Матай 25
25
Он кыз тууралуу ибарат
1Асман Падышачылыгы орноордо абал төмөнкү аңгемедегидей болот: он кыз чырактарын көтөрүп, күйөө жигитти утурлап чыгышат. 2Алардын бешөөсү акылсыз, бешөөсү акылдуу болушат. 3Акылсыздары чырактарын көтөрүп чыгышат, бирок май куюлган идиштерди өздөрү менен кошо алышпайт. 4Акылдуулары болсо чырактары менен кошуп, идиштерине май да куюп алышат. 5Күйөө кечигип жаткандыктан баарынын көзү илинип, уктап кетишет. 6Түн ортосунда: «Күйөө келатат! Тосуп чыккыла!» деген кыйкырык угулат. 7Ошондо баягы кыздардын баары ордунан турушат да чырактарын оңдошот. 8Акылсыздары болсо акылдууларга: «Майыңардан берип тургулачы, чырактарыбыз өчүп баратат!» – дешет. 9Бирок акылдуулары: «Май силерге да, бизге да жетпей калбасын үчүн, май саткандарга барып сатып алгыла», – деп жооп беришет. 10Тигилер май сатып алганы кетишкенде, күйөө келип, даяр тургандар аны менен бирге тойго киришет да эшик жабылат. 11Кийинчерээк берки кыздар да келип: «Таксыр, таксыр, эшикти ачып коюңузчу», – деп суранышат. 12Күйөө болсо: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мен силерди тааныбайм», – деп жооп берет. 13Ошондуктан сак болгула, анткени күндү да, саатты да силер билбейсиңер.
Үч кул тууралуу ибарат
14Бир бай киши алыска кетип баратып, кулдарын чакырып, үй-мүлкүн аларга табыштайт. 15Бир кулуна ат башындай күмүштөн бешти, экинчисине экини, дагы бирине бирди, ар бирине алардын алы жетишинче берет да жолго чыгат. 16Ат башындай беш күмүш алганы ошол замат аны ишке жумшап, дагы ат башындай беш күмүш киреше табат. 17Эки күмүш алганы да ошентип дагы эки күмүш кошуп алат. 18Бир күмүш алганы болсо барат да, кожоюнунун күмүшүн жерге көмүп салат. 19Көп убакыт өткөн соң, баягы кулдардын кожоюну келет да, алар менен эсептеше баштайт. 20Беш күмүш алганы дагы бешин алып келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн бешти бердиңиз эле, мына, дагы беш күмүш пайда түшүрдүм», – дейт. 21Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичинеге ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», – дейт. 22Эки күмүш алганы келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн экини бердиңиз эле, мына, дагы эки күмүш пайда түшүрдүм», – дейт. 23Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», – дейт. 24Ал эми бир күмүш алганы болсо келип: «Таксыр, мен сиздин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип алган катаал адам экениңизди билем. 25Ошондуктан сизден коркуп, тышка алып чыгып, күмүшүңүздү жерге катып койгон элем. Мына күмүшүңүз алыңыз», – дейт. 26Ошондо кожоюну: «Эй, ыймансыз жалкоо кул! Менин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип аларымды билчү белең? 27Анда эмне үчүн күмүшүмдү акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде кирешеси менен албайт белем. 28Мындан бир күмүштү алгыла да, он күмүшү барга бергиле. 29Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет да баары мол болот, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат. 30Ал эми мына бул жарабаган кулду сырттагы караңгы туңгуюкка ыргытып жибергиле. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратышат», – дейт.
Акыр заманда болуучу сот
31Адам Уулу бардык периштелердин коштоосунда улуу шаң-салтанат менен келгенде, Ал Өзүнүн падышалык тактысына олтурат. 32Анын алдына бардык улуттардан адамдарды чогултушат. Ошондо койлордон эчкилерди бөлгөн койчу сыяктуу, Ал элдерди бири биринен бөлөт. 33Койлорду оң жагына, эчкилерди болсо сол жагына жайгаштырат. 34Анан Падыша оң жагындагыларга айтат: «Менин Атамдын батасын алгандар, келгиле, дүйнө жаратыла электе эле силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла! 35Анткени Мен ачка болгонумда, силер тамак бергенсиңер, суусаганымда, суусунумду кандыргансыңар, сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл алгансыңар, 36жылаңач калганымда, кийиндиргенсиңер, ооруп жатканымда, алымды сураганы келгенсиңер, түрмөдө олтурганымда, көргөнү келгенсиңер». 37Ошондо адил адамдар: «Падыша, качан биз сиздин ачка жүргөнүңүздү көрүп, тойгуздук эле? Суусаганыңызды көрүп, суусунуңузду кандырдык эле? 38Качан сапарда жүргөнүңүздө үйүбүзгө кабыл алдык эле да жылаңач калганыңызда кийиндирдик эле? 39Качан ооруганыңызды же түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге бардык эле?» – деп сурашат. 40Ошондо Падыша мындай жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин эң карапайым боордошторумдун бирине кылган жакшылыгыңар, Мага кылганыңар».
41Ошондо Падыша сол жагындагыларга айтат: «Менин жанымдан кеткиле, ибилис менен анын периштелерине даярдалган түбөлүк отко түшкүлө, каргыш ургандар! 42Анткени ачка калганымда, силер тамак бербедиңер, суусаганымда суусунумду кандырбадыңар, 43сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл албадыңар, жылаңач калганымда, кийим бербедиңер, ооруп жатканымда, түрмөдө олтурганымда көргөнү келбедиңер». 44Ошондо булар да: «Падыша, качан биз сиздин ачка калганыңызды, суусаганыңызды, сапарда жүргөнүңүздү, жылаңач калганыңызды, ооруп жатканыңызды, түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге кызмат кылбай койдук эле?» – дешет. 45Ошондо аларга да Падыша мындай деп жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул эң карапайым адамдардын бирине кылбаганыңар – Мага кылбаганыңар». 46Ошондо булар түбөлүк азапка, ал эми адилеттүүлөр болсо түбөлүк өмүргө кетишет.
Currently Selected:
Матай 25: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: