Анан Ыйса жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди. Эки балыкты да баарына бөлүп берди. Баары жеп, тоюшту. Анан нан менен балыктын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.