1
2 Петир 3:9
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Кээ бир адамдар «берген убадасын аткарууну Эгебиз кечиктирип жатат» деп ойлошот. Бирок андай эмес! Эгебиз эч кимдин ойрон болушун каалабай, баарыбызды тең ниеттерин өзгөртсө экен деп чыдамкайлык менен күтүүдө.
Compare
Explore 2 Петир 3:9
2
2 Петир 3:8
Кымбаттуу боордошторум, бир нерсени эч качан эстен чыгарбагыла: Эгебиздин көз карашы боюнча бир күн менен миң жылдын айырмасы жок; Ага бул экөө бирдей.
Explore 2 Петир 3:8
3
2 Петир 3:18
Эгебиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяктын ырайымына таянып, Аны таанып-билүүдө өсүп жетиле бергиле. Ал бүгүн да, түбөлүк да даңкталсын. Оомийин.
Explore 2 Петир 3:18
4
2 Петир 3:10
Эгебиздин кайра кайтар күнү болсо ууру сымал күтүлбөгөн жерден келет. Ошондо асман катуу шуулдап жок болот, асмандагы заттар отко оронуп, ойрондолот, жердегилердин баары жер менен кошо жексен болот.
Explore 2 Петир 3:10
5
2 Петир 3:11-12-11-12
Демек, баары ушундайча ойрондоло турган болсо, анда алоолонгон асман астын-үстүн болуп, андагы нерселер ысыктан ээрип жок боло турган Кудайдын күнүнүн тезирээк келишин самап күткөн силер канчалык ыйык, такыбаа жашашыңар керек?
Explore 2 Петир 3:11-12-11-12
Home
Bible
Plans
Videos