Ошентип, дыйканга себилер үрөнүн, жей турган нанын берген Кудай колуңарда барын көбөйтүп, адилдигиңердин үзүрүн арттырат. Ошондо бардык нерсеге бардар болуп, силер дайыма берешен боло аласыңар, ал эми биз аркылуу көрсөткөн берешендигиңерден улам көптөгөн адамдар Кудайга алкыш айтышат.