайдын мураскорлору да болдук. Биздин Машаяк менен энчибиз бир. Эгерде Анын атак-даңкын бөлүшкүбүз келсе, анда Анын тарткан азаптарына да ортоктош болушубуз керек.
Explore Римдиктерге 8:16-17
15
Римдиктерге 8:7
Ошентип, адамдык табиятын ойлогон адам Кудайга кас болот: ал Кудай мыйзамына багынбайт жана багына да албайт.
Explore Римдиктерге 8:7
16
Римдиктерге 8:19
Бүтүндөй жаратылыш Кудай Өз балдарын анык көрсөтө турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатат.
Explore Римдиктерге 8:19
17
Римдиктерге 8:22
Себеби, биз билгендей, бүтүндөй жаратылыш азыркыга дейре толготуп жаткансып, кыйналып онтоп жатат.
Explore Римдиктерге 8:22
Home
Bible
Plans
Videos