Матай 27
27
Ыйса Пилаттын алдында
1Таң атканда, жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын баары чогулуп, Ыйса өлүм жазасына тартылсын деген чечим чыгарышты. 2Ыйсаны байлап, алып барышты да римдик губернатор Пилаттын колуна тапшырышты.
Жүйүттүн өлүмү
3Ошондо Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Ыйсанын өлүм жазасына кесилгенин көрүп, оюн өзгөрттү да, жогорку динкызматчылар менен эл башчылары берген отуз күмүш теңгени кайра кайтарып берди.
– 4Бейкүнөө кишиге чыккынчылык кылып, күнөө кетириптирмин, – деди ал аларга.
Бирок алар:
– А биздин кандай тиешебиз бар? Өзүң бил, – деп жооп беришти.
5Жүйүт теңгелерди ийбадатканага ыргытып жиберип, сыртка чыгып, асылып өлдү. 6Жогорку динкызматчылар болсо теңгелерди терип алып:
– Бул теңгелерди ийбадаткананын казынасына салганга болбойт, анткени бул адам канынын куну, – дешти да, 7өз ара акылдашып туруп, башка улуттуктардын сөөгүн коюу үчүн «Карапачынын талаасы» деп аталган жерди сатып алышты. 8Ошондон улам ал талаа ушул күнгө чейин «Кандуу талаа» аталып калган. 9Жеремия пайгамбардын:
«Ысрайылдын эли ушул Адамга
Койгон бааны – отуз күмүш теңгени
Алар алып, 10Эгем мага айткандай,
Сатып алды „карапачы таалаасын“»,#27:9-10 Зак. 11:12-13; Жер. 32:6-9.
– деген сөзү аткарылды.
Пилаттын сурагы
11Ыйсаны болсо губернатордун алдына алып келишти. Губернатор:
– Иудейлердин падышасы сенсиңби? – деп сурады.
Ыйса:
– Өзүңүз айтып турасыз, – деди.
12Ал жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын койгон айыптарына эч нерсе деп жооп кайтарбады. 13Ошондо Пилат ага:
– Сага канча деген айыптар айтылып жатканын сен, эмне, укпай жатасыңбы? – деди.
14Бирок Ыйса алардын бир да сөзүнө жооп кайтарган жок, ошондуктан Пилат абдан таң калды.
Ыйсаны өлүмгө кыюу
15Куткарылуу майрамына карата губернатордун элге алар сураган бир кылмышкерди түрмөдөн бошотуп берүү адаты бар эле. 16Ошол кезде алардын Барабба деген абдан белгилүү бир адамы түрмөдө болчу. 17Ошондуктан алар чогулушканда, Пилат:
– Силерге кимди бошотуп беришимди каалайсыңар: Бараббаныбы же Машаяк аталган Ыйсаныбы? – деди.
18Анткени Пилат алардын Ыйсаны көрө албастыктан кармап бергенин билчү.
19Пилат сот орундугуна олтурганда, анын аялы бир кишини жиберип: «Жанагы адил кишиге тийбе, анткени таңга жуук көргөн түшүмдө ал үчүн көп азап чектим», – деп айттырды. 20Бирок жогорку динкызматчылар менен эл башчылары «Бараббаны чыгарып, Ыйсаны өлтүрүүнү сурангыла» деп чогулгандарды үгүттөп коюшкан эле.
21Губернатор чогулгандарга:
– Силерге экөөнүн кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар? – деп дагы кайрылды.
Чогулгандар:
– Бараббаны, – деп жооп беришти.
22Пилат:
– Анда Машаяк аталган Ыйсаны эмне кылайын? – деди.
Тигилер болсо баары бир ооздон:
– Айкаш жыгачка кадалсын! – дешти.
23Пилат аларга:
– Ал эмне жамандык кылды? – деди.
Бирок алар мурдагыдан да катуу ызы-чуу түшүп:
– Айкаш жыгачка кадалсын! – деп бакырышты.
24Пилат сөзүнөн эч кандай пайда чыкпасын жана ызы-чуунун күчөп баратканын көрүп, сууну алды да, чогулгандардын алдында колун жууп:
– Мен бул кишинин канына айыпкер эмесмин! Муну кылган силер өзүңөрсүңөр! – деди.
25Чогулгандардын баары:
– Мунун каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун! – деп чуулдашты.
26Ошондо Пилат Бараббаны бошотуп берди. Ыйсаны болсо сабатты да, айкаш жыгачка кадап салууга буйрук кылды.
Жоокерлердин Ыйсаны мазакташы
27Губернатордун жоокерлери Ыйсаны акимчиликке алып барышып, Анын алдына бүт полкту чогултушту. 28Ыйсаны чечинтишип, үстүнө кочкул кызыл чапан жабышты. 29Тикенектен таажы жасашып, башына кийгизишти да оң колуна таяк карматып коюшту. Анан алдына чөгөлөй калып: «Жашасын иудейлердин падышасы!» – деп келекелешти. 30Бетине жаба түкүрүп, колундагы таякты алып, башка ургулай башташты.
