1
Башталыш 22:14
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Анан ошол жерди «Жараткан Эге караштырат» деп атады. Ошол себептен азыр да «Жараткан Эгенин тоосунда караштырылат» деп айтылат.
Paghambingin
I-explore Башталыш 22:14
2
Башталыш 22:2
Кудай: – Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мория жерине бар. Ошол жерде, Мен сага айта турган тоолордун биринде аны бүт өрттөлчү курмандыкка чал, – деди.
I-explore Башталыш 22:2
3
Башталыш 22:12
– Балага тийбе, ага эч нерсе кылба! – деди периште. – Сенин Кудайдан коркоруңду билдим. Себеби сен Менден жалгыз уулуңду да аябадың.
I-explore Башталыш 22:12
4
Башталыш 22:8
– Курмандыкка чалчу козуну Кудай Өзү караштырат, уулум, – деди Ыбрайым. Ошентип, экөө андан ары чогуу жолун улашты.
I-explore Башталыш 22:8
5
Башталыш 22:17-18
ошондуктан Мен сени жалгагандан жалгаймын. Тукумуңду асмандагы жылдыздай, деңиз жээгиндеги кум сыяктуу көбөйткөндөн көбөйтөмүн. Тукумуң душмандарынын шаарларын ээлейт. Мени укканың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер батамды алышат».
I-explore Башталыш 22:17-18
6
Башталыш 22:1
Бир канча убакыттан кийин Кудай Ыбрайымды сынады. – Ыбрайым! – деди Ал. – Угуп жатам! – деп жооп берди Ыбрайым.
I-explore Башталыш 22:1
7
Башталыш 22:11
– Ыбрайым, Ыбрайым! – деди Жараткан Эгенин периштеси асмандан. – Угуп жатам, – деп жооп берди Ыбрайым.
I-explore Башталыш 22:11
8
Башталыш 22:15-16
Жараткан Эгенин периштеси көктөн Ыбрайымга экинчи ирет үн катты: «Мен сага Өз атым менен ант берем», – дейт Жараткан Эге. – «Бул ишти жасап, жалгыз уулуңду да аябадың
I-explore Башталыш 22:15-16
9
Башталыш 22:9
Алар Кудай айткан жерге келишкенде, Ыбрайым курмандык жай куруп, үстүнө отунду койду. Анан баласын байлап, курмандык жайга коюлган отундун үстүнө жаткырды.
I-explore Башталыш 22:9
Home
Biblia
Mga Gabay
Mga Palabas