Анан гилаттыктар Иордандын кечүүсүн басып алып, эпрайымдардын жолун тосуп коюшту. Эпрайымдын аман калган качкындары келип: «Аркы өйүзгө өтүп кетейин» деп суранганда, гилаттыктар андан: «Сен эпрайым болуп жүрбөгүн» деп сурап жатты. Эгерде ал «Жок» деп жооп берсе, алар тигиге: «Кана, андай болсо «Шибболет» деп айтчы» деп буйруп жатышты. Анткени эпрайымдар «Шибболет» деген сөздү так айта алышчу эмес. Тили келбей «Сибболет» деп айтып алган адамды ошол эле кечүүдө өлтүрүп жатышты. Ошол күнү эпрайым уруусунан 42 000 киши курман болду.