YouVersion Logo
Search Icon

Матай 26

26
Ыйсага каршы бүтүм
1Ыйса сөзүн аяктады да, шакирттерине карап:
2Эки күндөн кийин Куткарылуу майрамы болот, ошондо айкаш жыгачка кадаш үчүн Адам Уулу кармап берилет, – деди.
3Ошол кезде жогорку динкызматчылар жана эл башчылары Каяп деген башкы динкызматчынын короосуна чогулушту да, 4Ыйсаны куулук менен кармап, өлтүрөлү деп чечишти. 5Бирок алар:
– Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, – дешти.
Бейтанидеги Ыйсага көрсөтүлгөн урмат
6Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда, 7кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да башына идишиндеги майды куюп жиберди. 8Муну көргөн шакирттеринин кыжыры кайнап:
– Мындай ысырапчылыктын не кереги бар? 9Андан көрө, кымбат баага сатып туруп, акчасын жакырларга берсе болот эле го, – дешти.
10Ыйса алардын бул оюн билип:
– Эмнеге аны кыжалат кылып атасыңар? Ал Мага жакшы иш кылды. 11Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а Мен жаныңарда дайыма эле болбойм. 12Бул аял май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады. 13Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.
Жүйүттүн чыккынчылыгы
14Ошондо Жүйүт Искариот аттуу бир шакирти жогорку динкызматчыларга барып:
15Мен аны кармап берсем, эмне бересиңер? – деди.
Жогорку динкызматчылар отуз күмүш теңге санап беришти. 16Ошол убактан баштап, Жүйүт Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.
Куткарылуу майрамына арналган тамак
17Калама майрамынын биринчи күнү Ыйсага шакирттери келип:
– Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерде жегиң келет, каерге даярдайлы? – дешти.
18Ыйса аларга мындай деди:
– Шаарга барып, баланча деген кишини таап, ага: «Устатыбыз: „Менин убакыт-саатым жакындап калды, шакирттерим менен чогуу сеникинде Куткарылуу майрамын өткөрүп алалы“, – деди», деп айткыла.
19Шакирттери Ыйса буюргандай кылышты да, Куткарылуу майрамынын тамагын даярдашты. 20Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен бирге дасторкондун жанында жамбаштап жатты. 21Анан алар тамактанып жатканда мындай деди:
– Силерге бир чындыкты айтып жатам: араңардан бирөө Мени сатып кетет!
22Шакирттери бу сөзгө абдан капа болуп, биринин артынан бири:
– Эгем, мен эмеспи? – дей башташты.
23Ыйса:
– Табакка Мени менен бирге колун салган киши Мени сатып кетет. 24Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок, – деди.
25Ыйсага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да:
– Устат, мени айтып жаткан жоксуңбу? – деп сурады.
Ыйса:
– Муну сен өзүң айтып алдың, – деди.
Акыркы кечки тамак
26Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып:
– Алгыла, жегиле, бул Менин денем, – деди.
27Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп:
– Баарыңар мындан ичкиле, 28анткени бул көп адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным. 29Силерге айтып коёюн: мындан ары, Атамдын Падышачылыгында силер менен бирге жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, – деди.
30Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.
Ыйса Петирдин Аны тааныбайм дээрин алдын ала айтат
31Ошондо Ыйса аларга мындай деди:
– Баарыңар ушул түнү Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет!»#26:31 Закир 13:7. – деп айтылган. 32А бирок кайра тирилген соң, силерден мурда Галилеяга барам.
33Ошондо Петир Ыйсага:
– Сени баары таштап кетсе да, мен эч качан таштабайм! – деди.
34Ыйса ага:
– Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, – деди.
35Петир Ыйсага:
– Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, – деди.
Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.
Гетсеман багындагы сыйынуу
36Ушундан соң, Ыйса шакирттери менен бирге Гетсеман деген жерге келди. Анан шакирттерине:
– Мен тигиндей барып сыйынып келгенче, ушул жерде отура тургула, – деди.
37Анан Өзү менен кошо Петир менен Зебедейдин эки уулун алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады.
38Жаным өлгүдөй кыйналып турат, – деди Ал, – ушул жерде калып, уктабай Мени менен бирге тура тургулачы, – деди.
39Өзү бир аз ары барып, жүздөмөндөп жыгылды да:
– Атаке, эгер мүмкүн болсо ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун! – деп сыйынды.
40Анан шакирттерине келип, алардын уктап калганын көрдү да, Петирге:
– Бир саат Мени менен бирге уктабай тура алган жоксуңарбы? 41Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, – деди.
