1
Матай 16:24
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Анан шакирттерине мындай деди: – Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн!
Linganisha
Chunguza Матай 16:24
2
Матай 16:18
Мен да сага айтам: сен Петирсиң, ушул аска таштын үстүнө Мен Өзүмдүн Жыйынымды курамын, аны өлүм да жеңе албайт.
Chunguza Матай 16:18
3
Матай 16:19
Мен сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем, жер бетинде эмнеге тыюу салсаң, ал асманда да тыюу салынган болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат кылсаң, ал асманда да уруксат берилген нерсе болушу керек.
Chunguza Матай 16:19
4
Матай 16:25
Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот.
Chunguza Матай 16:25
5
Матай 16:26
Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат?
Chunguza Матай 16:26
6
Матай 16:15-16
А силерчи, – деди Ыйса аларга, – силер Мени ким деп эсептейсиңер? Ошондо Ысман-Петир: – Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң! – деп жооп берди.
Chunguza Матай 16:15-16
7
Матай 16:17
Ыйса айтты: – Сен бактылуу адамсың, Баржунус уулу Ысман, анткени муну сага кан менен денеден турган пенде эмес, асмандагы Атам ачып берди.
Chunguza Матай 16:17
Nyumbani
Biblia
Mipango
Video