Анания барды да, Жүйүттүн үйүнө кирип, Шабылдын башына колун коюп, мындай деди:
– Боордошум, Шабыл! Көзүң ачылып, Ыйык Рухту кабыл алышың үчүн жолуңан көрүнгөн Эгебиз Ыйса мени сага жиберди.
Ошол замат Шабылдын көзүн каптаган кабырчык сыяктуу нерсе жок болуп, ал кайрадан көрүп калды. Ал ордунан туруп, чөмүлдүрүү расмисинен өттү.