YouVersion Logo
Search Icon

Матай 28

28
Ыйсанын тирилиши
1Дем алыштын эртеси, таң азанда магдалалык Мариям менен дагы башка Мариям көрдү көргөнү келишти. 2Аңгыча абдан катуу жер титирөө болду. Анткени Жараткан Эгенин периштеси асмандан түшүп, көрдүн оозундагы ташты жылдырып таштап, үстүнө отуруп алган болчу. 3Ал күн нурундай жаркырап, кийими кардай аппак эле. 4Сакчылар андан коркконунан калчылдап, өлүк кишилердей болуп, катып калышты.
5Периште болсо аялдарга минтип сүйлөдү:
– Силер коркпогула! Анткени айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем. 6Ал бул жерде жок, Өзү айткандай, тирилип кетти, келип, жаткан жайын карагыла! 7Анан тез барып, шакирттерине: «Ыйса өлүмдөн кайра тирилип кетиптир, силерден мурда Галилеяга барат, Аны ошол жактан көрөсүңөр» дегиле. Силерге айтарым ушул!
8Бир чети коркуп, бир чети аябай кубанган аялдар көрдөн шарт бурулуп, Ыйсанын шакирттерине кабарлаганы чуркап жөнөштү.
9Аңгыча алардын алдынан Ыйса жолугуп:
– Саламатсыңарбы, – деди.
Аялдар жакындап келип, бутунан кучактап, Анын алдына жүздөмөндөп жыгылышты.
10Ыйса аялдарга:
– Коркпогула, боордошторума барып айткыла, алар Галилея аймагына барышсын, Мени ошол жактан көрүшөт, – деди.
Сакчылардын сатылып кетиши
11Аялдар жолдо баратышканда, сакчылардын айрымдары шаарга барып, жогорку динкызматчыларга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришти. 12Жогорку динкызматчылар эл башчылары менен жыйын өткөрүшүп, чечим кабыл алышты. Анан жоокерлерге көп акча берип:
13«Түндө, биз уктап калганыбызда, шакирттери келип, аны уурдап кетишти» дегиле. 14Эгер муну губернатор угуп калса, анда анын көңүлүн биз жайгарабыз, силер болсо кам санабагыла, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, – дешти.
15Сакчылар болсо акчаны алып, тигилер айткандай кылышты. Ал эми бул жалган сөз иудейлердин арасында ушул күнгө чейин кеңири тарап, айтылып жүрөт.
Ыйса шакирттерине көрүндү!
16Он бир шакирт болсо Ыйса «баргыла» деп буюрган Галилеядагы тоого келишти. 17Ал жерден Ыйсаны көрүшүп, Анын алдына жүздөмөндөп жыгылышты. Алардын кээ бири мунун чындык экенине ишене албай турушту. 18Ыйса шакирттерине жакын келип, мындай деди:
– Көктөгү да, жердеги да бийликтин баары Менин колума берилди. 19-20Ошондуктан барып, бардык элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, Менин силерге буйругандарымдын баарын сактоого үйрөтүп, Мага шакирт кылгыла! Мына, Мен акыр заманга чейин, бардык убактарда, силер менен бирге болом.

Currently Selected:

Матай 28: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in