31Шылдыңдап бүтүшкөндө, үстүндөгү кочкул кызыл чапанды сыйрып алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадаганы алып жөнөштү.
Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы
32Жолдо киринеялык Ысманды жолуктурушуп, аны Ыйсанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбурлашты. 33Голгота (мунун мааниси: «Баш сөөк жайы») деген жерге келишкенде, 34алар Ыйсага өт кошулган шарапты беришти. Ыйса ооз тийип көрүп, ичкиси келбеди.
35Айкаш жыгачка кадагандар чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүшүп, 36ошол жерде Ыйсаны кайтарып олтурушту. 37Алар Ыйсанын башынын жогору жагына Анын айыбы жазылган тактаны бекитишти. Тактада «Бул – Ыйса, иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле.
38Ыйса менен кошо дагы эки каракчыны бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты.
39Өтүп бараткандар Ыйсаны кордоп, баштарын ийкегилешип:
– 40Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө кайра тургузуучу! Кудайдын Уулу болсоң, айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы! – деп жатышты.
41Жогорку динкызматчылар да аларга кошулуп, дин мугалимдери жана эл башчылары менен бирге:
– 42Башкаларды куткарыптыр, өзүн болсо куткара албай турат! Ысрайылдын падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшсүнчү, кана, биз ага ишенип калалы. 43Кудайга таянчу эле, кана, кааласа, аны бошотсунчу, анткени «мен Кудайдын Уулумун» дечү эмес беле! – дешти.
44Ыйса менен кошо кадалган каракчылар да Аны кордоп жатышты.
Ыйсанын өлүмү
45Түшкү саат он экилерден баштап, бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. 46Саат үчтөрдө Ыйса:
– Эли, эли! Лама сабахтани?#27:46 Заб. 21:2. – деп катуу үн менен боздоп жиберди.
Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым! Эмне үчүн Мени таштап кеттиң?»
47Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп:
– Бул Илиясты чакырып жатат, – дешти.
48Ошол замат алардын бири жүгүрүп барып, соргучту сирке сууга малды да, таяктын учуна сайып алып, Ыйсанын оозуна такады.#27:48 Заб. 68:22. 49Ал эми башкалары:
– Токточу, көрөлү, Илияс келип, аны куткарар бекен! – дешти.
50Ыйса болсо дагы бир жолу катуу кыйкырып, анан жан берди.
51Ошол замат ийбадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылды. Жер силкинип, таштар быркырады. 52Көрлөр ачылып, көптөгөн ыйыктар тирилди. 53Кийин, Ыйса тирилгенде, алар көрлөрүнөн чыгып, ыйык шаар Иерусалимге киришти да, көп адамдардын көзүнө көрүнүштү.
54Жердин силкингенин жана андан башка болуп жаткан окуяларды көрүп, үрөйлөрү учкан римдик жүз башы жана аны менен бирге Ыйсаны кайтарып тургандар:
– Бул чындыгында Кудайдын Уулу болгон экен! – дешти.
55Ошол жерде алыстан карап турган көптөгөн аялдар да бар эле. Булар Ыйсага кызмат кылып, Аны Галилеядан бери ээрчип келишкен болчу. 56Алардын арасында магдалалык Мариям, Жакып менен Жосенин энеси – Мариям жана Зебедейдин аялы бар эле.
Ыйсанын көргө коюлушу
57Кеч киргенде, ариматиялык Жусуп аттуу бир бай адам келди. Ал да Ыйсанын шакирти болчу. 58Ал Пилатка келип, Ыйсанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүгө буйрук берди. 59Жусуп сөөктү алып, таза кездемеге ороп, 60асканы оюп өзүнө арнап жасаган жаңы көргө жаткырды да, оозун чоң таш менен бекитип туруп, кетип калды. 61Магдалалык Мариям менен дагы башка Мариям болсо ошол жерде, көрдүн маңдайында отурушкан.
Көрдөгү күзөт
62Кийинки күнү, жуманын эртесинде жогорку динкызматчылар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулушуп, 63ага:
– Мырза, жанагы алдамчы көзү тирүүсүндө: «үч күндөн кийин тирилем» дегенин эстедик. 64Шакирттери келип, сөөгүн уурдап алып, элге: «Ал тирилди», деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан үчүнчү күнгө чейин көр жакшылап бекитилсин деп буйрук бериңиз. Эгер алар ушундай кылышса, анда алардын бул алдамчылыгы биринчисинен да жаман болот, – дешти.
65Пилат аларга:
– Сакчылар мына, алгыла да, эми билгениңердей кылып, кайтара бергиле! – деп жооп берди.
66Ошондо алар барып, көрдүн оозундагы чоң ташка мөөр басып, сакчыларга кайтартып коюшту.
Currently Selected:
Матай 27: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: