1
Марк 10:45
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.
Linganisha
Chunguza Марк 10:45
2
Марк 10:27
Ыйса аларга карап: – Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан келет. Кудай баарын жасай алат, – деди.
Chunguza Марк 10:27
3
Марк 10:52
Бара бер, – деди Ыйса, – ишенимиң сени айыктырды. Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Анан ал жолго чыгып, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөдү.
Chunguza Марк 10:52
4
Марк 10:9
Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын, – деди.
Chunguza Марк 10:9
5
Марк 10:21
Ыйса ага карап туруп, мээрим менен: – Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, – деди.
Chunguza Марк 10:21
6
Марк 10:51
Ыйса: – Сага эмне кылышымды каалайсың? – деди. – Устатым, – деди сокур, – көзүм ачылса экен!
Chunguza Марк 10:51
7
Марк 10:43
Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердинкызматчыңар болсун.
Chunguza Марк 10:43
8
Марк 10:15
Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт.
Chunguza Марк 10:15
9
Марк 10:31
Азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болушат, ал эми азыр акыркылардан болуп жүргөндөрдүн көбү биринчи болушат.
Chunguza Марк 10:31
10
Марк 10:6-8
Бирок Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан. Ошондуктан эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялына кошулат. Ошентип экөө бир дене болуп калат! Ушундайча алар эми экөө эмес, бирөө.
Chunguza Марк 10:6-8
Nyumbani
Biblia
Mipango
Video