42Анан кайрадан обочолонуп, Кудайга сыйынды:
– Атаке, эгер бул азап Мага тиймейинче өтпөсө, анда Сенин каалаганыңдай болсун!
43Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле. 44Ыйса кайрадан алардан кетип, баягы эле сөздөрүн кайталап, үчүнчү ирет Кудайга сыйынды.
45Анан шакирттерине дагы келгенде, мындай деди:
– Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы. Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып бериле турган убакыт жакындап калды. 46Тургула эми, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.
Ыйсанын кармалышы
47Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири – Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар менен эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле. 48Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши – ошол. Ошону кармагыла», – деп белги берген болчу. 49Анан дароо Ыйсага басып келип:
– Салам, устат, – деди да, бетинен өптү.
50Ыйса болсо ага:
– Досум, мында эмне кылып жүрөсүң? – деди.
Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты. 51Ыйсанын жанында тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты. 52Ошондо Ыйса шылый чапканга:
– Канжарыңды кынына сал! Анткени кылыч алгандар кылычтан кырылышат. 53Же Мен азыр Атамдан сурансам, Ал Мага миңдеген периштелерди жибербейт деп ойлойсуңбу? 54Бирок анда кантип Ыйык Жазууда ушундай болуш керек деген сөз аткарылат? – деди.
55Анан дароо чогулгандарга карап:
– Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. Күн сайын ийбадаткананын короосунда таалим берип отурганымда Мени кармаган жок элеңер. 56Бирок эмне болсо да, пайгамбарлар жазмаларындагы сөздүн баары аткарылсын, – деди.
Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.
Жогорку кеңештин алдында
57Ыйсаны кармагандар Аны дин мугалимдери менен эл башчылары чогулуп турушкан Каяп деген башкы динкызматчынын алдына алып келишти. 58Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Анан короого кирип, аягы эмне менен бүтөр экен деп, көрүү үчүн сакчылардын арасына кирип олтурду.
59Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш Ыйсаны жазага тартуу үчүн Ага каршы жалган күбө издешти, 60бирок көптөгөн жалган күбөлөр келишсе да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди. Бирок кийинчерээк келген экөө:
61Бул киши: «Кудайдын ыйык ийбадатканасын бузуп, үч күндөн кийин кайра тургузуп коё алам» деген, – дешти.
62Ошондо башкы динкызматчы ордунан туруп Ыйсага:
– Булардын сага жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? – деди.
63Ыйса болсо унчуккан жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан:
– Тирүү Кудайдын алдында антыңды алайын, айтчы деги бизге, Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби? – деди.
64Ыйса башкы динкызматчыга:
– Өзүңүз айттыңыз. Бирок Мен силерге бир нерсени айтып коёюн: мындан ары Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр,#26:64 Забур 109:1; Дан. 7:13. – деп жооп берди.
65Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип:
– Бул Кудайга акарат келтирди! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Уктуңарбы, ал азыр Кудайга акарат келтирди! 66Буга эмне дейсиңер? – деди.
Тигилердин баары:
– Өлүм жазасына тартылышы керек! – деп чуулдашты.
67Анан Ыйсанын бетине түкүрүп, муштагылап, жаакка чаап:
68Эй, Машаяк, кана, ким урду, айтчы? – дешти.
Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы
69Петир болсо сыртта, короодо олтурган. Аңгыча ага бир малай кыз басып келип:
– Сен! Сен да галилеялык Ыйса менен бирге болгонсуң! – деди.
70Петир болсо бардыгынын алдында:
– Эмне деп жатканыңды түшүнбөйм, – деп ага макул болгон жок.
71Дарбаза тарапка баратканда, ал жактан дагы башка малай кыз көрүп калып:
– Мына, бул киши да назареттик Ыйса менен бирге жүргөн, – деди.
72Петир карганып:
– Мен ал кишини тааныбайм, – деп дагы макул болбоду.
73Бир аздан кийин ошол жерде турган адамдар Петирге келишип:
– Сен чындап эле тигилердин бири экенсиң, ошолордон экениңди тилиң да айтып турат, – деди.
74Ошондо Петир аларга:
– Кудай урсун, ал кишини тааныбайм, – деп карганып-шиленип кирди.
Ошол кезде короз кыйкырды. 75Ошондо Петир Ыйсанын: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың!» деген сөзүн эстеди да, сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

Currently Selected:

Матай 26: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in