Бирок кантсе да, Кудайга шүкүр! Ал дайыма бизди Машаяктын жетеги менен жеңишке жеткирип, биз аркылуу Машаяк тууралуу кабарды аңкыган жыпар жыт сымал туш тарапка жайылтат. Ооба, биз – Машаяк Кудайга багыштап түтөткөн жыпар жыттуу заттын өзүбүз. Анын жыты куткарылуу жолундагыларга да, курут болуу жолундагыларга да тарап жатат.