Андыктан убагы келгиче, силер да эч кимге баа берүүгө ашыкпай, Эгебиздин кайтар күнүн күткүлө. Ал келгенде, мурда караңгыдан улам көрүнбөгөн нерселерди көрүнөө кылып, адамдардын жашырын ой-санааларын ачыкка чыгарат. Андан соң, ар ким Кудайдан алкышын алат.