Ыйса ага:
– Бардык осуяттардын эң биринчиси: «Ук, Ысрайыл, Эгебиз, биздин Кудайыбыз – жалгыз Эге. Ошондуктан Аны чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен, бар күч-кубатың менен сүй!» Экинчиси бул: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй!» Ушул экөөнөн чоң осуят жок, – деп жооп берди.